ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

Эшик тыкылдады. Элина балдарына ботко жасап берип жаткан. Эшикти тырмалап ачкан кичине кыз алдында турган муздак тиктеген аялды карап калды.

– Сиз кимсиз?

– Апаңды чакырчы.

Колун аарчып чыга келген Элина алдындагы аялды суроолуу карады.

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык,- тиги аял Элинанын жүзүнөн бир нерсе издегендей тиктеп турду да, акырын эрдин бүлк эттирди.

– Тааныган жоксуңбу, кайненең болом. Амандын энесимин.

– Сизби? Сиз кантип келдиңиз?

Аял эрдин күбүрөтүп бир нерсе дегендей болду. Ашканада эки аял бирин-бири тиктеп отурушту. Аман апасы тууралуу эч нерсе айткан эмес. Балалуу болгондо да ага кабар берүүнү ылайык көрбөгөн. Экөөнүн ортосунда эмне бар экенин Элина билчү эмес. Бир билгени, бул аял Аманды кичине кезинде балдар үйүнө таштап кеткени эле. Кийин бир жолу жолдору кайчылашыптыр, бирок ал тууралуу Аман таптакыр айтчу эмес.

– Бул үй менин атыма катталганын билерсиң?

– Ия?

– Аман бул үйдү мага алган, белекке. Кайра менден тартып алып, өзү жашап алган. Ал акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө “мен өлөрүм менен үй сеники, ага чейин тынчымды алба” деген. Мен ошону сага айтайын деп келдим.

– Сиз кандай адамсыз? Уулуңуз өлдү. Азасына барган жоксуз, эми үйүнө ээ болгону жатасызбы?

– Бир жуманын ичинде бошоткула. Бул жерге менин кичүү уулум келип жашамак болду.

Кескин сүйлөдү аял. Көзүн жалдыратып турган неберелерине көзү бир түшүп, бирок алда немеден корккондой сыртка шашылды. Аркасынан тиктеп турган Элина документтерди алып чыгып карап баштады. Чын эле кайненесине катталган үй болчу. Шалдырап отуруп калды. Амандын энеси тууралуу айткан сөздөрүн эстегенге аракет кылды. Ал аз сүйлөчү. Өзү тууралуу таптакыр эле сүйлөчү эмес. Кээде гана сөздөрүнүн арасында энесин жек көргөнү билинип калчу. Бирөөнүн жарасын чукулап кереги эмне? Элина да жайына койчу.

– Апа, бакчага барабызбы?

– Азыр.

Машинесинин ачкычын колуна алып, балдарын ээрчитип сыртка жөнөдү. Кайра үйүнө келди. Эмнеден баштоо керек? Мындан ары жашоосун кантип улантуу керек? Акылына эч нерсе чүргөлбөй койду. Өзүн ушунчалык жалгыз сезди. Чындыгында жалгыз болчу. Караан кылган чоң энеси мындан эки жыл мурун каза болгон. Атасы менен апасы... Жок, аларды эстеп кереги жок. Чоң энесинен кийин эле ишенген тиреги Аман болчу. Экөөнүн ортосундагы жаштан уламбы, ал бир эле учурда ата, ага, күйөө, дос да эле. Өмүр бою анын көлөкөсүндө жашайм деп ойлогон. Бир өмүр эле кийинки күнүнөн бейкапар, бактылуу турмушта жашаган. Кайсы бир күнү ал өлүп каларын, бүтүндөй дүйнөгө каршы өзү жалгыз каларын билген эмес. “Болду, Аман тууралуу ойлонбо” деди ал өзүнө-өзү. Кайра эле элестер менен алышып жатты.

ххх

Аман анда алтын кен компаниясынын бир бөлүгүн жетектечү. Колунан келип турган учурда кыргызчылык кылып кимдер келбеди. Ошонун бири Элинанын чоң энеси эле. Картайган кемпир жалгыз экенин, үйү жок экенин, өзү оорукчан болуп жалгыз небересинин окуусуна каралашып коюшун суранган эле. Так жумуштан чыгып бара жатканда кармады кемпир.

– Макул, телефон номериңиз барбы?

– Неберемдики бар. Мен колдоно албайм.

– Мына анда, ушул номерге чалыңыз. Башка жолу сүйлөшөлү.

Шашып визиттик карточкасын колуна кармата салып жөнөгөн. Ошол кемпирдин небереси Элина эле.

Элина мектептен келе жатып чоң энесин алыстан көрдү. Кичинекей столго сагыз, семичке, майда-чүйдө коюп сатып жан бакчу. Пенсиясына кошулуп бул нерсе алардын тирилигин ортодон жогору кылчу. Өтө сарамжалдуу, акылдуу, сабырдуу аял эле. Жалгыз небересин эч нерседен кем кылбай бакчу. Эң мыкты кийимдерди кийгизип, бий ийримине катыштырып, кошумча англис тилин үйрөтүп, айтор, өзү каза болгондон кийин оокатын кылып кетсин деп далалат кылчу. Өтө эркин, эрке чоңойтту.

– Эне-ее...- деп келип кучактап калган небересин адатынча жүзүнөн сүйүп, чачтарынан сылады.

– Кандай барып келдиң?

– Уфф, күн ысык,- эркектей үн каткан кыз чоң энесин көзүнүн кыйыгы менен карады.

– Сен дарыңды ичтиңби?

– Ичтим, кызым.

– Кайда барып келдиң?

– Биздин Алимбектин Аман деген баласы чоң кызматкер деп угуп, ошого жолугуп келдим. Сенин окууңа бир аз жардам береби деп...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aima94
2018-06-26 11:12:38
Кызык башталось
+5
Zainidin96
2018-06-27 02:14:19
Эми бир жума кутобузбу
-1
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан