УЙДУН ТИЛИ УЙКУСУЗДУК МЕНЕН ШАКЫЙДАН АРЫЛУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

Уйдун тили өз алдынча, ошондой эле муздак жана ысык тамактардын, салаттардын негизги курамы катары көптөгөн элдердин ашканасында, анын ичинде бизде да колдонулат. Анда эмесе, уй тилинен жасалган даамдарды сунуштайбыз.

100 граммында 173 килокалорий бар.
Уйдун тили чоңдугуна жараша 800 граммдан 2,5 килограммга чейин болот.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Уйдун тилинин курамында холестерин өтө аз, ал эми белок, темир көп болгондуктан диетологдор анемиядан жабыркагандарга, кош бойлууларга, операция болуп чыккандарга сунушташат.
  • B1, B2, B3, B6, B9, B12 витаминдери бар. Булар организмдеги көмүртек жана майдын алмашуусун жакшыртып, теринин, чачтын абалын оңдойт.
  • 100 грамм уй тилинде 1 суткада керектелүүчү цинктин 40 пайызы бар. Цинк – кандагы холестериндин деңгээлинин төмөндөшүн камсыздайт. Ошондой эле тери ооруларынан, анын ичинде жарадан батыраак айыгууга, урук чыктагыч бездин оорусунан кутулууга көмөктөшөт.
  • Курамындагы PP витаминдери уйкусуздук жана шакый оорусу менен күрөшүүгө жардамдашат.
  • Организмге керектүү хром, натрий, молибден, фосфор, жез, магний, калий да кездешет.


ЗЫЯНЫ ЖЕ КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?
Булчуңдуу ткандардан тургандыктан ашказан жана ичеги ооруларынан жабыркагандарга, улгайгандарга, жаш балдарга көп жегенге болбойт! Сиңирүүдө күч келүүсү мүмкүн.

ФОЛЬГАДА БЫШКАН ТИЛ
2-3 порция
Даярдоо убактысы – 2 саат

Керектелүүчү азыктар:
Уйдун тили – 600 грамм

Таттуу болгар калемпири – 1 даана

Сарымсак – 4-5 тишче

Кургатылган помидор – 4 даана

Зайтун майы – 50 грамм

Туз, мурч – 0,5 чай кашыктан

Тимьян сабакчалары – 12 даана

Даярдоо ыкмасы:

  • Тилди бычак менен кырып, муздак сууга жууп алабыз. Казандагы сууга салып, суу кайнап чыккандан кийин 10-15 мүнөттөй бышырабыз. Алып чыгып терисин сыйрыйбыз.
  • Уругунан тазаланган болгар калемпири узун, ичке, кабыгы тазаланган сарымсактар 2-3кө бөлүнүп тууралат.
  • Тилдин 10-15тей жерин чуңкурураак кылып тешип, ал жерлерге жашылчалардын кесимдерин тыгып чыгабыз.
  • 3-4 кабатталган фольганын бетине фаршталган тилди салып, үстүнө мурчту себелеп, тимьян бутакчаларынын жарымын жайгаштырыңыз. Үстүнө зайтун майын куюп, фольганы бекем ороп, табага салып, алдын ала 200 градуста ысып турган электр мешине салып 1 саат 30 мүнөт кармайбыз.
  • Бышкан тилди алып чыгып, тимьянды алып салабыз да, тилди кесимдерге бөлөбүз. Кесимдерди тарелкаларга салып, үстүнө фольгада чогулган ширеден куюп, зайтун майынан бир нече тамчы тамызып, туздан себелеп, тимьян бутакчалары менен кооздоп дасторконго беребиз. Гарнирге сууга бышкан макарон же күрүч берсе болот.


МАКАРОН МЕНЕН ЫСЫК ТАМАК

4 порция
Даярдоо убактысы – 3 саат

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун тили – 400 грамм

Тальятелле макарону (же башкасы) – 400 грамм

Майлуулугу 30-38% болгон сүт (сливки) – 300 грамм

Сарымсак – 4 тишче

Петрушка – 1 кичине тутам

Зайтун майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Пармезан сыры – 50 грамм


Даярдоо ыкмасы:

  • Уйдун тилин сууга бышырып, терисин сыйрып, чоңдугун 7-8 миллиметрдей кылып төрт чарчы тууроо керек. Сарымсакты жанчып алабыз.
  • Петрушканы майдалап туурап, сарымсакка кошуп аралаштырабыз. Сырды сүргүчтөн өткөрүү керек.
  • Макаронду туздуу сууга бышырабыз. Ал бышкыча казан көмөчкө зайтун майын куюп тилди кууруңуз. Үстүнө сарымсак менен петрушканын аралашмасын салып аралаштырабыз да, сүттү куюп кайнаганга чейин отто кармайбыз. Бышкан макаронду чыгарып, казан көмөчтөгүлөрдүн үстүнө салып, чогуу дагы 1 мүнөт кармоо керек. Мурч салганды унутпаңыз. Тарелкаларга салып, үстүн петрушка менен кооздоп, сырдан себелеп коёбуз.



БАДЫРАҢ, СЫР КОШУЛГАН САЛАТ

2 порция
Даярдоо убактысы – 3 саат

Керектелүүчү азыктар:

Уйдун тили – 300 грамм

Бадыраң – 2 даана

Катуу сыр – 100 грамм

Болгар калемпири – 1 даана

Картошка фри – 60 грамм

Каймак (же майонез) – 3 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Картошка фринин даярын алып же өзүңүз жасасаңыз болот. Жасоо ыкмасы: 2 даана картошканы аарчып, жууп, ичке узун таякча түрүндө тууроо керек. Муздак сууга салып, крахмалы чыксын үчүн 30 мүнөттөй коюу кажет. Анан муздак суу менен 2-3 ирет чайкап, кагаз салфетка менен аарчып кургатып, ысып турган майга салып бышырып аласыз.
  • Тилди сууга салып бышырып, чыгарып, муздак суу менен жууп, терисин сыйрыйбыз. Эми узун ичке кылып туурайбыз.
  • Болгар калемпири, сыр, бадыраң узун ичке таякча түрүндө тууралат.
  • Тууралгандардын баарын идишке салып, үстүнө каймак, туз кошуп, аралаштырып, муздаткычка 10 мүнөт коёсуз. Алып чыгып үстүнө картошка фриден салып койсоңуз, салат даяр.



Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан