(Башы өткөн сандарыбызда)
Майып балдардын кээси ары-бери өткөн адамдарга үмүттүү тигилсе, кээ бирлери таңданып карашат. Аларды карап жүрөгүң ооруйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген мындай балдардын абалы, муктаждыгы, жашоо-шарты боюнча материал даярдашым керек эле.
Бир убакта залдагы эл тынчтанып, алпаруучунун сөзү жаңырды.
– … анда сөз кезеги Малика Турдубаевада!
Муну угуп, селт этип чочуп кеттим.
– Малика?..– деп шыбырап алдым ишене албай. Чын эле бул менин каарманым Малика эле. Жарашыктуу тыкан кийинип, жаркырап чыга келди.
– Урматтуу бүгүнкү кайрымдуулук кеченин катышуучулары, биздин кичинекей достор,- деп сөзүн баштады. Кайрымдуулук кылуу ар бирибиздин инсандык парзыбыз. Мен учурдан пайдаланып, энелерге кайрылып кетер элем.
Кадырман апалар, чындыгында, мындай балдарыңыздарды багуу сиздерге оор түйшүк жаратат. Ошого карабастан аларды майыптар интернатына, балдар үйүнө тапшырбастан көкүлүнөн сылап, энелик мээрим төгүп тарбиялап жатасыздар. Бул сиздердеги энелик да, инсандык да бийиктик. Балдарыңыздардын бактысына ар дайым аман болуңуздар!
Залда отургандар дүркүрөтүп кол чаап жиберишти. Мен да толкунданып кеттим. Малика бир аз сүрдөй түшүп, кайра сөзүн улантты:
– Канчалаган акыл-эстүү, алты саны аман инсандар адамдык сапатын жоготуп, башкаларга зыянын тийгизип жатышат. Ал эми сиздердин перзентиңиздер суудай тунук, периштедей таптаза!
– Айланайын, көңүл жубатар сөз да угат экенбиз, болбосо баары биздин балдардан мокочо көргөндөй ичиркенишет, жүрөгүбүз да ооруп бүттү,- деп жанатан бери небересинин күрмөсүн улам кымтылап отурган эне көзүнүн жашын сүртүп алды.
– Урматтуу энелер, бул биздин сиздердин балдарыңыздарга болгон эң алгачкы камкордугубуз болсун. Мындан кийин да жардам берүүгө аракет кылабыз. Аман болуңуздар!- деп Малика сөзүн бүтүрүп, сахна артына кирип кетти. Мен ага жолугуу үчүн сырткы эшик аркылуу чуркадым. Оо, алеки саатта эле бир топ журналисттер менден мурун жетип, тороп алышкан экен. Алар биринен-бири талашып суроо жаадырып киришти:
– Кайсы фирмадан келдиңиз?
– Толук аты-жөнүңүз, кызматыңызды айтып кетсеңиз?
– Майып балдарга камкордук кылууга эмне түрткү болду?
– Жашыруун болбосо, кайрымдуулукка канча суммадагы акча жумшалды?
– Чоң кыз, канча жаштасыз?- деген кайсы бир журналист жигиттин тамашалуу суроосу баарын дуу күлдүрдү. Малика шашпай, ар бир суроого кылдаттык менен жооп берип жатты. Анын жүзү бактылуу эле! Көздөрүндөгү сиңип калган кайдыгерлик, муң түп орду менен жоголгон. Мен азыр таптакыр башка көздөрдү көрүп турдум.
Журналисттердин суроосуна жооп берген соң экөөбүз саламдаштык:
– Сен… каяктан?- Малика мени кучактап, кадимки жаш баладай кубанып кетти.
– Каяктан деп коёт, такыр таптырбай кеттиң го...- деп таарынымыш болуп койдум. Кайрымдуулук акциясы аяктары менен экөөбүз кафеге кирдик.
– Билесиңби, азыр менин маанайым аябай жакшы, чынын айтсам… вино алдыртсак кандай дейсиң?- Малика дагы эле жүзү албырып, толкунданып турду.
– Каршы эмесмин, такыр ичимдик ичкен эмес элем, сен үчүн ичип коёюн.
– Койчу,- деди колун шилтеп.
Аңгыча официант да столдун үстүн жайната койду.
– Кел, жолугушканыбыз үчүн!
– Жолугушканыбыз үчүн!
Алгач ушундай кыска тост менен бирден алдык.
– Иштериң кандай?- деди Малика бошогон бокалдарды толтуруп жатып.
– Жакшы, өзүңдө көп өзгөрүүлөр бар окшойт...- дедим.
– Айтпа, эми таң атканча сени бошотпой сүйлөп берем го. И-ий, айткандай, менин айтып бергендеримди чыгарма кылып жазам дебедиң беле. Ал эмне болду?- деп сурады.
– Алда качан эле жазып бүтүргөнмүн.
– Окуп көрсөм уруксат бересиңби? Тагдыр меники болгону менен, эмгек сеники болуп калды.
– Албетте, алгач дарегиң чыкпай койду. Кийин дарегиңди бирөөдөн угуп иштеген жериңе издеп барсам, Москвага кеткен экенсиң.
– Сен ооруканадан чыгып кеткениңден кийин менин диагнозумду кайрадан такташты. Көрсө, рактын алгачкы стадиясы эми билине баштаптыр. Өпкөмдө да сары суу бар экен. Баягы менин врачым эсиңдеби?
– Нурлан Адылжанович болсо керек эле.
– Ооба, ал мага куду бир тууган карындашындай эле жардам көрсөттү.
– Ошондо эле байкачумун, ал сага аябай кабатырланып, өзгөчө көңүл буруп жүргөн.
– Нурлан Адылжановичке аябай ыраазымын. Колунан келишинче жардам көрсөттү. Ал менин дартымды залалсыз рак экендигин аныктады. Операция жасап шишикти алып салууга мүмкүн экен. Мурда операция болгонумду айтып кетсем керек эле. Ошондо врачтар мага мезгил-мезгили менен дарыланып туруу керектигин эскертишкен. А мен катуу депрессияга алдырып койгондуктан, дарыланууну унутуп койгон элем. Мүмкүнчүлүгүм да жок болчу. Эми минтип экинчи жолу операцияга барбасам, оорумдун залалдуу шишикке айланып кетүү коркунучу бар эле.
Анан десең… кызыктуу да, таң калыштуу да окуялар көп болду. Ошол сен чыгып кеткен күндүн эртеси ойгонуп терезени карасам, сирень гүлү салынган ваза туруп калыптыр. Таң калдым. Медсестра да, пол жууган аял да аны ким алып келгенин билишпейт экен. Кийин ооруканадан чыгып үйгө келгенде да, жумушка чыкканымда да апта сайын кимдир бирөө сирень гүлүн мага жөнөтүп турду. Бир күнү эртең менен жумушка келсем, вахтёр аксакал мага сирень гүлүн карматты.
– Атаке, деги бул гүлдөрдү ким алып келип жатат?- дедим таң калып.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)