«УУЛУҢУЗ БИРӨӨНҮ ӨЛТҮРҮП АЛДЫ. ТЕЗ АРАДА 70 МИҢ АЛЫП КЕЛИҢИЗ». ТЕЛЕФОН ШЫЛУУНДАРЫ ИШЕНЧЭЭК АДАМДАРДЫН 600 МИҢ СОМУН АЛДАП КЕТКЕН


Сизге да кандайдыр бир баалуу буюм, автоунаа, же ал тургай батир да утуп алганыңызды айтып кимдир бирөөлөр телефон чалып «сүйүнчүлөштү» беле? Мүмкүн, дагы бирөөлөр алыскы өлкөдөгү жакындарыңыз берип жиберген «белекти» ала келишти беле? Адатта мындай «жагымдуу» кабарды айткандар өздөрүн жакыныңыздын таанышы же белгилүү компаниянын кызматкери катары тааныштырат. Ал тургай мэриянын, өкмөттүн же президенттин аппаратынын кызматкери да болуп чыгышы мүмкүн.

«ОНУНЧУ ЖОЛУ АБАККА КЕСИЛДИ»

Уюлдук телефонду курал катары колдонгон кылмышкерлердин саны азайбай келет. Буга дагы бир мисал, жакында Ош шаардык соту Мухаметали Абдивапов аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, анын мурдагы жасаган алдамчылык кылмыштары боюнча өтөп жаткан кылмыш мөөнөтүнөн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратты. "Бул жаран шериги экөө жок эле дегенде 7 кишини сызга отургузган" дейт Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков:

– Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир нече кишинин телефон аркылуу ири суммадагы акчаларын алдап алып жүргөн 1981-жылы Ноокат районунда туулган Мухаметали Абдивапов деген жаран аныкталды. Ошондой эле анын кылмыштуу шериги, 1990-жылы туулган аял да кармалган. Кылмышка шектүү Мухаметали Абдивапов мурда да алдамчылык кылып 9 жолу соттолгон. Ал 2017-жыл аралыгында эле жаза өтөө мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатып, 7 адамды телефон аркылуу алдап, акчаларын шериги аркылуу алып турган. Жабырлануучулар анын үнүнөн таанышты, үн боюнча атайын экспертиза дагы алдап чалган үн Мухаметали Абдиваповго таандык экендиги тууралуу корутунду берген.

Тергөөдө белгилүү болгондой, кылмышка шектүү Мухаметали Абдивапов абакта жазасын өтөп жатып, жарандарга уюлдук телефон менен чалып, аларга жакын адамынын кырсыкка кабылганын, тез арада акча керектигин, акчаны кайда алып барарын айткан. Ишенчээк жарандар акчаны анын шеригине алып барып берип турушкан.

"25 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ"

– Бул адамдар алдап кеткен айрым фактыларга кайрылсак, Мухаметали Абдивапов Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасынын 62 жаштагы тургунуна телефон чалып, «Сиздин балаңыз машина менен бирөөнү сүзүп өлтүрүп алды. Тез арада 70 миң сом акча алып келиңиз» деп алдап, анын 70 миң сом акчасын алдап кеткен. Дагы бир 57 жаштагы Ноокат районунун тургунуна телефон чалып, «мен балаңызмын, бирөөнү машина менен сүзүп алдым. Кутулушум керек, тез акча бериңиз» деп өңгүрөп ыйлап, ал аялдан 60 миң сом, 35 миң рубль алдырткан. «Баласын» куткарып калгысы келген эне кылмышка шектүү айткан жерге акчаны өзү алып барып берген.

Ал эми Ош шаарынын 52 жаштагы тургунунун 100 миң сом акчасын алдап кеткен. Ага "мен балаңыздын досу болом. Балаңыз 6 жашар баланы унаасы менен сүзүп алып, бала каза болуп калды. Туугандарына 100 миң сом берүү керек. Ооруканага акча алып келип бериңиз" деп, бул аялдан 100 миң сом акча алдырткан. Жалпысы жабырлануучулардан алдап алган акчасы 600 миң сомдун тегерегинде болгон.

Жакында бул ишти караган Ош шаардык соту Мухаметали Абдиваповду күнөөлүү деп таап, анын мурдагы жасаган алдамчылык кылмыштары боюнча өтөп жаткан кылмыш мөөнөтүнөн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми анын шеригинин үстүнөн ушул жана башка дагы жасаган кылмыштары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

"ООРУЛУУ БАЛДАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИН АЛДАГАН"

Ал эми Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жаткан жаран оорулуу балдардын ата-энелерин алдап, акчаларын алып турган. ЖАМКнын маалымат кызматкери Элеонора Сабатарованын айтымында, кылмышкер өзүн мэриянын кызматкери же президенттин жардамчысы катары тааныштырчу:

– №47 абакта жазасын өтөп жаткан 30 жаштагы Т.К. аттуу жаран оорулуу балдардын ата-энелерине телефон чалып, аларга Түркияга бекер дарылатууга жардам деп алдап акчаларын алып жүргөн деп шектелүүдө. Буга чейин бир нече жолу соттолгон бул жаран акыркы жолу алдамчылык жана жатак абактан качып кеткени үчүн 7 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал бул жолкусунда 3 үй-бүлөнү алдап, ишенчээк ата-энелерден акча, кийим-кечек жана тамак-аш алдап алган.

Бул иш кылмыш ишин козгоо үчүн ЖАМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми соттолгон адамдын уюлдук телефон колдонуусуна жол берген №47 түзөтүү колониясынын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

«АЛДАМЧЫЛАРГА БЕРГЕН АКЧАНЫ АПАМ КАРЫЗГА АЛГАН»

Телефон шылуундарынын мындай жол менен алдап кеткен учурлары өтө көп. Андайлардын бири, Ысык-Көл облусунун тургуну Рыскүл Кыдырованын апасы да алдамчылардын банктык эсебине кайра-кайра акча которгон. Ал акчаны да карызга алган.

– Мен ал учурда Орусияда иштеп жүргөм. Апама бирөө телефон чалып, «Чет жакта иштеген балдарыңыз барбы?» деп сураса, апам «Орусияда кызым иштейт» деп айтып бериптир. Анан чалган киши «Кызыңыз бир баштык берип жиберген. Биз Казакстандын чек арасынан өтө албай жатабыз. 10 миң сом салып жибергилечи» десе, апам шашып инимдин досунан карызга акча алып, алар жиберген банктык эсепке салып жиберет. Ал киши дагы чалып 1500 сом жетпей жаткандыгын айтса, аны да салып жиберишкен.

Апам менин тынчымды албайын деп мага чалып тактабаптыр. Кийин мен чалганда сурап жатышпайбы. Алданганын билгенден кийин апам ал кишиге телефон чалып урушканга жетишиптир. Кийин ал номер өчүп калды. Биз кайра акчабызды кайтарып алуу үчүн эч кандай аракет кылган жокпуз. Милицияга да арыз жазган жокпуз.

НАРЫМБАЕВДЕН САЛАМ!

Карапайым калк эле эмес, аткаминерлер да ири өлчөмдөгү акчаларын абакта жаткан шылуундарга алдатып койгон учурлар бар. 2015-жылы милиция кызматкерлери тарабынан бир нече шылуундар кармалган. Анда абакта жазасын өтөп жаткандар президенттик администрациянын ошол убактагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып бир топ кишини алдап, уюлдук телефонуна 10 миңден 30 миң сомго чейин акча салдыртышкан. Алдангандардын арасында шаар мэрлери, райондун акимдери жана базарлардын жетекчилери да болушкан.

Бул белгилүү болгондору гана, мындан башка да канчалаган аткаминерлер алданып калганын айтыштан уялып шылуундардын үстүнөн арыз жазбаса керек. Ананчы, президенттик администрациянын башчысы өзү телефон чалып, болбогон нерсени суранып жатса, алар кантип аткарбай коймок эле? Иликтөөдө кылмышкерлердин арам оюн ишке ашыруусуна түрмө кызматкерлери да аралашканы аныкталган. Алдамчылыкка аралашкан соттолгон адамдардын жана абак кызматкерлеринин кээ бирлеринин аялдарынын телефонунун балансында 500 миңден 1 миллион сомго чейин акча болгон.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
aigulu
2018-06-26 09:26:11
Кудай сактасын
+3
asdef
2018-06-26 09:47:21
Эмнеге турмодо телефон колдонгонго мумкунчулук берет,биринчи очередь ЖАМК кызматкерлери куноолуу
+21
Stervamyn
2018-06-27 11:29:05
asdef,зэктер ото куу болушат.Телеыон колдонгонго албетте уруксат жок
+3
Shaa-82
2018-06-26 11:07:05
Менда 400 сом салып бергем единица, перевод кылып. 2008-2009-жылдары. Кийин дагы газпромдон белек уттунуз дагы бир демке деп баштадыле сага бердим ошол байгени менин атымдан сен алып ал деп коюп койгом ошол бойдон чалбады андайлар.
+8
monster_high_98
2018-06-26 11:40:47
Уйдогу сырларынды айтып мен баланызмын десе кантип ишенбей коесун, менимче мындайлар оз тааныштарындан чыгат окшойт себеби бизде да мындай окуя катталган, бироонун машинасын уруп алдым, апа ед салып койсонуз болду, бутуром деп белгисиз номер менен чалып, иши буткон сон симкасын очуруп салган,
0
Byrmachach
2018-06-26 12:06:09
Атына заты жарашпаган эркек экен, бул кылмышкер. Түсүнөн көрүнүп турат, жаман адам экени. Эли журт, этияттагыла. Кеңешип кескен бармак оорубайт, улгайган ата-энелерге түшүндүрүп койгон оң, бирөө члып акча десе, белек уттуңуз десе акча которо койбоңуз деп.
+3
DUNI
2018-06-26 12:32:49
буларга кантип алданып калганынды билбей каласын. психологдой болуп башынды айландырып сырларынды тогосун
0
Mirbek97
2018-06-26 12:56:02
Кыргызстанга олум жазасын киргизиш керек, буларды бекер турмодо баккандан коро
+7
nurik-jami
2018-06-27 00:46:12
Мындайлар менин атамды да алдап чалышкан экен. Бир куну иште журсо чалыптыр ата мен куйо баланызмын. Ошко досторум менен келдик эле машинабыз бузулуп калды акча берип турун деп. Атам да ишенип кайсыл жердесин десе гор гаидемин дептир. Атам ошол жерге машина менен барып чалса ошол жактын айланасын айтып озу корунбойт экен азыр барам деп. Атам кутуп отуруп кетип калыптыр. Анан чалса албай коюшуптур. Ошол куну атама чалып калсам айтат. Ушинтип чалыды куйо бала каякта деп.
0
gitaris93
2018-06-27 01:39:21
буларга милиция озу шерик, интервью бергенде айттыго ким банктан ири суммадагы акча алса, ошол адамдын телефон номерин данныйларын алып келип берет экен. Телефонду да менттер жаны симка менен балансты толтуруп берет экен. супер кж толук жазсанар интервью бергенин да жазгыла да.
+10
Mydearzh
2018-06-27 15:50:40
Мындайлар толтура болуш керек. Бул экоосунон башкалары канча...
Жакында эле кошунабызга да бироо куйоо баласы болуп чалып, Россиядан келатып авария болгонун, тез арада банкомат аркылуу 70 мин которуп беруусун айткан. Акча сураганы чыккан экен эле. Кошуналар кенешип, кошунанын кызына байланышса, алар эчак эле айылга келишкенин айтышкан.
Демек, булар бир кылмыштуу топ. Ал топтун мучолору ар кайсы региондо оз ишин улантып келет...
+4
Musabaeva.
2018-06-28 01:43:06
Mydearzh,иии кечиресиз +басам деп -басылып кетти(
+3
Arhideia
2018-06-28 03:17:32
6 жуз минди жеп алдагандарга 16 жыл жаза берсе миллиондорду чонтоко салган атка минерлерибизди кандай жазаламак экен. Кызык...
+4
al-abu-kinesz
2018-07-02 21:11:36
Arhideia, 160 жыл бериш керек
0
Muratmipa
2018-06-28 13:03:48
Кызык кантип ишентп берет деймин да мага бироо чалса эч ишенмек эмесмин
0
Angel92
2018-06-28 17:49:23
Былтыр мен айылда жургом,иним Москвада эле.Иним менен тундосу ватсаптан суйлошуп эртен ишке барам деген.Ошондон 6 саат отуп апам чалат.Мага бироо чалып:Апа мен Бакай(инимдин аты)машина менен бироону сузуп алдым,4мин берип жиберин дептир.Апам:Сен Москвада элен го десе эрте менен келдим дейт имиш.Ушинтти шылуундар окшойт.Мейли балам деп койдум деп кулот.Эртеси кайра чалыптыр ал бала.Биз чалсак ага чалуу кетпейт.Ошол бойдон жок болду.
Ошон учун мындай болду деп чалса биринчи бала,урук тууганы
0
simone
2018-06-29 23:17:29
Менде да болгон ушундай окуя, булар ичи койнуна кирип, аларга кантип ишенгенини билбей каласын!
+1
aiko01
2018-07-01 04:26:01
мен 500 сом салып бергемин.ал акмактарды Кудайга койдум.
+1
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан