Орусияда мекендешибиз тирүүлөй күйүп кетти. Ал эми маркумдун 20 жаштагы кайниси денесинин 80 пайызы күйүп оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Өрт койгонго шектелип маркумдун күйөөсү кармалды. Бир жашка чыга элек кызды, 5 жашар уулду энесиз калтырган каргашалуу окуя эмнеден улам чыккан?
“ШЕКТҮҮ АЛДЫН АЛА КӨРСӨТМӨЛӨРДҮН НЕГИЗИНДЕ КАРМАЛГАН”
Бул окуя боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова төмөнкүлөрдү билдирди:
– 24-июнга караган түнү Орусиянын Ленинград облусундагы Шлиссельбург шаарындагы соода күркөсүндө өрт чыгып, анын кесепетинен 1991-жылы туулган кыргыз жараны каза тапкан. Анын 1998-жылы туулган тууганы денесинин 80 пайызы күйүп, оор абалда “Тез жардам” менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Орусиядагы Кыргыз элчилигинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте окуянын жагдайларын билүү, компетенттүү органдар жана оорукананын врачтары менен жолугушууларды өткөрүштү. Ишти тергеп жаткан тергөөчүнүн маалыматына караганда, окуя боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун Э.М. аттуу күйөөсү кармалган.
Шектүүнүн жактоочусунун айтымында, Э.М алдын ала көрсөтмөлөрдүн негизинде гана кылмышка шектүү катары кармалган. Консулдук, Орусиядагы кыргыз диаспорасы жана Ысык-Көл жердештер уюму тарабынан маркумдун туугандарына материалдык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага түшкөн жарандын абалы да көзөмөлдө. Врач-реаниматологдун айтымында, организмдин жаш болгондугу үчүн жана бөйрөктөрү иштеп жаткандыктан ал жигиттин айыгып кетүүсүнө үмүт бар. 25-июнда оорулууну Ленинград облусунун клиникалык ооруканасына которуу чечими кабыл алынган. Жердешибиздин абалын көзөмөлдөө максатында күйүк бөлүмүнүн жетекчилигине расмий кат жөнөтүлдү. Ошондой эле маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам берип жатабыз.
“ЖАКЫНДА БИШКЕКТЕН ТАМ САТЫП АЛЫП, МЕКЕНИНЕ БИРОТОЛО КЕЛИШМЕК”
Орусиянын ММКларынын жазганына караганда, полиция кызматкерлери маркумдун күйөөсүн кармаган учурда ал мас абалда болгон. Шектүү кызганычтын айынан аялын дайыма сабап жүргөнүн, бирок өрткө катыштыгы жок экендигин айтып көрсөтмө берген. Кылмышка шектүүнүн бир тууган иниси Самат Мамытов агасынын мындай ишке барганына ишенбейт:
– Агам 7 жылдан бери Орусияда иштейт. Алгач Санкт-Петербургда ашпозчу болуп иштеди. Бир жылдан кийин жеңем менен таанышып, баш кошушкан. Орусияда дагы, биздин айылда дагы үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Шлиссельбургга барганына 2-3 жылдай болду. Ал жакта тоок фабрикасында иштеп жаткан.
Жеңем экөө ынтымактуу жашашчу. Агам кеч үйлөнгөн. "30дан ашканда уулдуу болдум" деп аябай кубанган эле. Ортолорунда 5 жаштагы уулу жана 9 айлык кызы бар. Өздөрү 2-3 айдын ичинде Кыргызстанга биротоло келип, Бишкектен там алабыз деп жатышкан.
Бизге жеткен маалымат боюнча, агамдын өрткө эч кандай тиешеси жок. Кичүү иним да ошол жакта иштейт, ал тааныштарынан жеңеси иштеген дүкөндүн өрттөнүп жатканын угуп, агамды уктап жаткан жеринен ойготуп ээрчитип барыптыр. Алар барганча баары өрттөнүп бүтүптүр. Агам өрттөн кийин барып жеңемди өзү алып чыгыптыр. Азыр болсо аны кылмышка шектүү катары карап жатышат. Агам күнөөлүү болушу мүмкүн эмес. Ал андай ишке барбайт. Алар менен чогуу жүргөн биздин туугандар, кайын журтунун баары агамдын андай ишке барбай турганын айтып жатышат. Биз агамдын күнөөсүз экенине ишенебиз жана аны бошотууга аракет кылабыз.
Ошол күнү ал жерде эмне болгонун билбейбиз. Балким, өчөшкөн адамдар бардыр. Өзүбүзгө келе албай, эмнени ойлоорубузду билбей жатабыз. Бизге азыр чындыгында оор. Апам дары менен жашап жатат. Күйүп, ооруканага түшкөн жигит аталаш агамдын уулу.
“ДОСУБУЗ МЕНЕН АЯШЫБЫЗ ЫНТЫМАКТУУ ЖАШАШЧУ”
Э.Мнын Орусияда иштеген досу Кубан Карыпов окуя боюнча буларды билдирди:
– Досубуз менен аяшыбыз ынтымактуу жашачу. Досум иштеген жеринде жакшы кызматкер болчу, кадыры бар үчүн 200гө жакын мекендешибизди жумушка орноштурган, өзү адамгерчиликтүү. Тойлордо гана ичимдик ичип койчу.
Окуя болгон күнү алар кайын журтуна шерине өткөрүп беришкен. Анан эле бул каргаша окуя болуп кетиптир. Негизи ошол күнү бүтүрүү кечеси болгондуктан бардык дүкөндөрдө ичимдик ичүүгө тыюу салынган. "Балким, ичип алып, дагы ичкиси келген кимдир бирөө деле өрттөп жибергендир" деген да божомолдор бар. Биз досубуздун мындай ишке барганына ишене албай жатабыз. Өз көзүм менен көрбөгөндүктөн, башка эч нерсе айта албайм.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg