НАЗАРБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫНЫН СУЛУУЛАРЫ КАЙРАДАН ТАЛКУУДА

Орусиялык ырчы, “Фабрика” тобунун экс-солисти Сати Казанова өткөн жумада коомчулуктун эсин оодарган жеке жашоосу тууралуу маалыматты ачыктады. Ырчы белгилүү бир миллиардердин көңүлдөшү болгонун, кымбат баалуу белектерди алганын айтып берди. Бул маек жарыялангандан кийин ырчы айтып жаткан миллиардер Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев экенин орусиялык ММКлар жазып чыгышты. 

ТИМУР КУЛИБАЕВ КИМ?

Ырчы кеп кылган адам ким? Кулибаев казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы. 51 жашта. Илимий кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Өзү физика-математикалык орто мектепти бүтүрүп, Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетти аяктаган. Илимдин кандидаты, 1999-жылы экономика боюнча диссертация жактаган. Казакстандагы өтө бай жана таасирдүү адамдардын катарында.

"Forbes" журналынын 2017-жылдагы жыйынтыгы боюнча, байлыгы 3 миллиард деп эсептелинген Тимур Кулибаевдин атын казакстандык Гога Ашкенази менен да байланыштырып жүрүшкөн. Гога ага мураскер төрөп бергенин ММКлар жазып чыгышкан. Бирок Кулибаев баланын жасалма ДНКсын кайнатасына көрсөтүп, абалдан чыгып кеткени ММКларда айтылып жүрөт.

САТИ ТИМУРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ

Азыркы чуунун күнөөкөрү болгон ырчы тууралуу айта кетсек. Сати Казанова Кабардин-Балкар Республикасында жарык дүйнөгө келген. 4 бир туугандын улуусу. Атасынын иштери жакшы жүрүшпөй жатканда 14 жаштагы Сати ресторандарда ырдап баштайт. Сулуу, энергиясы көзүнөн чачыраган кызды байкабай коюуга мүмкүн эмес эле. Ага ошол учурда ийгиликтүү бизнесмен Арсен Каноковдун (учурда Кабардин-Балкар Республикасынын президенти) көңүлү бурулуп, талантын байкап, жылдыз кыла турганын айтат. Анын колдоосу менен Москва шаарына келип, жогорку окуу жайга тапшырат. “Жылдыздар Фабрикасы” реалити-шоусунун кастингинен өтүп, аталган шоуго катышып, ырчылык карьерасы түптөлө баштайт. Продюсер Игорь Матвиенко кыздардан турган “Фабрика” тобун түзүп, Сати Казанова, Александра Савельева жана Ирина Тоневаны кол алдына алат. “Фабрикада” 8 жыл ырдагандан кийин Сати топтон кетүүнү чечип, жеке ырчы катары тааныла баштайт.
Жакында Орусиянын “Секрет на миллион” телекөрсөтүүсүндө Сати казак ажосунун күйөө баласы, бизнесмен Тимур Кулибаев менен болгон мамилесин ачыктады:

– Мага баалуу белектерди тартуулаган сүйгөнүм бар болчу. Атын атай албайм, анткени ал үй-бүлөлүү адам. Акылымдан азып сүйгөм, анткени ал аябай март жана таасирдүү адам болчу. Жашоомдо түптөлгөн көз карашым бар эле. Аял – сулуу, ал үчүн эркек акча төлөйт деп ойлочумун. Менин кыялымдагы нерсеге жетүү үчүн бай адамды жолуктурушум керек эле. Ошентип мен ага жолуктум. Гастролдоп жүргөн учурубуз болчу. 2-3 жолу атайын кечеге чакырышты, ал мага көз салып калса керек. Кийин чакыруулардын саны көбөйдү. Ошентип мамиле уланып кетти. Алгач бриллианттарды белек кылчу, кийин кымбат унаа алып берди. Андан соң менин кыялымдагыдай пентхаус. Аны менен мен өзүмдү назик гүл элестетчүмүн. Ага бала төрөп бергим келген, бирок менден башка да көңүлдөштөрү бар болчу. Кандай болсо да мен аны терең урматтайм, ыраазымын. Мен аны катуу сүйгөнүмдөн анын гареминде болууга да макул элем. Өзүм мусулман болгондуктан экинчи же үчүнчү аял болууга ал кезде көз карашым түз болчу.

Эмнеге кол үзүштүк? Анын башка көңүлдөшү уул төрөп берди. Аны мен интернет булактарынан окудум, ошол замат ага учуп бардым. Кабинетине киргенде так эле ошол гезит столунда жаткан экен, аны башка жакка алып койду. “Чынбы бул?” десем түрдүү шылтоолорду айта баштады. Бирок көзүнөн чындык экенин билдим. Ичимден бир нерсе сынып кеткендей болду, ошентип 3 жылдык мамилебизге чекит койдум.

Ырчы 2017-жылдын 14-октябрында италиялык фотограф Стефано Тиоццо менен никеге турган.

ҮНСҮЗДҮК...

Миллиардердин мыйзамдуу аялы Нурсултан Назарбаевдин ортоңку кызы Кулибаева Динара Нурсултановна коомчулукка көп чыкпайт. Тимур Кулибаев экөөнүн ортосунда 2 кыз, 1 уулу бар. Учурда Швейцарияда жашайт. “Forbes” журналынын жыйынтыгы боюнча, Казакстандагы 4-бай адам.

Чуу чыккандан кийин көптөр демин ичине алып күткөн Тимур Кулибаев да, анын мыйзамдуу аялы жана даражалуу кайнатасы да эч кандай билдирүү жасашкан жок.

Сати Казанованын жолунда кара мышык болгон айым тууралуу айта кетели. Гога Ашкенази. Негизги атаандаштар ортосунда окшоштук да, айырмачылык да бар.Сиз да салыштырып көрүңүз.

САТИ КАЗАНОВА (Сатаней Сетгалиевна Казанова)

  • 1982-жыл, 2-октябрь (жылдыз белгиси тараза)
  • Ырчы, модель, алпаруучу
  • Билими жогору, Орусиянын Театралдык искусство университетин бүтүргөн.
  • Тимур Кулибаев Москвадан пентхаус, кымбат баалуу машина белек кылганын телеберүүдө өзү баяндады.
  • 35 жашында италиялык Стефано Тиоццого турмушка чыккан.



ГОГА АШКЕНАЗИ (Беркалиева Гаухар Эркиновна)

  • 1980-жыл, 1-февраль (жылдыз белгиси суупери)
  • Бизнесвумен, Казакстандагы “MunaiGaz Engineering Group” газ жана нефть компаниясынын жетекчиси. Миландагы “Vionnet” аттуу мода үйүнүн ээси.
  • 12 жашынан Англиядагы мектеп интернатына жиберилген, Оксфорд университетинин экономика жана тарых факультетине тапшырган, бирок бүткөн эмес деген маалыматтар бар.
  • Лондондо хан сарайы бар экени, жеке учагы менен учуп жүрөрү ММКларда айтылып келет.
  • Алан жана Адам аттуу эки уулу бар. Алар Кулибаевдин мураскерлери деп айтылууда.
  • 23 жашында еврей улутундагы Стефан Ашкеназиге турмушка чыккан, ажырашып кетип, бирок мурунку күйөөсүнүн фамилиясында калган.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Paprikafm
2018-06-26 09:26:31
Миллионер миллиардер, мен сага жашоо ушулардыкы
+11
mela
2018-06-26 09:56:21
Гога Ашкеназиге даже Кулибаевдин аялынын алы жетпегенин окугам.
+14
Zarlykbek
2018-06-26 09:59:52
Эх бай байга багат суу сайга агат
Бай байга жетем дейт бай КУДАЙГА жетем дейт
+18
monster_high_98
2018-06-26 10:37:30
Несин суйду Кулибайдын
+8
Siren.ms
2018-06-26 10:45:56
monster_high_98,Несин суймок эле акчасында созсуз эле
+16
bond02
2018-06-26 12:21:56
Нурсултан Назарбаевдин ортонку кызы деп укмуш жазыптыр го.
+12
admin_media
2018-06-26 17:27:49
Same, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
AKCAHAT
2018-06-26 21:23:49
Гоганын белинен кийин эле саны чыгып буту башталганго))) жамбашы жок неме анча неге декольте кийген. Кыйшык пыйшык болсо да байдын баласы суйлосун дегендей эле ийри буйру болсон деле кымбат койнок кийсен боло берет экен го.Бирок Гога Сатиден мин эсе акылдуу, интеллекти жогору экенине шегим жок.Озуно ток,бизнесвумен Собчак,Гулнара Каримова сыяктуу лидер айым.Булардын артынан эркектер озулору чуркашат аурасы болокчо кучтуу аялдар
+12
mela
2018-07-02 00:11:14
AKCAHAT,ГОГАнын артынан принцтер да чуркаган экен.Энергиясы кучиуу деп суктанып айтышкан.
0
Aiars
2018-06-27 15:16:16
Ммм дааа жашоо ушулардыкыго
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан