КОЙ (21.03-20.04)
Аптада үй тиричилик, кыймылсыз мүлк, оңдоо-түзөө иштерине көңүл бурулат. Балдар, эс алуу маселеси да четте калбайт. Маселелерди чечүүдө акча жетишсиздиги сезилет. Мүмкүн, карыз аласыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Туугандар, үйдөгүлөр, чөйрөдөгүлөр менен түшүнбөстүктөр жаралбашы үчүн токтоо болуңуз. Жашыруун сырлар ачыкка чыгат. Чарба иштерин аткаруу керектелет. Унааны текшертип коюу ашыкча болбойт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иш кагаздарын бүткөрүү керектелет. Бир туугандар, сапарга чыгуу маселеси ойлонтот. Чыгым тартасыз же акча издейсиз. Сиз тууралуу ушак чыгышы мүмкүн. Ден соолукка көңүл бөлүп, малга сак болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада айрым каршылыктарга дуушар болосуз. Дос, өнөктөштөр да өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бардыгына себеп – акча. Балдарыңыз, сүйгөнүңүз да керектүүсүн алдырууга даяр. “Жок” деп айтууга батыныңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Көңүлүңүздүн чөгүшүнө өнөктөштөр, жакындарыңыз себепкер болушат. Айтылбаган сырдуу нерселер ачыкка чыгат. Үй-жай, ата-эне, кыймылсыз мүлккө байланыштуу көйгөйлөр жаралса капаланбаңыз, жакынкы күндөрдө баары ордуна келет.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Достор, кесиптештер ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, чыр чыгат. Күнөөлүү адам сиз болуп калбашыңыз үчүн кыраакы болуңуз. Жашыруун маалыматтар ачыкка чыгып, талкууланат. Менменсинүүдөн улам сөзгө калбоого аракеттениңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада бир эле мезгилде акчага байланышкан 2 түрдүү көйгөйгө кабыласыз. Биринчиси – сиз менен жетекчиликтин (же өкмөт адамдары) ортосунда болсо, экинчиси – курбу, өнөктөштөр ортосунда. Каржы тартыштыгы кыйнайт.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Көзөмөл органдары, башка жактык өнөктөштөр тараптан текшерүү, кысым жаралса жогорку даражалуу тааныштарга кайрылуунун кереги жок. Алардан жардамдын болушу кыйын. Андыктан өзүңүз тил табышууга аракет жасаңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Тирешүүлөр тереңдебесин десеңиз чөнтөгүңүзгө көз арткан адам менен тил табышууга аракет кылыңыз (мисалы, көзөмөл органында иштеген). Ушул жана башка себептерден улам сизде акча муктаждыгы жаралат. Күтүлбөгөн жагымсыз окуяга туш болбоо үчүн түндө жалгыз жүрбөңүз
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Достор, балдар жана сүйгөнүңүз тараптан сизге нааразычылыктар жаайт. Түшүндүрүүгө жасаган аракетиңиз текке кетет. Алардын талаптарын аткаруу үчүн акча жумшоого аргасыз болосуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада аяр, сылык болбосоңуз айрымдар (алардын ичинде кесиптештер) менен мамилеңиз бузулат. Үй-жай, тиричилик жана туугандарга байланыштуу маселелерди чечүүдө жакындарыңыз менен кеңешиңиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада акчага, эс алууга, балдарга байланыштуу көйгөйлөр бир топ кыйнайт. Майда уруш чыгуусу да мүмкүн. Жумушту так аткарууга аракеттениңиз. Организмге күч келтирбөө үчүн спирт ичимдигинен, күчтүү тамактан алыс болуңуз.