ЧҮЙДӨ 6 ЖАШТАГЫ КЫЗ ЗОРДУКТАЛДЫ. КЫЛМЫШКА 13 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

20-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында 6 жаштагы секелек кыздын зордукталганы боюнча жүрөк титиреткен маалымат тарады. Бул кылмышка ал кыздын кошунасы, 13 жаштагы өспүрүм шектелүүдө.

«КЫЗЫМДЫ КӨРҮП ЖҮРӨГҮМ ТҮШҮП КАЛДЫ»
Биз ооруканага барып, апасынан кичинекей секелектин ал-абалын сурап жооп алдык:

– 20-июнь күнү биз конок чакырган элек, аларга тамак-аш даярдап алаксып жүргөм. Күндө эле көчөдөгү кыздар-балдар чогулуп ойнойт да, ал күнү деле кызым адаттагыдай кошунанын кыздары менен көчөдө ойноп жүргөн. Кечки 5 жарым чамасында кыздардын үнү угулбай калганынан көчөгө чыксам эч ким көрүнбөйт, кошунаныкына барсам анын кыздары үйүндө экен. Андан чыгып кызымды издеп жогору жакты көздөй бет алдым, ошол убакта алдымдан дагы бир кошунанын кызы чакырып чуркап келди. Жүгүрүп барсам кызым жолдун боюнда туруптур, бир топ жерге чейин өзү басып келиптир да. Бети-башы, буту кан, оозунун тегереги, колдору көк ала экен. Көрүп жүрөгүм түшүп калды. Өзү нес абалында жалдырап туруптур. «Эмне болду?» деп сурасам, кошунанын баласын айтып «аябай сабады, оозума арак куйду» деди. Ошентип эле ызы-чуу түшүп калдык.

«ОГОРОДДУН ЧЕТИНЕ АЛЫП БАРЫП КОРДОПТУР»

– Көрсө ойноп жатканда кызымдын мурду канап кетет. Аны жууганы мындай басса кошунанын баласы күчүк көрсөтөм деп алдап чакырып, көтөрүп кетиптир. Ал бала өзүнүн эле огородунун четине алып барып кызымды кордогон экен. Чарбактын ары жагы ээн талаа, бала кызымды көтөрүп кеткенин эч ким көрбөй калыптыр. Ал жактан кимдир бирөөлөр ичип, түбүндө калган эки бөтөлкөдөгү арак таап алып, аны кызымдын оозуна куюптур. Таяк менен сабагандан колу-бутунда көк ала болуп издер калган экен. Аркасына учтуу нерсе менен «М» деп тилип жазып кыйнаптыр. Анысы аз келгенсип алаасын таяк менен чукулап, кордоптур (эне сөзүн уланта албай ыйлап жатты). Кызым кыйкырып ыйлаганда талаадан бир кошунабыз өтүп баратып тиги бала кызымды сабап жатканын көрүп калган экен. Ал кыйкырып жеткиче бала качып кетиптир.

«КЫЗЫМ АТАСЫ ЭКӨӨБҮЗДӨН БАШКА КИШИНИ КӨРГҮСҮ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»

– Кызымды көтөрүп алып ошол баланын үйүнө чуркап бардым. Апасы короодо кир жууп отурган экен. «Жеңе, балаңыз ушинтиптир» десем эле ал жолдошун чакыртып, машина менен кызымды Бишкекке алып келдик. Ооруканадан врачтар дароо кызыма операция жасашты. Палатага которулгандан кийин башка оорулууларга келген эркек кишилерди көрсө чаңырып ыйлай бергенинен акы төлөнүүчү өзүнчө палатага которулдук. Кызым атасы экөөбүздөн башка кишини көргүсү келбей калыптыр. Психолог менен иштеше баштадык. Врачтар кызымдын жоон ичегисин сыртка чыгарып коюшту. Алдыда дагы бир нече операция жасаш керек, айыгат дешти. Эми Кудайдан шыпаа тилеп отурабыз.

«БУГА ЧЕЙИН БИРИ-БИРИН ЖАКШЫ ТААНЫШЧУ, ЧОГУУ ОЙНОШЧУ»

Бир айылда эле чогуу ойноп чоңойгон балдар да. Буга чейин бири-бирин жакшы таанышчу, бири-биринин үйүнө кирип-чыгып эле жүрүшчү. Түшкө киргис окуя болуп кетпедиби... Баланын акыл-эси кем деп жатышат, бирок мен анысын билген эмесмин. Мектепке барчу эмес, анын себебин деле сурабаптырмын. Кээде ойноп жатып жини келгенде балдарды уруп жибермей жайы бар болчу, урушуп койсок кетип калып, аздан соң эле кайра келип ойноп кетчү. Ооруканага түшөрүбүз менен милиция кызматкерлери келип, экспертизага керектүү нерселердин баарын алып кетишти. Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.

«БУЛ ЭМИ ӨМҮР БОЮ ТАК БОЛУП КАЛАТ ДА»
Биз маектешип жатканда жабырлануучу кызга психолог келип, апасы аны ээрчитип палатага кирип кетишти. Сөзүбүздү кыздын атасынын карындашы менен уланттык:

– Эки үй-бүлө үчүн тең оор жагдай, жаман окуя болду. Баарыбыз стресс абалындабыз. Кызыбыздын абалы бул, дарыланууга, физикалык, психикалык жактан калыбына келүүсүнө канча убакыт кетет бир Кудай билет. Өмүр бою так болуп калат да баары бир. Баланын ата-энеси «кечирип койгула, баламды аласыңарбы, өзүңөр билгиле» деп жатышат. Биз эч кимди урушкан жокпуз, баласын алып эмне кылабыз? Баарын мыйзам жолунда чечишели дедик. Азыр врачтардын жардамын жана экспертизанын жыйынтыгын күтүп отурабыз.

25-июнда Кызыл-Бирлик айылынын активисттери чогулуп, айыл аксакалдарын, айыл элин чакырып чогулуш өткөрүштү. Ал жакта мындай чечим кабыл алыныптыр: баланын ата-энеси кызыбызга атайын эсеп ачып, жакынкы үч ай аралыгында 200 миң сом которушат экен. Кыз 18 жашка чыккандан кийин ал акчаны өзү пайдаланат. Андан тышкары ооруканага кеткен чыгымдарды бүт төлөп бермей болушуптур. Баланын атасы «мен баламдан баш тартып, толук өкмөткө өткөрүп бердим. Качып келсе да кайра өткөрүп берем» деп баласын психиатриялык ооруканага жаткырып келиптир.

Агам ден соолугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Жеңем санитарка болуп иштечү, анын айлыгы деле аз. Апам кичинекей 2 небересин карап үйдө. Үй-бүлөдө жалгыз жеңем иштечү эле, ал да кызы менен ооруканалап жүрөт. Азыр баарыбыз жардам берип чуркап жүрөбүз. Алдыда дагы оор күндөр турат.

Кылмышка шектелип жаткан өспүрүмдүн апасы окуя тууралуу комментарий бере албай турганын айтты.

«УЧУРДА ТЕРГӨӨ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ»
Аталган окуя боюнча милиция кандай чара көрүп жатканын билүү үчүн Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Имангазиевага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– 2018-жылдын 20-июнь күнү саат 21:00 чамасында Аламүдүн районунун нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү ооруканадан жашы жете элек кыз кордолгону боюнча билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барып, ошол эле күнү кечки саат 5 менен 6нын аралыгында 2004-жылы төрөлгөн өспүрүм бала 2011-жылы туулган кызды зордуктаганы билинген. Аталган факт боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык, ал эми аны зордуктады деп шектелип жаткан балага соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Ушундай оор окуя катталса деле кылмыш иши козголо элек. Чүй ОИИББинен «экспертизалардын жыйынтыгы чыкмайынча кылмыш иши козголбойт» дешти. Кылмышы далилденген күндө деле кылмышкерге карата экспертиза "акыл-эси кем" деген жыйынтык чыгарса, ал жазадан кутулуп кетет.
Ушул сыяктуу эле окуя былтыр февраль айында Сокулук районунда катталган. Анда 8 жаштагы кызды 30 жаштагы адам артынан ээрчип келип, киши жок жакка сүйрөп кетүүгө аракет кылган. Бактыга жараша кыз качып кутулган, ал адам милиция тарабынан кармалган. Бирок соттук-психиатриялык эксперттер аны "психикалык жактан оорулуу, амбулатордук түрдө дарылансын" деп чечим чыгарган. Ушул корутундунун негизинде кылмышка шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголгон эмес жана корутундуга ылайык ал үйүндө «дарыланмакчы» болгон. Башкача айтканда, коом үчүн кооптуу адам баштагыдай эле эркиндикте калган.
Мындан улам жогорудагы окуядай баламдын тагдыры талкаланбасын десеңиз, балдарыңызга сак болуңуз, ата-эне!


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
dinikyz
2018-07-03 10:32:59
Азыркы замандын балдары эмне болуп атат? Байкуш кыз омур бою эсинен кетпейтда жакшы болуп кетсин кудайым шыпаасын берип.
+5
monster_high_98
2018-07-03 12:38:11
Бирок маегин байкасак эки уй було тен акыл эстуу, намыстуу уй булолордон окшойт, бири бирине доосун уйбой болгонун болгондой эле айтыптыр, чындыгында кызга моралдык жактан катуу сокку алды, орду толбойт, сот чечимин кутобуз
+10
LoLoPePe
2018-07-03 13:06:25
Психикалык жактан оорулуу ХХХ адамдарды, коомдон алыс кылып ХХХХ, оорулуу экен деп эле жазадан кутулуп эркиндикте журо берсе ким билет эртенки куну дагы кандай кылмыш кыларын, эч ким кепилдин бералбайт, ошондуктан ХХХХ кайрадан мыйзам кабыл алып, учурдагы акылга сыйбас мыйзамынарды жок кылгыла, мындай кылмыш кылган ХХХХ жок кылуу керек.
+2
admin_media
2018-07-03 13:46:51
LoLoPePe, коомдук адепке туура келбеген, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
-2
tekebaeva.Arzu
2018-07-03 13:10:02
Баласынын оорусун билгенден кийин окмотко мурда эле откоруп бербептирда,каап десе.
+4
aydarken
2018-07-03 14:01:48
кыздарыбызды көчөдө ойнотуштан коркуп калдым
+2
Shokoladka94
2018-07-03 14:44:24
Кыйын болуптур эки жакка тен. Баланы эми чыгарбаш керек псих.больницадан, коомго коркунучтуу адам болуп калды да
+1
Ayjan.Akyl
2018-07-03 21:01:01
Мага бир ой келди балким ошол ичип отурган кишилер да байланышта болбосун он уч жашар бала анчалык нерсени жасаганга кумонсудум озумчо анан талап кетпегиле бул менин оюм
0
Zaina
2018-07-04 08:43:13
Ayjan.Akyl, 13 эмес, акыл эси тайкы 10 жашар бала деле кылбаган нерсени кылган. Так что 13 жашар бул андайга кучу жетет.
0
ernis-osh
2018-07-05 16:00:51
Урматтуу Супер инфо гезитинин бардык жамааты, силерден суранаарым ушул жана ушуга окшош иштерди,кылмыштарды чыгарбай эле койсонор, гезит сатып алган жарандар жакшы жанылык окуйун,эмне кызыктар бар деп жакшы умут менен алат туурабы, ушундай маалыматар жакшы жанылыка киреби? Зордоду, олтурду, сууга чогуп кетти, ортолду, тоноду кандай жаман...
-3
Snikers18
2018-07-06 16:56:35
Кудай шыпаасын берип, эртерээк айыгып кетсин оомийн!Жабырланган кыздын жана жабырлаган баланын да жакындарына сабыр берсин Жараткан.
0
nurhan2702
2018-07-06 23:18:03
Ото жаман окуя болуптур, байкуш кыздын тагдыры талкаланып.Ал эми баланын Ата -энесинин деле айласы кетиптир .Кудайым бала берсе да келечеги кенен ,бактылуу ,акылы мн берсин
0
Shaa-82
2018-07-07 12:42:44
Окуп отуруп ыйлагым келди. Байкуш кыздын тагдыры эмне болот эми. Башка жака кочуп кетиш керек.
0
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан