Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама кошуундун мүчөлөрү эл аралык мелдешке катышат. «Chinа Open» аталышындагы эл аралык мелдеш 22-июндан 23-июнга чейин Кытайдын Тайюань шаарында өтмөкчү. Бул мелдешке бир канча убакыттан бери ири мелдешке катышпай келген Айсулуу Тыныбекова күч сынашат. Мындан тышкары аталган мелдеште Кыргызстандын атынан Мээрим Жуманазарова жана Назира Марсбек кызы катышат.