«АТАБЫЗДЫ ЖАМАНДЫККА КЫЙГЫБЫЗ КЕЛБЕЙТ»

Издейм сени

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер аз эмес.

– Өзүм Алай районунун Сопу-Коргон айылынан болом. Төрт бир тууганмын,- деп сөз баштады биздин редакцияга баш баккан Бакас аттуу жигит.
Сиздерге кайрылуумдун себеби, 1951-жылы туулган атам Абдылдаев Карыбек 2008-жылдын 12-ноябрынан бери дайынсыз. Атам Алайдагы сейсмология борборунда 25 жыл иштеп, пенсияга чыккан киши. Апам болсо биринчи топтогу майып, баса албайт. Дайыма дарыгердин көзөмөлүндө. Беш жылдан бери бул жакта байкемдин колунда.
Мен аскерге кеткиче атам экөөбүз айылда чогуу жашадык. Кызматымды өтөп келгенден кийин атамдын бутундагы эски жараты кыйнаганынан Бишкекке алып келип, №4-ооруканага жаткырган элем. 10 күн дарыланган соң «дагы он күн жаткызалы» деп барып, таппай калдык. 12-ноябрда түшкү тыныгуу убагында жанында жаткан байкеге “тамеки тартып келейин” деп чыгып кеткен боюнча кайрылып келбептир. Биз бир күн мурун эле көрүп кеткенбиз. Бир жакка кетейин деген оюн деле байкаган эмеспиз.
Баарынан да белгисиздик жаман экен. Балдарынын төрүнөн орун алып, сый көрөр убагында минтип жоголуп апамды, бир туугандарымды кайгыга салып отурат. Издебеген жерибиз, кайрылбаган адамыбыз калган жок. Кээде отуруп жаман нерселерди да ойлойт экенсиң. «Бирөөлөр өлтүрүп кеткен жокпу» деп Бишкектеги өлүкканалардын баарын кыдырып чыктык. Бирок атабызды эч убакта жамандыкка кыйгыбыз келбейт. Атам момун, адамдын көңүлүн оорутпаган, колунан көөрү төгүлгөн уста эле. Ушунча болуп апам экөөнүн урушканын, таарынышканын көргөн эмеспиз. Көңүлү сүйгөн адам менен гана сүйлөшчү. Жашоодо ар кандай адамдар бар эмеспи. «Бирөө-жарым иштетип күчүн алып жатабы?» деп да ойлойбуз. «Чет өлкөгө чыгып кеттиби?» дейли десек, жанында бир да документи жок болчу. Элден “атаңар Токмокто жүрөт” дегенди угуп барсак, үй-бүлөсүнөн качып жүргөн атама түспөлдөш киши экен. Кийин “Бишкекте, Ворошилов көчөсүндө бир аял менен жашайт” дегенди угуп сураштырып ал кишини тапсак, ал да атама окшош киши экен. Ал киши өзү да сүрөттү көрүп, окшош экендигине таң калды.
Атам төрт бир тууган. Агасы айылда, карындашы Бишкектин Дордой конушунда турат. Бир карындашы каза болуп калды. Ага да топурак сала албады. Жоголгондон 15 күн өткөндөн кийин досума жолугуп калып, “Дордойго, карындашымдыкына салып жибер” дептир. Бирок ал жакка барбаптыр.
Ата, жашоодо үмүт гана эң аягында үзүлөт экен. “Атабыз бир күнү жарк деп кирип келет” деген үмүт менен гана жашап келебиз. Бир нерсе жесек “атабыздын курсагы ток болду бекен” деп ойлонуп, ичкенибиз ирим, жегенибиз желим болууда. Башкага үйлөнсөңүз деле мейли, биз сизди туура түшүнөбүз. Бизге амандыгыңызды гана билдирип коюуңузду өтүнөбүз. Ата, биз сизди аябай сагындык. Эгер издеп жатканыбызды окуп же угуп калсаңыз, анда сөзсүз кабарыңызды билдириңиз.
Урматтуу окурмандар, бул атамдын 14 жыл мурун түшкөн сүрөтү. Эгер атамды бир жерден көрүп калсаңыздар, анда бизге төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Байланыш телефондору:
(0778) 56-91-28 (Бакас), (0559) 08-08-18 (Бакай).

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номуру так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 397, 11-17-июнь, 2010-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА