(Башы өткөн сандарыбызда)
– Ооба, Иман, келдим. Келбегенге аргам бар беле? Сени мындай абалга таштап койгонго көңүлүм эч түтпөдү.
– А Рустамчы?
Айша эрдин кесе тиштеп, башын акырын чайкады.
– Жок, анын ийиге турган түрү жок. Өзүңө окшоп катуу...Сенин ооруп жатканыңды айтып, жаныңда болушум керек экенин түшүндүрдүм. Убакыт өтсө түшүнөр...
Иман Айшага жакын келип, ак аралай баштаган саамайын аста сылады. Жаш тегеренип турган көздөрүнөн акырын өптү. Эриндери дирилдей бакытына, Жаратканга ыраазы болуп жатты.
– Кечирилгис күнөөмдү кечирдиң. Эми мен сени башыма көтөрүп, алаканыма салып өтөм, Айшам... Менин Айшам! Көрсө, сен өмүр бою эле менин Айшам боюнча калган экенсиң.
Таң агарып, жылдыздар суюла баштады. Уйкусунан ойгоно берген Иман өзүнөн көзүн албай жаткан Айшага жылмайып койду.
– Эмне, уктаган жоксуңбу?
– Уктаган жокмун. Сени карап, кайрадан жоготуп жиберүүдөн коркуп жаттым.
– Коркпо, эми ар дайым чогуу болобуз. Кааласаң, жаныңдан бир мүнөт да чыкпайм.
Тагдыр жолдору кайрадан бириккен экөө бактылуу көз ирмемдерди башынан өткөрүп жатышты. Ал эми алардын уулу Рустам да, өз сезимдери менен алек эле.
Коридордо тез-тезден арыштап бара жаткан Рустамдын артынан Айнура чуркап жетип, колдон алды.
– Сен эмне эле дугдуңдап калгансың?
– Ой, салам!
Чын эле уурусун карматкандай болуп, Рустам кызарып кетти. Канча күндөн бери караанын көрүп эле качып жүргөн болчу. Эмнеге качып жатканын өзү да билбейт. Айнуранын алдында күнөөсү бардай кыйналып турду.
Айнура таарынгандай эрдин бултуйтуп турду да, кабагын кайра жарк эттире Рустамды колтуктай калды.
– Билесиңби, мен сага бир нерсе көрсөтөм. Биздин курстагы балдардын баарынын боору эзилип калды. Мен...
Айнура эрди-эрдине тийбей, бир нерселерди айтып жатты. Рустам угуп жатабы, жокпу, аны байкаган жок. Байкабайт дагы болчу.
– Айнура, сен апам тууралуу бир нерсе билесиңби?
– Эмне билишим керек эле?
– Апам...
Рустам көңүлүндө турган нерсени айта албай мукактанып кетти.
– Эмне, экөөңөр урушуп кеттиңерби?
– Жок, бирок...
Айнура анын сөзүнө эч маани бербегендей андан ары сөзүн улады. Аны менен максатсыз басып жүрүп, Рустам көңүлсүз кош айтышты. Мурун апасына шашып жөнөчү жаны ээн үйгө баргысы келбей турду. Жалгыздыгына шыпаа болор, көңүлүн жубатар адамга куса болду. Айдананы ойлоду. Ал ырдачу кафеге кантип буту шилтенип баратканын байкаган жок.
Кафеге кирип, өзүнө тааныш бурчка отурду да Айдана ырдачу жерге акырын көз чаптырды. Мына, кайрадан мукам үн! Эч кимде жок жагымдуу үн. Дилден чыккан, дирилдеген коңур аваз... Сыйкырдуу үнгө жетеленген Рустам көзүн жума берилип укту. Ошондо да моокуму канбагандай сезилди.
Түн ортосунда экөө көңүлдүү сүйлөшүп бара жатышты. Сөздөрү бүтпөй жатты. Асмандагы ай, төбөдөгү жылдыздар тууралуу да сүйлөшүштү.
– Билбейм, бүгүн сага жолукканча дүйнөдөгү эң бактысыз адам мен болчумун. Азыр менден өткөн бактылуу киши жок.
– Кызык, мен дагы бүгүн негедир сени аябай күткөм.
– Айдана...
Рустам кыздын жүзүнө суроолуу карап турду. Сулуунун жайнап турган көздөрү анын бардык суроолоруна жооп берип жаткандай сезилди. Карылуу колдору кыздын белин имере тартып, эриндерине жакындай берди. Таттуу өбүшүү жаш жигиттин канын башына тептирип, калтыраткан ысык сезим кыздын башын тумандатып, эркин майтарып баратты.
– Рустам!
– Чүшш...
– Мен сени сүйөм.
Бири-бирине шыбырап, жүрөктөрү кулундай туйлап турган экөөнө азыр аалам ажайып эле.
ххх
– Рустам, техникаң жакшы!
Устаты Шамил агай Рустамга мээримдүү тигилди. Жигиттин ар дайым ойлуу жүзүндө бир өзгөрүү бар экенин туйду.
– Сага бир адам келип, сыртта күтүп турат. “Сунушум бар, баш тарта албайт” дейт. Өткөндө келгенде кетирип жибергем. Кайра келиптир. Өзүң жооп бербесең кетчүдөй эмес.
– Ал ким экен?
– Сени “ырчы кылам” дейт.
– Мениби? Кантип? Мен музыкантмын да...
– Сен вокал жактан да күчтүүсүң. Анын үстүнө азыр сага аарыдай эле жабышчу учур болуп турат да. Анткени кадимки композитор Иман Исаевдин баласы экениңди эл билип калды. Атаңдын таланты элди багындырып, суктантып келгени чын эмеспи. Мен сени кичине кезиңден билем. Иман агайдын баласы экениңди билгенимде таң калганымды мойнума алам. Чынын айтсам, атаңдыкынан да күчтүү талант эч кимде жок. Ыгы менен колдонсоң...
– Агай, мен ал адамга өзүмдү көрсөтүш үчүн, ал жеткен бийиктиктен ашып түшөрүмдү далилдегим келип, ушул чыйырга түшкөм. Мени анын баласы катары кабыл албашы үчүн, өзүмдүн талантымды элге тартуулаш үчүн эмне кылышым керек? Мен мыкты музыкант болгум келет. Бирок анын баласы болгум келбейт. А бирок сиз айткандай эл мени качан болсо Исаевдин баласы катары кабыл аларын билип турам. Акыл айтыңызчы, эмне кылышым керек?
– Өзүңдөн өзүң качып кутула албайсың, Рустам. Бирок ар бир кадамыңды ойлонуп ташта. Жаңылып калба.
– Тиги кишиңизди киргизе бериңиз, агай.
Рустам алдында турган адамга жатыркай карады. Бою кичирээк, чачы таз, чепилдеген жигит шыпылдай амандашты.
– Оо, Рустам, даңазалуу Исаев!
– Азырынча даңазалуу эмесмин,- деди кырт дей түшкөн Рустам. Алдында турган адамдын майланышкан көздөрү, эрдин жалап тез-тез сүйлөгөнү эч жакпай турду.
– Анда эми даңазалуу болосуң.
Сенин ырдаганыңды уккандар тамшанып жүрүшөт. Мен, продюсер Алым Алпамышев деген болом.
– Укпаптырмын.
– Кабарымды уккан эмес белең. Ха-ха-ха... Мени билбеген киши жок го. Көптөгөн ырчылар менин артымдан таанымал болуп жүрүшпөйбү!
– Ырчылардан кабарым деле жок.
– Сен мени угуп турчу, Рустам. Таланттуу бала экенсиң. Сени мен каалагандай деңгээлге эч ким жеткире албайт.
Тиги киши бир нерселерди айтып жатты. Рустам ага көңүл деле бурган жок. Көз алдына кафеде ырдап жаткан Айдана тартылды. “Чоң сахнага чыккым келет. Бирок кайдан мага! Азыр акчасы барлар гана чыгып калбадыбы? Эптеп ушул кафеде иштеп, апама жардам берип жатканыма рахмат” деген болчу.
Мына, алдында көптөн күткөн мүмкүнчүлүк. Ошол замат башын көтөрүп, тиги кишиге карап калды.
– Мен сиз жылдыз кыла турган таланттуу кызды билем. Эгерде макул болсоңуз...
– Жок, жок, сен коё турчу. Мен сенин талантыңды байкап, сага келип жатпаймынбы...
– Сиз менин талантыма эмес, Иман Исаевдин талантына кызыгып жаткан болбоңуз?
– Курч жигит экенсиң. Атаңа өңүң эле эмес, мүнөзүң да окшош экен. Иман агайды жакшы тааныйм. Анын таланты...
Рустам чекесин тырыштыра башын чулгуп алды. Атасы тууралуу эч нерсе уккусу келген жок. Болгону, Айдананын алдында ачылган мүмкүнчүлүк тууралуу ойлонуп жатты. «Бирок ал макул болобу? Балким, экөөбүз тең келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай колдонобуз...» деп жатты. Алым да тигинин жүзүнө тигилип, өз ойлору менен алышып жатты. «Сулуу жүз, келишкен келбет, талант баары бар экен бул жигитте. Болгону атасына окшоп кер аяк, кежир неме окшойт. Жакшы пайда алып келе турган, күйбөй турган олжо көрүнөт. Кантсе да акырын сүйлөп, макул кылдыруум керек. Тобокел...»
Тагдыр оюну экөө үчүн ушинтип башталды.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)