НООРУЗ БИЗГЕ КАНДАЙ ЖЫЛДЫ АЛЫП КЕЛЕТ?

21-мартта жазгы күн-түн теңелүү болот. Ошондон улам 21-март жаздын биринчи күнү катары эсептелет. Жаратылыштын мына ушул мезгилин күтүшкөн ата-бабаларыбыз жыл эсебинин башталышын улуу майрам катары белгилешкен. "Нооруз" деген сөздү перс тилинен кыргызчага которгондо "жаңы күн" деген маанини билдирет.

Майрамдын тарыхы

Күн менен түндүн теңелгенин билдирген бул майрамды белгилөө салтанаты 3 миң жыл мурда Түштүк Түркмөнстандын дыйкандары тарабынан башталган. Бара-бара бул майрамды белгилөө коңшу мамлекеттерге таралып, анын ичинде Кыргызстанга да келип жеткен. Бирок, Совет бийлиги 1926-жылы бул майрамды бир канча жылга жоюп, аны салтанаттуу түрдө белгилөөгө кайрадан 1988-жылы гана уруксат берген. Ошого карабастан Орто Азия мамлекеттери аталган майрамга мамлекеттик статус берип, жыл сайын майрамдоого эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

Майрамга даярдык

Байыркы ырым-жырымдарга ылайык Нооруз күнү келгенче адамдар карыздарынан кутулуп, үйдүн ичи-тышын тазалоого аракет кылышкан. Майрамдык дасторконго Орто Азия эли буудай, арпа, жүгөрү, нокот, күрүч жана төө буурчактын унунан жасалган нандарды коюп, өндүрүлгөн жети түрдүү өсүмдүк кошулган сү­мөлөктү тартуулашкан. Сүмө­лөктүн мааниси адамдар да ошол дан өс­үмдүктөрү сымал көк­төнүп, өсүп-өнсүн дегендикте жатат.
Нооруз күнү кыргыздар арчаны күйгүзүп, үй ичин жана короо-жайды аласташкан. Айыл жергесиндеги адамдар кыз куумай, алты бакан, улак тартыш сыяктуу ар түрдүү улуттук оюндарды ойношуп, кумарларын жазышкан.

Ишеним

Жакынкы Чыгыш жана Орто Азия элдери Нооруздун жуманын кайсы күнү келгенине карап, атайын түзүлгөн жылнаамалар аркылуу жылдын кандай болушун билип келишкен. Мисалы, 14-15- кылымдарда Түркмөнстанда түзүлгөн жылнаамадан төмөндөгүдөй маалыматтар берилген:

1. Нооруз жекшемби күнү келсе...
Жекшемби Күн планетасынын бийлигинде болот. Жылнаама боюнча бул жыл арзанчылык болбогону менен токчулук өкүм сүрөт. Ушак сөз менен жаманчылык аз болот. Аталган жыл башында баары арзан болуп, аягында кымбаттап кетет.

2. Нооруз дүйшөмбү күнү келсе...
Дүйшөмбү Айга таандык. Бул жылы дан көп болсо да, арзанчылык болбойт. Падышычалыктын кудурети кетет. Өсүмдүктөн пахтанын түшүмү көп болот. Пейили тарып, өз ара араздашкан элге кырсык келет. Күнжүт менен таруу мол, буудай, жер-жемиштер аз болот. Жаз аягында кар жаап, бир аз үшүк жүрүшү мүмкүн. Соодагерлердин кирешеси көп болот.

3. Нооруз шейшемби күнү келсе...
Шейшемби Марска таандык. Бул жылы дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болгону менен арзанчылык өкүм сүрбөйт. Адамдарды тар пейил аралайт. Кан түгүлүп, элден ырайымдуулук качат. Падыша шейит кетет. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы чыгым тартат.

4. Нооруз шаршемби күнү келсе...
Шаршемби Меркурийге таандык. Аталган жылда бардык нерсе тартыш болот. Ачарчылык келип чыгып, анын айынан кан төгүлүшү мүмкүн. Бирок, тез өтүп кетет. Жашылча-жемиштер көп болуп, жыл аяктаганда буудай, арпа кымбаттайт. Ушак-айың, көрө албастык көп болот. Жылан, чаяндар да көбөйөт.

5. Нооруз бейшемби күнү келсе...
Бейшемби Юпитерге таандык. Ай, күн тутулуп, жемиш мол болот. Оору көп болуп, бирок, акыры жакшылык менен аяктайт. Андыктан, азык-түлүктү, данды мол камдоо зарыл.

6. Нооруз жума күнү келсе...
Жума Венерага таандык. Бул жылы падышалардын абалы кыйындайт. Балдар тапан чыгып, эр азамат аталат. Жамгыр көп жаап, катуу суук түшөт. Бул жылы дүйнөдө жер-жемиш мол болуп, арзанчылык келет. Эгин кеч бышканы менен түшүм көп болот да, өлүм-житим аз болот. Соодагерлердин кирешеси көп болбойт.

7. Нооруз ишемби күнү келсе...
Ишемби Сатурнга таандык. Андыктан, ушак сөз менен шек саноо көп болот. Жаз айлары бороон-чапкындуу болуп, дегеле, кан көп агат. Зулумдар, наадандар жана уурулар бийлик башына келиши ыктымал.

Даярдаган Улан МАМБЕТОВ
P.S. Айрым маалыматтар К. Кыдыралиевдин
"Улуттук нуктагы педагогикалык
таалим-тарбиянын булактары"
аттуу китебинен алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан