Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖОЛДОШУМ БОЛБОСО МЫНДАЙ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТМЕК ЭМЕСМИН»

– Жакында эле Алтайдан келдиң окшойт.

– Буга чейин Алтайга барууну ниет кылып жүрчүмүн. Ушул жылга буюрган экен, досторубуздун чакыруусу менен барып келдик. Табияты, жаратылышы укмуш кооз экен. Кийик, маралдарынын арасында жүрүп, өзүмдү жомоктун каарманындай сездим. Ал жакка клипмейкер Эрнист Сыдыковду ала баргам. «Менин атам жакшы адам» деген ырга клип тарта келдик. Буюрса, ал клип монтаждалып жатат. Алтайдан Новосибирскке барып бир күн концерт бердим. Орозо экенине карабай мекендештерим келип колдоп кетишти. Ошол жерден 3-4 кат келди. Катта «Гүлжигит Сатыбековдун «Москва» деген ырын ырдап бериңизчи» деп жазылыптыр. Чынында мен ал ырды угуп жүрчүмүн, бирок текстин билбейт элем, тилекке каршы, мекендештердин суранычын аткара алган жокмун. Ошондон улам авторунан уруксат алып, ырды репертуарыма кошуп алууну туура көрдүм. Жакында ушул ырга да күбө боло аласыздар.

– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?

– Жыл башынан бери эле талыкпай иштеп келе жатам. Эргүү келгенде чиймелеп ыр жазып калам, кээде обон да чыгарам. Келечекте өзүм жазган ырларды аткарып калышым мүмкүн. Ибрагим Жунусовдун «Издебечи» деген ырын алып, аранжировка жасатып, клип да тарттырдык. Жакында күйөрмандарым көрө алышат.

Өзүңөр билгендей, атам чыгармачыл адам, чоң атам да убагында агартуу иштерине активдүү катышыптыр. Ошол инсандар тууралуу китеп жазсамбы деген да ойлор бар. Буга чейин тасмаларга көп эле сунуш түшкөн, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тартылчу эмесмин. Бирок жакында жолдошумдун уруксаты менен тасмага тартылдым. Бул менин кино тармагындагы дебютум болду. Кандай аткардым, аны эл чечет. Негизгиси мага абдан жакты, мен үчүн чоң дүйнө ачылгандай болду.

– Оштон Бишкекке тез-тез каттайсың, борбордо да үй-жай барбы?

– Ооба, тез-тез каттайбыз, көнүп да калдык. Чыгармачылыкты эки жакта уланткан адамга чын эле үй керек. Буга чейин Бишкектен үй алалы деп акча чогултуп жаттык эле, бирок пландар өзгөрүп, айылда дарыянын жээгине кафе салып жатабыз. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Ушул ишти соңуна чыгарып алсак, анан борбордон үй алабыз деп ниет кылуудабыз.

– Бишкекке биротоло көчүп келүү планыңда жокпу?

– Ал нерсени ойлонгон жокпуз. Азыр Ошто туруп деле чыгармачылыкта көп ийгилик жаратып жатам. Эгер адам чын дилинен берилип, чыгармачылыкка баш-оту менен сүңгүп кирсе, кайсы жерде жашабасын ийгилик жарата алат. Ошто үй-жайыбыз, тууган-урук бар. Өзүм дагы Оштогу Улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенем.

– Чет өлкөгө тойлорго кандай шартта барасың?

– Акыркы учурда Орусиядагы мекендештерибиздин тойлоруна көп барып жүрөм. Чек ара ачылганы Өзбекстанга да чакыруулар күч алды. Ал жакка белгилүү, чыгаан адамдардын да тоюна барып турам. Чогуу ырдайлы, иштешели деген сунуштар көп. Сөздүн ачыгы, концерттерден пайда түшпөйт. Ошондуктан тойго кайсы жакка чакырбасын, баш тартпайбыз. Чакыруунун баасы сүйлөшүүгө жараша.

– Жолдошуң Асан мырзага жолукпасаң ушундай ийгиликти багынтышың мүмкүн беле?

– Ачыгын айтыш керек, чынында менин чыгармачылыгымда ал кишинин салымы чоң. Ал менин биринчи продюсерим, менеджерим. Өзү да жаш кезинен чыгармачыл адамдарга жардам берип, колдоо көрсөтүп, концерттерди уюштуруп, топ түзүп, чыгармачылыкка аралашып келет. Музыкалык да билими бар. Аскеге турмушка чыкканым – менин жеңишим. Ыр тандоодо да кеңештерин берет, аранжировкаларды да өзү жасатат. Жолдошумдун ушундай аракети менен аз убакыттын ичинде элге алынып кеттим. Күйөрмандарым мага бата беришкенде сөзсүз жолдошумду кошуп бата беришет. Мага ушунчалык жагымдуу. Алдыда экөөбүздүн көптөгөн ой-максаттарыбыз бар. Ал киши болбогондо мындай ийгиликтерге жетмек эмесмин.

– Ал киши сенден көп жаш улуу эмеспи, жолдошуңдун чийип берген жолу менен жүрөсүңбү?

– Ооба, Аскем менден 23 жаш улуу. Ошондонбу, ортобузда сый бар. Үйлөнгөнүбүзгө 7 жылдан ашса дагы уруш боло элек. Анткени мен аны улуу деп дайыма сыйлап, эч качан каяша айтпайм. Ар бир үйдө күндүн чыкканы, батканы, чагылгандын чартылдашы ар кандай болот эмеспи. Бизде баары сыйда өтөт. Эгер менин кемчиликтеримди байкап калса, урушпай сөз менен айтып түшүндүрөт. Үй тиричилиги боюнча арыз түшө элек. Кемчиликтерим деле чыгармачылыкка байланыштуу. Жаңы ырларды жаттабай калсам урушат. Жаттап, ошол ырды ийине жеткирмейин "чыкпайсың" деп үйгө камап коёт. Ыр чыгарышым керек деп эле 3-4 аптада жаздыра салбайм, жылдап иштейм. Ошондуктан жолдошумдун берген кеңеши, чийип берген жолу мен үчүн абдан маанилүү.

– Балдар мектепке барып калдыбы?

– Улуу балам Барсбек мектептин даярдоо курсуна, кичүүлөрү бала бакчага барат. Жолдошумдун улуу баласы биздин колубузда. Учурда студент, Оштогу окуу жайлардын биринде окуйт. Мамилебиз жакшы, мени эже дейт.

– Рахмат маегиңе.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Самара Каримова: "Жолдошум болбосо азыркы ийгиликтерге жетмек эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
admin_media
2018-06-26 17:26:40
Nurkyz1977,Same, такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган.
-7
Arlenchik
2018-06-26 18:00:20
Эми албетте тушунуктуу да, чыгармачылыкта ошондой ийгилике жетуу учун тийгенин, иштеп пайдаланып, жашы отуп колунан эч нерсе келбей карып калганда аскенди тыштап басып кетпесен эле болду.
+13
tina.kg
2018-06-26 20:24:51
Эргуу келгенде чиймелеп ыр жазып калам дейтго, ушунча жылдан бери озу ыр жазып ырдап чыккан ыры жокго
+13
Gukush8993
2018-07-01 10:26:00
tina.kg,туура айтасыз качан болсо бирөөнүн ырын ырдап жүрөт эми Москва деген ырды жөн эле койсунчу тоба ошон үчүн да адамдар жаман көрөт да даяр ишке чуркабай өзу ыр жазып эмгек кылса
+4
fanatka19
2018-06-26 20:27:11
Аскеси солкулдаган жигит болуп уйлоноорго кыз издеп жургон маалда торолгон экен да))). Ыр жатта деп камайт да кызылдай акча алып келип атсан)) акчанын артынан тоголонгон жан экенинерди билебиз,Бишкеке тойго сутумду саап холодильнике салып койуп кетем дегенинен эле ким экенинди билсек болот. акча учун балага да карабай.
+24
Miya
2018-06-28 20:40:34
fanatka19, иштегендер баары ошентет
-3
admin_media
2018-06-27 09:54:39
Pira87, DAKS, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
-5
Azatbek.Svoboda.
2018-06-27 20:31:39
Бирда сөзүнө ишенбейм!
+13
Bak.taalai
2018-06-28 00:54:49
Азамат Самара мен сени салам Кыргызстанга келгенде эле тарбиялуу ыймандуу аялзатына тиешелуу бардык сапат бар экенин байкап койгом. Жалжактап оозун чоюп жинди бол десе лучше аджмания жасайын деп жасап бергенин учун сыйлагам. Сенин ордунда Нена менен Божокоеева ХХХХ
-10
admin_media
2018-06-28 11:37:51
tttalant, Baku88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
-3
stimyl.kg
2018-06-28 12:45:25
Менимче ушу супер жамаатынын ичинде Самаранын таанышы жэ болбосо тууган уругу иштейт. А болбосо мени тез тез элге чыгарып тургула деп чакырып турат. Ушул ырчы сымалдан тез тез эле зериккенде маек ала бересинер?
+9
munduz2016
2018-06-28 13:51:49
Мыкты аткаруучу катары сыйлаймын!!!
-6
Shokoladka94
2018-06-28 22:52:05
Уай эмки санда кайра Айчурок дейт го, андан кийин Анжеликабы?
+8
nursultannn
2018-06-29 17:16:30
ийгилик
-3
zhigitaly
2018-07-01 02:13:05
Эрнис сыдыковду чөнтөгүнө салып баргандай айтыптыр го ыя
+6
Miroslav
2018-07-01 17:56:11
Эй Самара)))) эми Гулжигитин ырын ырдап чыксан,анан клибин тартсан жакшы болот эле десе,Москвага барып клибин тарсан Эрнисти ээрчитип алып барып.Ошондоооо супердин дагы канчанчы санына интервю бересин???Эми ыркесенин кезегин Анжелика Айчурок тандемине узат,же Кыз Бурак Сайкалга узат зееригип калдык.Кооптон бери кабары чыкпай кетиго булардын.
+2
Nanei
2018-07-01 22:18:30
Miroslav,Айчурок жаны санда бар шашпасан вторник окуйсунар
+1
toha
2018-07-02 22:31:53
Мактанчак экен сурабаган нерсениделе иого бериптир
+1
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан