Эмилбек Каптагаев: "ТЕКЕБАЕВДИ ТҮРМӨДӨН ЧЫГАРБАЙ ТУРУУ ЧЕЧИМИ ЖАҢЫ БИЙЛИКТИН АБРОЮН ТӨКТҮ"

Башкы прокуратура камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул көрүнүш «Текебаев мыйзамсыз камалган, ал акталып чыгат» деп күткөн коомчулукка түшүнүксүз болуп, жаңы бийликтин сот реформасы тууралуу айткандарына ишенимди жоготуп, үмүттөргө суу сепкендей болду.

2010-ЖЫЛЫ 306-ИШ БӨЛМӨДӨ КИМ ОТУРГАН?

60тан ашык расмий документтер, 50дөн ашык күбөлөр Текебаевдин күнөөсүз экендигин далилдеп карабай, Атамбаевдин буйругун аткарган соттор жалгыз Маевскийдин жалаасы менен Текебаевди соттоп жиберишти. Анын саясий мотивде соттолгону боюнча эл аралык укук коргоо органдары, эл аралык авторитеттүү уюмдар дагы өз позицияларын айтып жатышат.

Кантсе да чындык ар дайым жеңет. Бул принцип мыйзамдарда да каралган. Эгер жаңы ачылган жагдайлар болсо сот өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра карап, кетирген катасын оңдош керек. Мына ушул мыйзам берген мүмкүнчүлүктүн негизинде Текебаевдин адвокаттары жаңы ачылган беш жагдайды атап, Башкы прокуратурага кайрылган. Ал жагдайларды орундуу деп тапса, Башкы прокуратура сотко жөнөтүш керек. Ал кандай жагдайлар:

БИРИНЧИСИ – Маевский менен Модин «Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басарынын кабинетинде Текебаев менен жолукканбыз. Анын кабинетинин эшигинде «Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары» деп жазылып турган» деп айтышып, тергөөнүн жүрүшүндө Модин Атамбаев отурган 306-кабинетти көргөзгөн. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү «бул кабинетти биз жакшы билебиз, Атамбаев отурганда кирип-чыгып жүргөнбүз» деп 30дан ашык аттуу-баштуу, абройлуу адамдар ал Атамбаевдин кабинети экендигин айтышса дагы, сот алардын көрсөтмөсүнө көңүл бурбай, өз өкүмүндө аны жазбай койду. Жогорку Сот «Текебаев 306-кабинетте отурган, бул далилденди, тастыкталды» деп Текебаевдин айыбын далилдөөчү негиздердин бири катары 306-кабинетти Текебаевдин кабинети кылып салды.

Убагында 306-кабинетте ким отурганын адвокаттар, депутаттар да сурап ала алган эмес. Анткени Атамбаев президент болуп турган, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Коёналиев маалымат берген эмес. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Коёналиевге кайрылып, президенттин иш башкармалыгынын башчысы быйыл май айында маалымат берди. Анда»306-кабинет Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Атамбаевдики болгон» деп жазылган.

Кылмыштын орду, убагы жана предмети деген 3 нерсе болот. Тергөөдө кылмыш болду беле дегенди аныкташ үчүн кайсы жерде болду деген аныкталыш керек. Окуя чын эле болгон болсо, анда ал Атамбаевдин кабинетинде болгондугу чыгып жатат. Демек, бул жаңы ачылган жагдай. Бирок Башкы прокуратура: «Сот 306-кабинетти Текебаевдин кабинети» деп чечим чыгарып койгон. Аны Жогорку Сот бекемдеген, ошондуктан президент Жээнбековдун иш башкармалыгы берген расмий документ жаңы ачылган жагдай болбойт»,- дейт. Кантип Атамбаевдин кабинети Текебаевдики болуп калат? Сот туура эмес чечим чыгарса, ал Башкы прокуратуранын сунушу менен кайра өзгөрүш керек эмеспи? Бул Конституцияда жазылып турганын билишпейби?!

МАЕВСКИЙДИН ПАСПОРТУНДА КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫН БАСЫП ӨТТҮ ДЕГЕН МӨӨР ЖОК

ЭКИНЧИ ЖАГДАЙ – Маевский «2010-жылы 13-май күнү кечки саат 17-19дарда «Супара» ресторанында Модин, Текебаев, Чотонов менен жолукканбыз» дейт. Ал жолугушуу болушу мүмкүн эмес экендигин адвокаттар далилдеди. Анткени ал убакта Чотонов Ошто жүргөн. Ал генералдардын көрсөтмөлөрүндө жана «Кыргызаэроновигациянын» берген маалымат катында далилденди. Башкы прокуратура ал кагазды «күчү жок» деп жатат. Аэродромдон тик учак саат канчада учканын каттап турчу журнал бар. Анда баары так жазылган. Ал расмий катты дагы «жаңы ачылган жагдайга кирбейт» деген – бет тырмарлык.

Сот Текебаев менен Чотоновду айыптаган өкүмүндө Маевский «Хаят» мейманканасына келип токтогондугун, «Хаяттын» администрациясынын катын негиз кылып алган. Адвокаттар быйыл дагы «Хаяттан» так маалыматтарды алышты. Анда Маевский Леонид Станиславович эмес, ага аты уйкаш Маевский Леонид Брисович жашагандыгы, анын паспортунун сериясы, номерлери дагы башка экендиги белгилүү болду. Ал эми негизги күбө Леонид Станиславовичтин эки паспорту болгону, ал экөөндө тең Кыргызстандын чек арасын кесип өткөндүгү тууралуу мөөр жок экендиги билинди. Демек, Маевскийдин «Хаятта» болбогондугу жолугушуу да болбогондугун көргөзүп турат. Буга Башкы прокуратура кантип жооп берет? «Маевский атын өзгөртүп, башка паспорт менен келсе керек» дейт башкы прокуратура. Башкы көзөмөлчү орган кайсы Маевский Кыргызстанга келгенин териштириши керек эмес беле? Расмий документти божомолдоп, жокко чыгарып коюу сот системасынын тарыхында болгон эмес. Бакиевдин тергөөсү, соту, прокуратурасы дагы фальсификация кылып, адамдарды түрмөгө тыккан, бирок мынчалык сабатсыздыкка барган эмес.

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА ЭКСПЕРТИЗА ӨТКӨРҮШҮ КЕРЕК ЭМЕСПИ?

Эң негизги жагдай – Модин «2010-жылдын 13-май күнү кечке жуук саат 17-19дарда «Супарадагы» жолугушууда болгом» дейт. Бирок анын болбогондугун «О!» компаниясы («Нур Телеком») далилдеди. Компания берген табуляграмма боюнча, Модин ал күнү шаардын так борборунда жүргөн. Ал сүйлөшкөн станциялар шаардын борборунда жайгашкан. «Нур Телеком» Модин сүйлөшкөн базалык станциялар шаардын борборун гана тейлеп, аракет этүү зонасы 1-2 чакырымга гана жетерин көрсөткөн. Башкы прокуратура болсо «Модин «Супарада» жүрсө деле, анын телефонун шаардын борборундагы базалык станциялар тейлей бериши мүмкүн» дейт. Адистер "техникалык жактан мындай болушу мүмкүн эмес" дешет. Муну аныкташ үчүн Башкы прокуратура эксперимент жүргүзүп же техникалык экспертиза дайындаш керек эмеспи?

ТЕКЕБАЕВДИН КАМАЛГАНЫ ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДА ДА ЧОҢ РЕЗОНАНС ЖАРАТТЫ

Кийинки жагдай – «Супара» комплексинин ээси Табылды Эгембердиевдин жубайы: «Текебаев «Супарага» келген, бирок ал референдум өткөндөн кийин келген. Ал биздин эсибизде калган. Анткени жолдошум Текебаев менен жаңы кабыл алынган Конституция тууралуу сүйлөшкөн»,- деди. Буга Башкы прокуратура «Эгембердиевдин аялы жаңылышып жатса керек» дейт.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: «Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартуу менен коомдук пикирде бүгүнкү бийликтин аброюн жоготту. Текебаевдин ишинин жагдайын, анын күнөөсүз, жалган жалаа менен соттолгондугун Кыргызстанда жаш баладан тартып, кемпир-чалга чейин билет. Ошондуктан Текебаевдин ишинде адилеттүүлүк орнобосо, анын ишин адилеттүү кароодон баш тартса, анда бул бийлик адилеттүүлүк, сот акыйкаттыгы, реформа деген сөздөрдү айтпай деле койсо болот. Айткан күндө деле, эч ким ишенбейт»,- деп жазды.

Албетте, Кыргызстанда күнөөсүз соттолгондор көп. Эмне үчүн Каптагаев жана башка саясатчылар Текебаевдин ишине символикалык маани берип отурушат? Буга жооп жөнөкөй. Биринчиден, Текебаев Кыргызстанда белгилүү адам. Анын саясий мотивде камалганы өлкө ичинде гана эмес, эл аралык ири уюмдар ичинде чоң резонанс жаратты. Эмилбек Каптагаев айткандай, жаш баладан чал-кемпирге чейин Текебаевдин сотун сериал көргөндөй көрүп, ошол ишке өздөрү катышкандай, күйүп отурушту. Коомчулуктун Текебаевдин ишин өз ишиндей кабыл алып жатканы ошондон улам.

Эгер бүгүнкү бийликтин «Текебаевдин ишин кайра каратып, ак-карасын териштирип, чындыгына жетейин» деген ниет-аракети болбосо, анда бул бийлик калган иштерди деле карабайт экен деген ой пайда болот. Башкы прокуратура өзүнүн сабатсыз, кесипкөй эмес чечими менен өзүнүн эле эмес, бийликтин да аброюна чоң сокку урду.

"РЕФОРМА" ДЕГЕН КУРУ СӨЗ ЭКЕН ДЕП ЭЛ ТҮҢҮЛӨ ТҮШТҮ

Президент Сооронбай Жээнбеков февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында «сот реформасын жүргүзөм, Кыргызстанда адилеттүүлүктү орнотом, мыйзамдуулукту камсыз кылам» деп айтты. Бул өзүнүн жаңы саясаты, жаңы көчүнүн негизги багыты экендигин элге билдирди. Бул саясатты жүргүзүү үчүн, биринчи кезекте баарына сабак болуш үчүн, эл билген, коомчулуктун оозунда, кулагында турган иштерди кайра кароодон башташ керек эмес беле? Олуттуу далилдерди, документтерди көз жаздымда калтырган Башкы прокуратура «Текебаев адилеттүү соттолгон, 306-кабинетте Атамбаев эмес, Текебаев отурган» дегени акылга сыйбай турат. Ушундан кийин эл «РЕФОРМА» деген сөз куру сөз экен деп түңүлө түштү.

Эмилбек Каптагаевдин: «Текебаевди түрмөдөн чыгарбай туруу чечими менен коомдук жана саясий процесстердин агымы башка нукка бурулуп жатканын бийлик түшүндүбү же жокпу, билбейм. Бирок жагдай ушундай, Текебаев менен Чотоновдун түрмөдө отуруусу Кыргызстанда сот акыйкаттыгы барбы же жокпу, мыйзамдуулук калыбына келип жатабы же жокпу деген суроолордун аныктагыч белгиси болуп калат. Алар түрмөдө отурганда акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, укуктук тартип деген сөздөрдү ким айтса да, кимдин оозунан чыкса да, баары бир куру сөз, ооздун жели...»- дегени чындыктын өзү.


(Макала «Азия Ньюс» гезитинен алынып айрым кыскартуулар менен берилди)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан