Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев УКМКга 2-жолу суракка чакырылды. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берүүдө. "ЖЭБ боюнча түзүлгөн келишим тууралуу Экономика министрлигинин 2013-жылдагы өзгөчө пикири бар болчу. Тергөөчүлөр ошол боюнча тактоочу суроолорду беришти. Эгер дагы суроолору пайда болсо, кайра чакырышы мүмкүн",- деди Сариев. Буга чейин ЖЭБ чыры боюнча УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган соң мурдагы премьер Сапар Исаков, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов жана башкалар камакка алынган. Бул окуя боюнча жалпы ондон ашык азыркы жана мурунку чиновниктер камакта отурушат.Айта кетсек, Темир Сариев 2011-2015-жылдары Экономика министрлигин жетектеп турган. Ал эми Бишкек ЖЭБи 2014-2017-жылдары Кытайдан алынган 386 миллион долларга жаңыланып, долбоорду ишке ашырууда коррупцияга жол берилгени белгилүү болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.