Клиптерден, концерттерден, корпоративдик кечелерден «We`ll be» бий тобун көп кезиктиребиз.Топтогу бийчи Максат Токтоналиев 20-июнда бойдокчулук менен коштошту. Бийчи: "Келинчегимдин аты Азада. Баткендин кызы болот. Корпоративдик кечеден таанышып калганбыз. Экөөбүз 2 жарым жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Тойго 210 адам чакырылды, тууган-туушкандардан да досторубуз көп болду. Өкүл ата, өкүл апа кылып ырчы Кайрат Примбердиевди жана жубайын тандадык. Анткени үлгүлүү үй-бүлө деп эсептейм, бири-бирине жасаган мамилелери да жагат",- деп билдирди.
Кармашкан колуңар бекем болуп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагыла!