Баткен районунда катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп Ош–Баткен–Исфана жолун каптап, жол кыймылына тоскоолдук жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аймактагы Үч-Дөбө, Керме-Тоо айылдарындагы үйлөрдү да сел каптады. Азыркы тапта келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүүдө. Буга чейин Баткен районунун Рават айылындагы, Тоң районунун Ак-Сай, Көк-Сай, Тогуз-Булак айылдарындагы үйлөрдү сел каптаган. ӨКМ 23-июнга чейин өлкөдө жаан-чачын болорун, аймактарда кайрадан сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. "Жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл",- деп жазылат маалыматта.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.