«Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт». Орусияда мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу кабылган кырсык баарыбыздын сай-сөөгүбүздү сыздатты. Бул окуя чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин абалына дагы бир ирет көңүл бурдурду. Рулда уктап кетип, 8 адамды жарадар кылган Чыңгызга тагылган күнөөнүн бейтарап болушуна Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы Кыргыз элчилиги болгон аракеттерин көрүшөрүн айтышууда. Кыргыз коомчулугу да ага материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп жатышат.
«20 СААТ БОЮ УКТАБАЙ ИШТЕГЕМ»
16-июнь күнү Орусиянын Москва шаарында таксист болуп иштеп жүргөн мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу унаасы менен жолдон тротуарга чыгып кетип, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 8 адам жаракат алды. Унааны тегеректеп, айдоочуну сабап баштагандардан коркуп айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Качканын өзү топтошкондор өлтүрүп коёт деп корккондугу менен түшүндүрдү. Айдоочу эки айга камакка алынып, окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.
Сурак учурунда айдоочу уктап кетип, газ менен тормозду алмаштырып басып алганын айтып түшүндүрдү. Ал 20 саат уктабай иштегенин, ага чейин да 2-3 саат эле уктап алып жумушка чыкканын айткан. Күнөөсүн моюнуна алып, жабыркаган адамдардан кечирим сурады. Бул арада өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кырсыктан жабыр тарткандарга жолугуп, кечирим сурап, аларды Ысык-Көлгө келип эс алуу менен реабилитациядан өтүүгө чакырды.
«ИНИМДИН БОШОТУЛУШУН КҮТҮП ЖАТАБЫЗ»
Чыңгыз үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Эки кызын апасына калтырып, жубайы экөө Орусияда иштеп жүрүшкөн. Анын бир тууган агасы Алмазбек Анарбеков буларды айтып берди.
– Биз 2003-жылы Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келгенбиз. Бул жактан иним экөөбүз «Дордой» базарында жүк түшүрүп иштедик. Окууну бүткөндөн кийин экөөбүз тең Орусияга иштеп келүү үчүн кеттик. Чыңгыздын Орусияда иштегенине 6-7 жылдын жүзү болуп калды. Баргандан тартып ашпозчу болуп иштеп жүрдү. Кийин жетекчиси башка кыргыздарды жумуштан кетиргени жатканда мекендештеринин таламын талашып жетекчиси менен уруша кетип, «алардын ордуна мен жумуштан кетем» деп чыгып кеткен экен. Анан ушул жумушка кириптир.
Кырсык болгондон бир күн мурун эле келиним апама чалып, «апа, Чыңгыз 2 күндөн бери үйгө келбей жатат» деп айтыптыр. Апам Чыңгызга чалып, убакыт-сааты менен уктап иштеши керектигин айтыптыр. Анан эле ушул окуяга кабылып отурат. Бул кырсык. Мындайды эч кимдин башына салбасын. Иним бошотулуп жаныбызга келсе деп күтүп жатабыз. Анын абалынан бардык мигранттардын тагдырын көрсө болот.
«ӨЛКӨБҮЗДӨ АБАЛ ЖАКШЫ БОЛГОНДО ОРУСИЯГА ФУТБОЛ КӨРГӨНҮ БАРБАЙТ БЕЛЕК...»
– Иним иштеген такси кызматында 20 сааттык график менен иштешет экен. Анан план толтурушу керектир. План толтуруп, анан Дүйнө чемпиондугунда иштеп алайын деп жүрө бердиби деп ойлоп жатам. Иним азыр өзүн күнөөлүү сезип жатат. Мындайда, мен да элестетип жатам, жаныңды коёрго жер таппай каласың го. Ал ушунчалык жаман иш кылып алдымбы деп аябай өзүн жаман сезип жатат. Ыйлаганы ошондон. Силер бир тууганы болгону үчүн мактап жатат деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок мен аны жакшы билем. Анын Москвада кыйналган кыргыздарга көп жардам бергенине күбө болгом.
Ал кичинесинен спортко кызыгып машыгып жүрөт. Бир катар мелдештерде 2-3-орундарды жеңген. Өткөн жылы Сочиде өткөн панкратион боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду алган.
Өлкөбүздө татыктуу жумуш орундары болгондо, чет жерде сандалып жумуш издебейт элек. Ал жактагы мигранттардын абалын бийликтегилер жон терилери менен сезе алышпайт да. Азыр биздин өлкөдөгү абал жакшы болгондо Орусияга акча табуу үчүн эмес, эс алганга же футбол көргөнгө барбайт белек. Элдин мындай абалы үчүн кээде бийликтегилерге капа болуп кетем.
2017-жылы чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары Кыргыз мамлекетине 2 миллиард 482 миллион 200 миң доллар которушкан. Учурда ата-энеси чет жерде иштеп, өздөрү туугандарынын колунда жүргөн 24 миңден ашык бала бар. Ал эми бийлик өкүлдөрү салык төлөөчүлөрдүн акчасын, тыштан алынган кредиттерди кандай коротуп жаткандыгын акыркы учурда калкып чыккан коррупциялык иш-аракеттерден байкаса болот.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы иш орундарын түзүп, алдыдагы жылдары мигранттарды мекенине кайтарууга аракет жасаларын убада кылганы ар бир мигранттын эсинде.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg