БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ БЕРИЛЕ БАШТАДЫ...

  • Эсептөө палатасы Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылы 117 МИЛЛИОН 300 МИҢ СОМДУ негизсиз сарптаганын аныктады.
  • Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштетүү УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ. Өткөн аптада жергиликтүү тургундар аталган кенде экологиялык кырдаал жөнгө салынганга чейин кендин иштөөсүн токтотууну талап кылып митингге чыгышкан.
  • Райондор аралык СОТТУ ЖОЮУ боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга 2 эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
  • Учурда өлкө аймактарында иштеп жаткан дарыгерлердин 70 ПАЙЫЗЫ ПЕНСИОНЕРЛЕР экенин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.
  • Акыйкатчы КУБАТ ОТОРБАЕВдин билдиришинче, өлкөдө жылына 40-45 миң үй-бүлө курулса, алардын 20 пайызы ала качуу жолу менен баш кошушат.
  • Ички иштер министринин орун басары ДАНИЯР АБДЫКАРОВ кызматтан алынды.
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) аймактык бөлүмдөрүнөн 6 айда өлкө казынасына 588 МИЛЛИОН 461 МИҢ СОМ түшкөн.
  • "ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВдин ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды кайра кароодон баш тартты" деп Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко кайрылды.
  • Муфтияттын билдиришинче, быйыл КУРМАН АЙТ майрамы 21-августка туш келиши мүмкүн.
  • Биринчи Май райондук соту экс-премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВди тергөө бүткүчө камакка алуу чечимин чыгарды. Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча “коррупцияга” шектелип кармалган.
  • Кыргызстанда ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ боюнча 500дөн ашык адам соттолгон. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
  • Бишкекте пландык оңдоп-түзөө иштеринен кийин үйлөргө кайрадан ЫСЫК СУУ бериле баштады.
  • Автоунааларды кайра каттоого жеңилдик мөөнөтү берилгенден кийин унаасын өзүнө каттаткандардын саны 3 ЭСЕ ӨСКӨНҮН Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан