«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)
(Башталышы өткөн сандарда)
– Бирок мен сени кечирдим! Анан... Жыл өткөн сайын сүйүп бара жаттым. Бул сезим үчүн өзүмдү канчалык жек көрдүм. Бирок болбоду. Жек көрүү сүйүүгө айланарын угуп жүрсөм да, ишенбегем. Мен сени сүйөм, Керем! Тагдырымды талкалаган, зордоп эне кылган адамды – сени сүйдүм. Эми мени таштап кеткени турасың. Суранам, таштаба! Мени жалгыз таштаба, анткени мен бактылуу болгонду жаңы үйрөнө баштадым. Мени жарым жолго таштаба.
Жамиля көз жашын төгүп ыйлап жатты. Керемдин колдору титиреп кеткендей болду. Уккан сыяктуу сезилди.
ххх
– Атам...- тизесинде уктап жаткан кызы ошентип сүйлөнгөндөй болду. Жамилянын көзү илинип кеткен экен. Палатага топтошуп калган доктурларды, ары-бери чуркаган медайымдарды көрдү. Селт эте түштү. Палатага жүгүрүп кирип барды. Керем тынч уктап жаткандай сезилди.
– Башыңыз соо болсун, мырзаны жоготтук!
– Жок, жок, мүмкүн эмес!
Калтыраган колдору менен күйөөсүнүн бети-башын сылап жиберди, муздак экен. Таптакыр ишенгиси келбеди.
– Ач көздөрүңдү! Мен сага бир маанилүү нерсени айтпай калдым. Мен сага сүйөрүмдү айтпай калдым. Сен мени минтип таштап кете албайсың. Кана, тур, көздөрүңдү ач. Суранам сенден, Керем! Жалбарам сага, тур. Мына мен сенин жаныңдамын, мен сенден эч качан кетпейм. Биздин алдыбызда канча бактылуу күндөрүбүз калды. Сага айта албаган сөздөрүм калды. Мени минтип жазалаба.
Керем үн катпады. Жүзү ыраазы болгондой, тирүүсүндө эч көрбөгөндөй мээримдүү тартып калган экен. Жамиля жулкулдатып жүзүнөн өпкүлөп, колунан тартып жатты...
Керемдин зыйнатына көптөр чогулду. Карыган энеси, кайраттуу көрүнгүсү келсе да алын жоготуп койгондой. Кара кийимчен аялдардын арасында Жамиля да турду. Ал бардык ыйы түгөнүп калгандай жөн гана алсыз сустаят. Көзүнөн жаштары төгүлгөн Эмре менен Айла... Куран окулду. Табыт жерге түшүрүлгөндө Жамиля бар күчү менен бакырып алды.
– А-аа-аа!
Жаралуу жырткычтай бакырган аялдын үнү уккан кишинин аза боюн дүркүрөтүп жиберди.
ххх
– Сиз Керем мырзанын түздөн-түз мураскерисиз. Андыктан эми компания сиздин колуңузда.
– Бул иште мен эмнени билмек элем?- деди Жамиля аргасыз.
– Керем мырза сизге ишенген. Сиздин күчүңүзгө, акылыңызга ишенип башка эч бир адам мураскер болушун каалаган эмес. Уулуңуз чоңойгончо сиз башында турууга милдеттүүсүз. Мен сизге жардам берем. Бардыгын түшүндүрүп турам.
– Мага бул мурастын да, компаниянын да кереги жок.
Адвокат башын чайкап туруп калды. Колундагы папканы таштап чыгып кетти. Жамиля аргасыз аны колуна алды. Эсеп-кысаптар, келишимдер... Эч нерсени түшүнгөн жок. Арасында Керемдин колу менен жазылган баракка көзү түштү. Анда кол менен өзүнүн сүрөтү тартылган экен. Жөн эле ойноп отуруп калем сап менен тартып койгондой. Алдына “Сен бул ишти кыла аласың!” деп жазып койгон экен. Жамиля ак баракты көкүрөгүнө кысты. “Мен сенин ишиңди таштабайм. Колумдан келерин билбейм, бирок мен сенин ишеничиңди актайм. Балким, экөөбүз ушинтип эсептешербиз, Керем мырза. Балким, сен мени кечирерсиң”.
ххх
Жылдар өттү. Жамиля көп эмгек кылды. Окуду, үйрөнгөнгө аракет кылды. Ошол эле учурда мигрант болуп барган мекендештери үчүн жардам фондун ачты. Бул жерде алардын укугун коргой турган, ишенимдүү көмөк көрсөтө турган көп иштер жүргүзүлчү. Фонддун атын ал “Менин кыялым” деп атады. Өзүнүн кыялы ишке ашпаса да, жаштардын кыялын ишке ашырууга, кыялдарына ишенүүгө, күчтүү болууга чакырык эле. Керемдин апасы 98 жашка чыкканча Жамилянын колунда болду. Өлөрүндө батасын берип, ыраазы болгонун айтып дүйнө менен кош айтышты.
ххх
Стамбул-Бишкек учагы. Айла 18 жашын белгилөө үчүн таежеси Нурилянын чакырыгына макул болгон. Бир чети апасынын мекенин көрүп келгиси келген эле. Рюкзагын учактын текчесине өйдө көтөрүп коё турган болгондо колунан түшүп кетти. Кимдир бирөөнүн колу кармап калгандай болду. Кылчайса стюардесса кыз ага күлүмсүрөп турган экен. Так өзүн күзгүдөн көргөндөй сезим боло түштү. Кыздардын шыңга бою, керилген каштары, бакырайган көздөрү, чап жаак жүздөрү да окшош эле.
– Кечиресиз...- деди ал мукактана.
– Сиз мени бирөөгө окшоштуруп жаткандайсыз. Мен да сизди өзүмө окшоштурдум,-деди стюардесса кыз күлүмсүрөп.
Экөө тең күлүп жиберишти.
– Атым Айла.
Кыз төшүндө илинип турган бейжикти көрсөттү. Анда “Айлин Алибекова” деп жазылып турган эле.
– Таанышканыбыз сонун болду,- деди эмнегедир Айла. Белгисиз бир күч бул кызга тартып турду.
– Кааласаң номерлерибизди алмашалы.
Эки кыз номерлерин алмашып, бири-биринин колун бекем кысты. Айла өзүнчө жылмайып алды. Бул эки кыз бир тууган экенин билишкен жок. Бул жолу билишкен жок. Жолдор узак эмеспи, балким, алар чындыкты кайсы бир күнү билишер. Кайсы бир күнү бир тууган катары бирин-бири бооруна кысар... Алдыда эмне күтүп турат эч ким билбейт эмеспи.
(Аягы)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
Аябай жакшы жазылып аягы супсак болуп калдыго. Жамиля эч жакшы кун коруп бактылуу болбогону адилетсиздик менимче
Давай мен минтип бутуром. Керем ооруп калып кайра Германия дан дарыланып жургондо Жама Айланы Эмрени алып Германия Гамбург барды. Керем алардын караанын коруп экоо тен Бир биринен оч алганын сездида жамага боору ооруп кетти. Экоо кучакташып ыйлашты Жана туркияга кайтып келип башка жашоо башташты. Бул арада Алибек да дианыны суйуп калды. Арзуу болсо картайды. Нурила да акылдуу аял болду бала багып алды. Жамиля ошентип Керемди айыктырып алып ал экоо дагы Бир кыздуу болду.... Аягы
Автор ушунча калемин мокок беле? Ушунча жызп элди нааразы кылып койдун. Жазбай эле койсон болмоккен. Арзуу кайда кетти ? Нурилядан дайын жок. Алибек кайда? Диана кантти? Дагы балалуу болгон жокпу ?? Шерифе кайда жоголду? Неге ал эч кандай жаза алган жок Ахмет и олтургондон кийин? Эмре байкушум кандай болуп чонойду?? Баарын токойго айдап ийдинби???
Эми кийинки тагдырларын не болгонун да серал кылып жазса кийинчерек Айлин , Айла аттары окшош экен
Сериалдын балким экинчи сезону бардыр))Автордун сюрпризи болушу да мумкун...
Айла Айлин таза окшоштурушуптур
Болжол менен 30 жыл камтылган чыгарма экен. Бирок чонток телефондор жана интернет аркылуу баарлашуулар жакынкы эле жылдары чыкканго. Анан да мигрант болуп турцияга агылуу,балабагуучу же сиделка болуп иштоолор деле жакынкы жылдары гана башталгандай. А бул жерде 30 жыл мурда баары азыркы замандагыдай жазылыптыр. Жакшы чыгарма экен,авторго алкыш
Керемди тируу калтырганда эки бир тууган кыз жолугушканда ызы чуу башталат эле
Кам жазылган чыгарма, чыгарманы жазаарда ар бир созго токтолуу ойлонуу керек, ар бир ойдун уландысын беруу керек. Керем 5айында эсептеп жургон туйулдукту торолгондо кантип билбей калды 8 айда торолдубу деп врачтардан сурап ошондо эле билуусу керек эле, чыгарманы жон эле созо бериш максатпы. Кийин жазаарда интернетти жандырып бир чекеге коюп кою керек маалымат алуу учун, онкологиясы бар Адам донор боло алмак эмес, врачтар канын текшербей туруп отказ бермек. Эмне жазсак ал тармакты билуубуз шарт.
Автор чыгармасын шашылыш жыйынтыктап койду
Чыгарманы окунум келген жок "МИГРАНТ КЫЗ"-денен жазуунун озу эле журок оорутуп,жан кейитет. Ар бир серияны кутуп отурбоо учун,буткон сонбаарын чогултуп окуп чыктым.Албетте журогум ооруду,ыйладым,кацгырдым башым ооруду.
Мен Алибек учун журогум ооруду,жалко жаш жигит.(((( Кандай бутурду,кандай жок авторго рахмат.Ар бир мигрант болуп иштеп жургон мекендештерибиздин жашоосун женил болуп,бактылуу болсун!!!
Ушунча чон чыгарма жаратыпсын автор.эмнеге аягы жок бышпаган тамакты жегендей болуп калдык..канча катасын окусам да бээрилип окуп жаттым эле,улантсан жакшы болмок,кутобуз?