ҮЙ ШАРТЫНДА ЛИМОНАД ЖАСАП ИЧИҢИЗ

Бул жолу сиздерге үй шартында жасоого мүмкүн болгон даамдуу жана пайдалуу лимонад түрлөрүнүн рецепттерин сунуштайбыз. Сергитүүчү, суусунду кандыруучу бул суусундуктар айс-ти, мохитого мыкты атаандаш болот деп ишенимдүү айта алабыз.


КИВИ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Киви – 3 даана

Лимон – 2 даана

Кумшекер – 150 грамм

Газдалган суу – 1 литр

Кооздоо үчүн лимон, киви кесимдери, муз

Даярдоо ыкмасы:

1. Ботко. Кивинин кабыгын аарчып, туурап, үстүнө кумшекерди салып, блендер менен эзип алабыз.

2. Сироп. Башка идишке лимондун ширесин сыгып алып, суу менен аралаштырабыз.

3. Сиропту киви боткосуна кошуп, муздаткычка 30 мүнөткө салып коёбуз.

4. Бул лимонадды стакандарга порция кылып куюп берүүгө же болбосо дароо эле графинге даярдоого болот. Эгер графинге куйбай, түз эле стаканга даярдасаңыз 6 аш кашык боткодон салып, үстүнө газдалган суудан куюп, лимондун же болбосо кивинин кесими, жалбыздын жалбырагы менен кооздоп дасторконго коюуга болот.


ДАРБЫЗ ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Дарбыз – 2-3 килограмм

Лимон – 2 даана

Бал – 100 грамм

Газдалган суу – 1 литр

Кооздоо үчүн жалбыз, лимон кесими, муз

Даярдоо ыкмасы:

1. Дарбыздын кабыгын кесип салып, маңызын эзип, сүзгүчтөн өткөрүп алабыз.

2. Сироп. 1 лимондун ширесин сыгып алып, ага балды кошуп аралаштырып сироп даярдайбыз.

3. Графинге дарбыз ширесин, сиропту, муздак газдалган сууну куюп, үстүнө жалбыздын жалбырактарын, лимондун кесимдерин салып аралаштырабыз. Лимонад даяр! Бокалга алдын ала тоңдурулган муздан салып, үстүнө лимонаддан куюп иче берсеңиз болот.


РАЙКАН ЛИМОНАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Райкан – 2 тутам

Лимон – 1-2 даана

Кумшекер – 150 грамм

Суу – 2,5 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Райкандын жалбырактарын сабагынан ажыратып алабыз.

2. Лимонду тегерек кылып кесебиз.

3. Мискейге сууну куюп, райкандын жалбырактарын, лимондун кесимдерин жана кумшекерди салып, 2-3 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарып, капкагын жаап 15 мүнөттөй демдеп коёбуз.

4. 15 мүнөттөн соң лимондун кесимдерин алып салып, кайра капкагын жаап, муздаганча коё турабыз. Бул аралыкта лимонад өзгөчө кызгылт түскө ээ болот.

5. Эми лимонадды сүзгүчтөн өткөрүп, графинге куюп муздаткычка салып коёбуз. Муздаган соң бокалдарга куюп, лимондун кесими, жалбыз жалбырагы менен кооздоп дасторконго коюуга болот. Билгилей кетчү нерсе, бул суусундукту жылуу кезинде чай катары ичүүгө да болот.

Атайын муз тоңдуруучу калыптарга мөмө-жемиштердин кесимдерин салып, суудан куюп, тоңдуруп муз даярдап алууга болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Pandora
2018-06-26 14:07:35
Мазито кана?
0
Byrmachach
2018-06-26 14:19:28
Жайдын күнүндө жагымдуу суусундук экен, жасап ичели. Рахмат)
+3
laboom
2018-06-26 16:26:23
Райкан деген эмне?
-1
shahlet
2018-06-26 22:14:29
laboom,райкан-базилик
+1
toolos1982
2018-06-27 12:39:22
laboom,Райханама
0
Tuke88
2018-06-29 17:14:25
Райкан деген петрушка болот да ошону да билбейсинерби
-2
Snejana
2018-06-30 12:44:22
Tuke88,ха ха жардын го. Экоо эки башка болот. Райхан фиолетывый жалбырак, петрушка такыр башка да.
0
Raha_83
2018-10-26 00:43:35
Базардагы балекетти алып бергенче балдарга кол эки озубуз жасап бергенибиз мин мерте артык
0
№ 816, 22-июнь -28-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан