ЭМНЕ ҮЧҮН ЕВРЕЙЛЕР АКЫЛДУУ?

Кимдир бирөөнүн тапкычтыгына “еврейдей акылдуу го” деп баа бергендигин угуп калабыз. Бул сөздү эмнеге айтышат? Еврейлер өздөрү буга “а идише коп” (“еврей акылы” деген маани) деп жооп берип коюшат. Чындыгында дүйнө элдеринен өзгөчө билимдүүлүгү менен айырмаланган еврей улуту эмне үчүн акылдуу?

ИНТЕЛЛЕКТ, МИЛЛИАРД, "НОБЕЛЬ"...

Альберт Эйнштейн, Нильс Бор, Зигмунд Фрейд, Карл Маркс, Марк Цукерберг, Сергей Брин... Булар бир чети гана. Еврей улутунан чыккан чыгаан инсандарды санап отурса бир канча китеп чыкчудай. Мындан тышкары учурдагы дүйнө жүзүндөгү миллиардер жана миллионерлердин көпчүлүгүнүн түпкү теги еврей улутунан болуп чыгат. Алсак, АКШдагы жалпы миллионерлердин 20 пайызын, ал эми Орусия миллиардерлеринин төрттөн бир бөлүгүн еврей улутунун өкүлдөрү түзүшөт. Еврейлер үчүн акча биринчи орунда эместигин алардын илим, медицина, искусство жана башка тармактагы ийгиликтери айгинелейт. Мисалы, эң көп “Нобель” сыйлыгын алгандар – еврей улутунан чыккан инсандар. 100 жылдан ашык тарыхы бар сыйлыкты уткандардын 20 пайызынан көбү дал ушул улуттан болуп чыгат. Ошондой эле дүйнөнү багындырган шахматчылардын көбү еврейлер.

Интеллект коэффициентин (IQ) салыштырсак, еврейлердин орточо көрсөткүчү 115 болуп саналат. Бул башка улуттардын көрсөткүчтөрүнөн орточо эсеп менен алганда 10-15 баллга көп. Мындай көрсөткүчкө башка улуттар таң калышып "эмне үчүн еврей улуту акылдуу?" деген суроого жооп издөө менен алек.

ЕВРОПАДАГЫ ЕВРЕЙЛЕР

Еврей улуту дүйнө жүзүндөгү байыркы элдердин катарына кирет. Алар тууралуу биздин заманга чейин 2 миң жыл мурунку тарыхта айтылат. Европага тараган еврейлерди ашкенази деп аташат, акылы менен айырмалангандар дал ушулар. Орто кылымдарда еврей эли Европада чачыранды болуп тарап катуу запкы чегишкен. Ошол кездеги мыйзамдар аталган улут үчүн катаал эле – курал-жарак кармоого тыюу салынган, жер тилкелерине ээ болууга мүмкүнчүлүк берилген эмес, ал тургай ар кыл кесиптин ээси болууга болбойт эле. Алар үчүн соода-сатык жана акча менен иштөө гана калган. Бул үчүн диндин таасири тийген. Христиан жана мусулмандар бири-бири менен иш жүргүзүшкөн эмес, ал эми еврейлер үчүн эки жак менен тең иштешүүгө мүмкүн эле. Жыйынтыгында еврейлер эки динди кармангандардын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде көпүрө болуп турушкан. Акчага үстөк кошуу, насыя жана башка каражат маселесиндеги мамилелер еврейлер тарабынан түптөлгөн. Эсеп-кысап маселесинде иштин чоо-жайын түшүнгөн еврейлер куугунтукка кабылышканы менен, алар куулган коомчулукта дароо экономикалык баш аламандык жаралган. Ошентип еврейлер кайра ордуларына келип калышчу.

Мындай замандарда акыл жана тапкычтык гана еврейлерди сактап калмак, андыктан бул жаатта алар башкалардан айырмаланып турушуна тарых да себепкер. Андыктан еврейлер арасында “канчалык акылың өссө, чөнтөктөгү шекел (израиль акча бирдиги) да өсөт” деген кеп бекеринен жаралган эмес.

АКЫЛДЫН БАШАТЫ – ТАРБИЯ

Бул суроого алардын балдарына берген тарбиясы жооп болуп жүрбөсүн? Мүмкүн. Себеби бул улутта балдарга тарбия берүү чоң мааниге ээ. Учурда кандай заман болбосун еврей ата-энелери жана устаттары Тоораттын негизинде тарбия беришет. «Менин баламда кемчилик жок жана болушу да мүмкүн эмес» – еврей ата-энелеринин башкы насааты ушундай. Алар башынан эле балага адам канчалык акылдуу, кандай жогорку даражаларга жете аларын түшүндүрүп беришет.

Еврей баланы уруу, урушуп-тилдөө деген тарбияда колдонулбайт. Көңүлдү түшүрө турган сөздөрдү чоң кишилери балдарына айтышпайт. “Мындай жаман нерсени ушундай жакшы бала кантип жасап койду?” деп тентек балага апасы акырын гана айтып коёт.

Акылдуу балдарды тарбиялоодогу дагы бир өзгөчөлүк – “еврей чоң апасынын принциби”. Бул үй-бүлөдө баланы ар тарабынан колдоо дегенди түшүндүрөт. Кичинекей еврей спорт менен машыкпасын, музыка ойноп баштабасын еврей үй-бүлөдө бул “гениалдуу, сонун, азамат” деген мактоолорго татып турат. Мындай мактоолор баланын өзүнө болгон ишенимин арттырат.

АКЫЛДЫН АЙЫНАН ООРУГА ЧАЛДЫГЫП...

Эң көп запкы жеп келген ашкенази еврейлери геноциддин түрүн көрүшсө дагы, баары бир өз ордуларын таба алышты. Бул алардын канында тапкычтыгы же кандай абал болбосун жыйынтык чыгара алышкандыгы. Ашкеназилер илгертеден акылы жактан айырмаланбагандарын башка улуттар менен үй-бүлө түзүүгө мажбур кылышкан. Андыктан бул улутта бир гана акылдуу жана мыктылар иргелип турган. 1922-жылдары Израилдеги еврейлердин саны 700 миңден гана ашса, учурда алардын саны 7 миллиондон ашат (3 миллиондон ашыгы ашкенази еврейлери). Израиль учурда жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн саны боюнча дүйнө жүзүндө 1-орунда. Америкадагы еврейлердин саны жалпы элдин 2,2 пайызын түзгөнү менен, мыкты делинген окуу жайлардагы окутуучулардын 30 пайызы еврейлер. Мындай мисалдарды айта берсе толтура.

Акылдын көп болушу кээде зыяндыгын да тийгизет. Ашкенази эли 10дон ашык генетикалык ооруга дуушар болушат. Ал оорулардын көпчүлүгү башка элде такыр кездешпей турган оорулар. Ал ооруларды изилдеген окумуштуулар кызыктуу тыянакка келишкен, оорулардын тийгизген таасири мээнин иштешин жакшыртууга өбөлгө түзгөн.

Тель-Авив шаарынын Бен-Гурион аэропортунда келип жаткандар үчүн “Сулуу болгула” деген жазуу жазылып турат. Еврейлерди түшүнгөндөр акылдуулардын баары эбак ушул жерде да деп билишет.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
Alin16
2018-06-27 16:09:31
АКСАНАТ!!! Эн туура жазгансын, мен сага 100% кошулам. Молодец просто!!!
+3
kaniulia
2018-06-27 16:10:19
Бул дуйно еврейлердики, ушуга башынар жетпесе толук
изденип билип алгыла, эмнеге экенин!
+6
admin_media
2018-06-27 16:30:34
Beks0207, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
+1
i1urp
2018-06-27 17:16:33
Негизи кыргыздын еврей менен иши деле жок. Муну арабтар бизге жамандап жатышат, башыбызга еврей жаман деген тушунукту таратып жатышат. Болбосо еврейлер кыргыздын нанын, жерин талашкан жерлери жок. Биз болгону арабтардын гана созун суйлоп отурабыз. Ошол себептен ислам дини кыргыздарды арабташтыруу максатында гана иштеп жатат.
+3
monster_high_98
2018-06-29 01:04:51
i1urp,++++Созунузго кошулам, ошондой болсо да эмнеле сайт баатырлар дурболон салып жатышат билбейм,
-1
talas0707
2018-06-27 17:22:52
Бул макала еврей жонундо эле жазылып турат ко. Динди не кошосунар. Бээ деп жазса тоо дейсинерда.
+1
admin_media
2018-06-27 18:08:09
koshoi_bolotbek,koshoi_bolotbek, asdef,Jumanazar.97,asdef,monster_high_98,Tyty1990,
Урматтуу колдонуучулар, темадан алыс кетпей, порталдын эрежелерин сактайлы!
+2
monster_high_98
2018-06-29 01:00:28
admin_media,макул++
0
admin_media
2018-06-28 14:42:52
tumann.,Erlan_95, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
0
kanatt
2018-06-28 23:23:35
Ар бир улутпу ар бир адамбы жакшы жагын издеп улгу алыш керекбиз.Бул жашоонун закону ушундай плюс минус болгондо жашоо журот.Баардык затта минусу бар,бизге плюсу керек.
+4
jany-jer
2018-06-29 00:43:12
kanatt, туура айтат бизге плюсу керек, динди туура түшүнбөгөндөр асылбай эле койсо болмок.
0
rahali
2018-06-29 14:41:25
Бизде тарбия башка окуп Ленин болот Белен деп мээ менен эмес кара куч менен иштегенге тарбиялашат.ошондуктан азыр копчулук кыргыздар таалаалап тирилик кылып журушот.
+4
rahali
2018-06-29 14:45:03
Биз да заманга карап жашоону означает озгортушубущ керек азыр биз эртен балдарыбыз мигрант болуп журбошу учун.канчалаган элдерибиз кыйын гор жерлерде жакындарынан алыста иштеп журушот.
+1
MUHLISA
2018-06-29 18:46:09
rahali,ушулардын эсебинен байып жатышпайбы еврейлер .Бут баарын схемалаштырып алышкан ,бири эле курс доллар евролор каалагандай калчанып бироолордун пайдасына которулуп тушуп турат.
0
rahali
2018-06-29 14:49:48
Бизде калыптанып калган тушунук бар кудай берип жатканда торой бер кудай ырыскысын берет дейбиз.а бирок Корто он балдар бактылуу балалыкты корбой ата энесинин мээримине зар болуп жартылуу курсагы тойбой жургондор да жок жмес
+4
rahali
2018-06-29 14:51:31
Жакшы жашоого аракет кылайлы умтулайлы талыкпай аракет крыла берсек созсуз жыйынтык болот.балдарыбыздын келечеги кён болсун бизда алдынкы олколордон бололу
+1
MUHLISA
2018-06-29 18:42:26
Ии еврейлерди жон эле адам аттуунун пириндей мактап жактап жибериптирсинер.Эмне алардын мээси же тузулушу башкача жаралып он эки манча торт буту бар бекен .Баары биздей эле жаралган болгону тынбай мээнеттенип окуп билим алышат а биз болсо жалкоо элбиз ким даяр кылып койсо зыянбы пайдабы карабай пайдалана беребиз .Булар Куранды Тооратты окуп ошондогу нерселерди пайдаланышат ,анда макалада жазылгандай Куранда насыя алуу берууну тыйган болсо булар ошол нерсени дунуйого жайып и ошо мн байып жатышат.
0
zhykyo
2019-01-18 21:03:30
Биякта бут эле еврей болуп кеткен го еврей экен деп ойлоп калсын деп
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан