АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН ПОРТРЕТИ ҮЧҮН ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВДУН ҮСТҮНӨН УКМКГА АРЫЗ ТҮШТҮ

Сүрөтчү Азамат Жаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жана Кыргыз өлкөсүнүн Дубайдагы башкы консулу Айбек Маматбековдун үстүнөн УКМКга арыз жазды. Бул маалыматты УКМК тастыктады. Сүрөтчү "бул адамдардын айынан 52 500 доллар зыян тарттым" дейт. Жаналиевдин айтымында, 2017-жылы Илмиянов андан Алмазбек Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, аванс катары 2,5 миң долларын берип, калганын сүрөтчүнүн Дубайдагы башка 3 картинасы сатылганда ошол акчага кошо берүүнү убадалаган. Сүрөтчүнүн айтымында, бул 3 картинанын ар биринин баасы 15 миң доллар.

“Дубайга эмирдин, ханзааданын жана падышанын сүрөттөрүн калтырып келгем. Кийин Дубайдагы консул “сүрөттөрүңдү ханзаада сурап жатат” деп жазган. Көп өтпөй Илмиянов мени чакырып, “сүрөттөрүңдү мен берип койдум” дейт. Ал жеке кызыкчылыгын көздөп, консулдуктагы менин сүрөттөрүмдү өзүнүн долбоорунун негизинде берип жиберген”,- дейт Жаналиев.

Бул окуя боюнча Илмиянов мүчө болуп турган КСДП комментарий таратып, сүрөт 2,5 миң долларга эле сатып алынганын, эч кандай 10 миң доллар тууралуу сөз болбогонун билдиришти. Сүрөтчү 2,5 миң долларды кайтарып берсе, Илмиянов портретти кайтарып берүүгө даяр экени да айтылды. Айта кетсек, Азамат Жаналиев мык жана жиптин жардамы менен белгилүү адамдардын портретин тартып жүрөт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан