Көпчүлүк күйөрмандар күтүп келген футбол майрамы 14-июнь күнү Орусияда старт алды. Алгачкы ирет мындай мелдешти тосуп жаткан бул өлкө жогорку деңгээлде даярдык көргөнү байкалууда. Учурда мундиалга катышып жаткан командалардын күйөрмандары Орусия шаарларынын көчөлөрүн шаңга бөлөп жаткан учуру. Футболго келсек, тайпалык оюндардын 1-туру күтүлбөгөн жыйынтыктарга бай болду.
“А” ТАЙПАСЫ
Үй ээлери мелдешке чейин катуу сынга кабылып келген. Бирок алгачкы оюнда Сауд Арабиясын 5:0 эсебинде жеңип, бүтүндөй өлкөнү кубанычка бөлөдү. Бир жеңишке жеткен орус футболчулары өздөрүнө ишене түшүштү.
Египет Салахы жок 90 мүнөт бою ойной аларын далилдегени менен, кошумча убакытта Уругвайдан гол өткөрүп алышты. Экинчи турдук оюнда Салах Орусияга бир гол киргизгени менен, үй ээлери 3 гол киргизишти. Бул жеңиш менен алар 1/8 финалды көздөй бет алышты.
Орусия – Сауд Арабия 5:0
Египет – Уругвай 0:1
Орусия – Египет 3:1
Уругвай – Сауд Арабия 1:0
“В” ТАЙПАСЫ
Роналду бул тайпада ким мыкты экендигин тастыктап жаткан чагы. Ал биринчи оюнда эле Испанияга карата хет-трик жасап, оюнду 3:3 эсебине өзгөрттү. Испандар беттешке бир күн калганда машыктыруучусун алмаштырып, команданы Йерро колго алды, бирок негизги каарман Серхио Рамос болуп жатат.
Экинчи оюнда Марокко толумдуу оюн көргөзгөнү менен, Иранга утулуп калды. Бул эки команда эки дөө-шаага кандай туруштук берери кызыгуу жаратат.
Испания – Португалия 3:3
Иран – Марокко 1:0
Испания – Иран 1:0
Португалия – Марокко 1:0
“С” ТАЙПАСЫ
Гризманн жана анын командасы футболдогу жаңычылдыктар жок болсо Австралияга утулуп калмак. Француздардын пенальтиси калыстын жардамчысы болгон видеокайталоодон кийин гана коюлду. Ал эми экинчиси голду аныктоо технологиясынын жардамы менен аныкталды. Ал эми Перуга видеокайталоо да жардам берген жок. Куэва коюлган пенальтиден жаза басты.
Франция – Австралия 2:1
Перу – Дания 0:1“Е” ТАЙПАСЫ
Фавориттердин жолу болбой жаткандыгына Бразилия дагы мисал. Неймар баштаган "Селесао" Швейцарияны ута алган жок. Коутиньо шумдуктуу соккусу менен эсеп ачты, Цубер экинчи таймда жооптук гол киргизди. Сербия – Коста-Рика беттешинде “Романын” коргоочусу Коларов айып соккудан дарбазага таамай болду. Бул гол мундиалдагы айып соккулардан кирген үчүнчүсү болду.
Бразилия – Швейцария 1:1
Сербия – Коста-Рика 1:0
“D” ТАЙПАСЫ
Исландия эрдик жасоодон тажабагандай. Мунусунда алар Мессини токтотушту. Аргентиналык футболчу пенальтиден киргизе албай, "Альбиселеста" упай жоготууга мажбур болду. Месси бул жыйынтык үчүн өзү жооптуу экендигин моюнга алды. Ал эми Хорватия Нигериядан алда канча күчтүү экендигин көргөзүп, Модричтин жардамы аркылуу ишенимдүү 3 упай алды.
Аргентина – Исландия 1:1
Хорватия – Нигерия 2:0
“F” ТАЙПАСЫ
Алгачкы ири сенсацияны Мексика жаратты. Ацтектер учурдагы Дүйнө чемпиону Германияны 1:0 эсебинде жеңип, таң калтырышты. Озил, Кроос жана Мюллер Очоанын дарбазасына таамай боло алышкан жок. Башкы машыктыруучу Йоахим Лев мыкты оюнчу Лерой Санени курамга албай койгондугунун үзүрүн көрүп жаткан чагы. Эми кийинки оюнда болгон күчүн көрсөтүшпөсө "Бундестим" уят эле болчудай.
Германия – Мексика 0:1
Швеция – Түштүк Корея 1:0“G” ТАЙПАСЫ
Бул тайпанын фаворит командалары алгачкы 3 упайларына ээ болушту. Бельгия Лукаку жана Мертенстин голдору менен ири эсепте жеңишке жетишсе, Англия кошумча берилген убакытта гана утуп алды. Чабуулчу Харри Кейн бурчтан чыгарып берилген топту голго айлантып, англиялыктарды кубанычка бөлөдү.
Бельгия – Панама 3:0
Тунис – Англия 1:2
“Н” ТАЙПАСЫ
Азия менен Африка континенттеринин командалары бул тайпада жеңишке жетишип, тайпадан чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк ала алышты. Колумбия он оюнчу менен Японияга туруштук бере алган жок. Оюндун башында эле Санчес кызыл кагаз алып калган. Сенегал мыкты оюну менен Польшаны тизе бүктүрдү. Левандовски бул жолу дарбазага таамай боло алган жок.
Колумбия – Япония 1:2
Польша – Сенегал 1:2
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg