"Маликам", “Кызыңызды берчи, апа” деген ырлары менен белгилүү боло баштаган жаш ырчы Мурадил Данияров гастроль учурунда бир үй-бүлөнү сактап калды. Чыгармачыл топ өлкөбүздүн түштүк аймагында гастролдоп жүрүп жол кырсыгына туш болгон үй-бүлөнү көрүшкөн. Мурадил окуя кандай болгонун айтып берди: "Рулда мен болчумун, алдымдан көпүрөгө барып урунган машинаны көрдүм. Айдоочунун көзү илинип кетип көпүрөнү сүзүп алыптыр. Ичинде үч кичинекей бала, бир киши, бир аял бар экен. Айдоочунун абалы жаман экен, аны дароо сыртка сууруп чыктым. Машина андан тирүү адам чыкпачудай абалга келип калыптыр. Дароо “Тез жардам” чакырдык. “Тез жардам” 1 жарым саат кечигип келди. Бул арада канды токтотуунун аракетин көрдүк. Бул окуяны жарыялоо менен “Тез жардам” кызматкерлеринин адам өмүрүнө болгон кайдыгер мамилесине коомчулуктун көңүлүн бургум келди".