ОРУСИЯ-2018: МЕССИ ОЮНДА...

«А» ТАЙПАСЫ

Тайпадан чыгуу маселесин 2-турдук оюндардан кийин эле Орусия менен Уругвай чечип коюшкан. 3-турдук оюндар кайсы команда канчанчы орун менен чыга тургандыгын аныктамак. Үй ээлери Суарес жана Каваниге туруштук берүүгө даяр эместигин көргөзүп, ири эсепте жеңилип калды. Буга Орусия анча кайгырган жок, башкысы 1/8 финалга чыга алышты. Салах мундиалда 2-гол киргизгени менен, Сауд Арабия 3 упайга ээ болду. Египет бул чемпиондукта күйөрмандары арткан ишеничти актай алган жок.

3-тур

Орусия 0:3 Уругвай
Египет 1:2 Сауд Арабия

«В» ТАЙПАСЫ

Башкы фавориттер уят болуп кала жаздашты. Иран жана Марокко атаандаштарын акыркы мүнөттөргө чейин бош коюшкан жок. Иран Португалиянын дарбазасына 90-мүнөттө жооптук гол киргизип, калган кошумча убакытта дагы бир мүмкүнчүлүк жаратышты. Ал гол киргенде бул оюнда пенальтиден жаза баскан Роналду мундиаль менен кош айтышмак... Бирок Тареминин соккусу голго айланган жок.

Испаниянын чабуулчусу Аспас кошумча берилген убакытта гол киргизип, «Кызыл фурияга» тең чыгууну алып келди. Жыйынтыгында алар тайпада 1-орунду ээлешти.

3-тур
Испания 2:2 Марокко
Португалия 1:1 Иран

«С» ТАЙПАСЫ

Франция тайпада көзгө толумдуу оюн көрсөтпөсө да 7 упай топтоп, 1-орун менен чыкты. Айтылуу чабуулчулар Гризманн жана Мбаппе азырынча бирден гана гол киргизишти. Ал эми экинчи орун менен Дания кийинки баскычты көздөй бет алды. Коргонууну биринчи орунга койгон европалыктар тайпада 5 упай топтой алышты.

3-тур
Франция 0:0 Дания
Перу 2:0 Австралия

«D» ТАЙПАСЫ

Аргентина тайпадан чыкпай калуу коркунучунан 3-турдук оюндун 86-мүнөтүндө гана кутулду. Мессинин командасына Нигерияны утуу менен Исландиянын жеңилүүсү керек эле. Оюндун акыркы мүнөттөрү дал ушундай таризде өттү. Рохо Нигериянын дарбазасына гол киргизсе, хорваттар экинчи голду Исландияга киргизди.

3-тур
Аргентина 2:1 Нигерия
Хорватия 2:1

«Е» ТАЙПАСЫ

Неймардын Бразилиясы Коста-Риканы акыркы мүнөттөрдө гана жеңе алышты. Бул оюнда да тизгинди колго Коутиньо алды. Анын соккусунан эсеп ачылып, соңку мүнөттө Неймар чемпиондукта алгачкы голун киргизди. Экинчи оюнда Жердан Шакири Сербиянын эсебин таап, мыкты голу менен жеңишти Швейцарияга алып келди.

2-тур
Бразилия 2:0 Коста-Рика
Швейцария 2:1 Сербия

«F» ТАЙПАСЫ

Чемпионду уят болуудан Кроос сактап калды. Германия Швеция менен болгон оюнда жеңишке жетишпесе, үйлөрүнө жөнөшмөк. Оюндун соңку секунддарында айып соккудан гол киргизген Кроос немистердин сактоочусу болуп калды. Эми Германия кийинки оюнда да жеңишке жетишүүсү керек. Мексика Кореянын дарбазасына эки гол киргизип, тайпадан чыгуу маселесин дээрлик чечип койду.

2-тур
Германия 2:1 Швеция
Түштүк Корея 1:2 Мексика

«G» ТАЙПАСЫ

Бул тайпа бомбардирлер тайпасы аталып калды. Англиялык Харри Кейн эки оюнда 5 гол киргизип койсо, Бельгиянын чабуулчусу Ромелу Лукаку 2 оюнда 4 гол жаратты. Панама менен Тунис бул тайпада аутсайдерлердин ролун гана аткарып, Европанын командалары менен тең тайлаша алышкан жок.

2-тур
Бельгия 5:2 Тунис
Англия 6:1 Панама

«Н» ТАЙПАСЫ

Роберт Левандовски чемпиондук менен кош айтышты. Польша Колумбиядан 3 гол өткөрүп, ири эсепте жеңилүүгө аргасыз болушту. Радамель Фалькао мундиалда алгачкы жолу айырмаланса, Хамес Родригес оюндун башкы каарманы аталды. Экинчи оюнда Сенегал менен Япония кызыктуу беттеш тартуулап, 2:2 эсебинде упай бөлүшүштү.

2-тур
Колумбия 3:0 Польша
Сенегал 2:2 Япония


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Arsenal93.
2018-07-03 11:08:43
А мен лично Францияга.
-1
monster_high_98
2018-07-03 12:56:21
Arsenal93.,Мен да Франция алса экен деп жатам,
-1
Floweriza
2018-07-03 12:18:10
Испанияны колдоп жаткам Россиядан женилип калып аябай настроением тушту,негизи аябай жакшы ойношту тактикасы кучтуу,пас берип 76%топ испанияда болду бирок орустар воротанын жанына туруп алышып мыкты коргонушту топ тоголок деген ушул экен да аябай ичим ачышты Рамостун,Исконун ыйлагандарын коруп.Тим эле орустар кочону башына кийип алышты го кыйкыра берип,озум Россияда болсом да именно орустарды колдобойм.
0
Karasuu27
2018-07-03 22:17:03
Бельгия чемпион
+1
admin_media
2018-07-04 16:17:37
barsbegKG, саламатсызбы! Катачылык оңдолду, рахмат.
-2
S.A.J.R
2018-07-04 17:46:05
Бразилия чемпион болот куда каласа
-4
Kukuwa
2018-07-06 02:51:42
Франция
0
Omka-1996
2018-07-06 17:54:18
Жалан эле Европа чемпион боло бербей Туштук Америкадан болсо жакшы болот а то 2006 2010 2014 3 жыл катары Европа
0
Omka-1996
2018-07-06 17:55:54
Тан калычтуусу 1998 жыл Франция женсе 2002 жылы группадан чыкпай калган 2006 Италия женсе 2010 жылы чыкпай калган 2010 Испания женсе 2014 чыкпай калган 2014 жылы Германия женсе быйыл чыкпай калышты го совпадение не думю деп жле
+2
Akmatov030
2018-07-08 10:39:02
Бельгия алга
+1
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан