Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АДАМ ЖЕҢГЕНДИ ДА, ЖЕҢИЛГЕНДИ ДА БИЛИШ КЕРЕК»

– Айчүрөк эже, көп жылдан бери сахнадан ордуңузду жоготпой келе жатканыңызга кандай сапаттарыңыз жардам берди деп ойлойсуз?

– Туура айтасың, чоң сахнага чыкканыма 30 жылдан ашыптыр. Мурун эстрада жанрын өгөй бала катары көрүп, жакшы көңүл бөлүшкөн эмес. Ошол себептен сахнада көп жыл кармалуу кыйын болчу. Чыгармачылык жолумда мен калп айтып, бирөөнү алдап же жеңил оокатка азгырылган жокмун. Мени айылда таене-таятам багып өстүрүшкөн. Алар Совет доорунун адамдары болгондуктан таалим-тарбияны да жакшы беришти. Бирөөнүн бир нерсесин жула калуу, көз артуу же калп айтуу мага одоно көрүнүш. Ким эмне дебесин эл алдында ишиң таза болсо, убакыт баарын өз ордуна коёт экен.

Сахнага 1990-жылдары чыгып, 5 жылдан кийин эл аралык сынактарга катышып баштагам. Ошондон бери элдин назарынан түшпөй, өнөрүмдү багып, өркүндөтүп келем. Чет өлкөлөргө чыгып эл аралык сынактарга катышып лауреат, дипломант болдум. Акыркы 8-9 жылдан бери таланттуу кыздарды алып барып, байгелүү орундар менен келип жатабыз.

– Илгери артисттер элди ырлары менен сугарып, эл маданият өкүлдөрүн ээрчип тарбияланчу экен. Азыр артисттер элди ээрчип, жеңил-желпи той ырларына басым жасап калышты...

– Ар нерсенин өз убагы болот. Мунун баарын мен убактылуу деп билем. Бизде жеңил-желписи да, кыргыз калкынын тумары болуп илгертен ырдалып келгени да, келечекте ырдала берчү ырлар да арбын. Бул кадимки көрүнүш. Менимче, жаманы болбой жакшы нерсенин баркы билинбейт.

– Кыргызда «жолу ачык адам» деген түшүнүк бар. Алардын жолу дайым шыр болот. Ошол эле учурда Кудайдын сүйгөн пендеси деп сыноого көп тушуккандарды айтып коюшат. Сиз кайсы түрүнө киресиз?

– Мен өз киндигимди өзүм кескем, мага эч нерсе оңой келген эмес. Азыркы болгон байлыгым – үй-бүлөм, күйөрмандарым, ырларым мага чоң эмгектин артынан келди. Албетте, мунун баары Кудайдын колдоосу менен.

– Сиздин өмүрүңүзгө, балдарыңызга коркунуч туудурган окуялар болду. Чыгармачылыкка жаңы аттанган жаштар чыйыр жолдо сынып калбашы үчүн кандай кеп-кеңешиңизди айтасыз?

– Өткөн нерселерге кайрылып отурууга убактым жок, чынында. Бир келген жашоодо колдон келишинче татыктуу жашап өткүм келет. Калган нерселерди убактылуу нерсе деп ойлойм. Ырчы болуу – бул оңой-олтоң иш эмес. Чоң сахнага аттанып жаткандар биринчи билим алышсын. Анан, албетте, үн, талыкпаган эмгек керек.

– Жашыңыз өткөндө сулуулукту сактап калуу үчүн пластикалык операция сыяктуу кызматтарды колдонушуңуз мүмкүнбү?

– Эл көзүндө жүргөндөн кийин келбетти бир калыпта кармап жүрүү керек. Бул чынында эле оор. Энемин да, үйдө болгондо балдарга тамак-аш жасайм, кээде чарчаганда эшикке чыккым келбей балдарым менен эркелешип жатып алам. Ошентип жүрүп билинбей эле толуп кеткен учурларым болду. Бул менин кемчилигим деп билем. Бирок спорт менен машыгып жатып, кайра калыбыма келип алдым. Ал эми ботокс деген сыяктуу каражаттарды колдонуп көргөн эмесмин. Косметологум андай нерселерди мага сунуштабайт. Азыр укмуш жаңычылдыктар чыгып жатат. Келечекте кандай болот, аны көрө жатарбыз.

– Чыгармачыл адамдар гастролдо жүрүп балдарына көңүл бөлө албай калганын «аттиң» кылышат. Сизде ушундай өкүнүчтөр болду беле?

– Ооба, өкүнгөн күндөр болду. Баланы энедей эч ким карай да, тарбиялай да албайт. Мурун шарт башкача эмес беле, гастролго көп чыкчубуз. Азыр болсо, өзүңүздөр деле байкасаңыздар, чет мамлекетке болобу, кайда барбайын балдарымды дайыма жанымда алып жүрөм. Көпчүлүк учурда алыска чакыруулар чыкса балдарды бирөөлөргө ишенип калтырып кете албайм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бизде азыр баары жакшы.

– Жакында Хакасияда өткөн эл аралык сынакта сиз таптаган Милана аттуу ырчы кыз биринчиликти багындырып келди. Жеңишиңиздер тууралуу айтып берсеңиз.

– Милананы кичинесинен билем. Апасы "эл аралык сынактарга көп барасыз, кызыбыздын үнүн угуп көрүңүзчү? Жараса алып барып көрбөйсүзбү?" деп сунуштап калды. Үнүн угуп эле жактырдым. Милана азыр болгону 19 жашта, сынакта анын тембри өзгөчө деп жогорку бааны беришти.

– Сынакка чогуу барган кесиптештериңиз менен түшүнбөстүктөр болуптур. Бул нерсе атаандаштыктан улам чыктыбы?

– Буга чейин деле эл аралык сынактарга өлкөнүн атынан 2-3 катышуучу болуп барып, негизги орундарды алып келебиз. Биз ал жакка барганда мени Айчүрөк, кызымды Айчүрөктүн кызы же баланча деген ырчы деп таанышпайт. Баарыбызды эле Кыргыз мамлекетинин өкүлдөрү деп билишет. Ар бир адам жеңүүнү да, жеңилүүнү да билиш керек. Кандай окуя болсо да жеңилгендер өздөрү күнөөлүү. Негизгиси биз Кыргыз жеринен барып, биринчиликти алып келдик, ошол маанилүү эмеспи. Сынакка 20дан ашуун өлкө катышты, биздин максат – Кыргыз өлкөсүн алдыга сүрөө болду. Ал жерде менден башка 10дон ашуун өлкөдөн келген калыстар отурат. Милана болобу, башкасыбы, талантын баалап, күчтүүлөрү тандалды. Мисалы, «Динамо» футбол клубун караңыздарчы, баары биригип бир команда. Чогуу ойноп, атаандаштарынын дарбазасына топ киргизет. Командадан бирөө гана топ тепсе, аны жеңди дебейт да, туурабы? Өлкөнүн аты чыгат.

Кандай окуя болсо дагы бул Кудайдын буйругу. Бир сынак менен жашоо токтоп калбайт. Жаштардын келечеги али алдыда.

"Кайсы эл аралык сынакка барбайлы, байгелүү орундар менен келебиз".
"Балдарымды дагы деле эч кимге ишенип таштай албайм".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
gulzat85
2018-07-04 11:33:08
Жакпайт такыр.
+2
orxidey
2018-07-04 12:50:44
Чындыгында жаштарга жакпайт алар кайдан билет анын ырларын баарыле анжеликанын тарапташтары бирок силер ушул Айчуроктун 10% сулуулугун ырларын аткара аласынарбы.
-8
zoya
2018-07-04 13:46:36
Кайсы конкурстарды эле айтат дайыиа дейтго ьайгелуу орун алам деп мактанчаак ий мактанчаак
+2
al79mi
2018-07-04 15:18:55
Элдин алдында чыгып эки ооз суйлой албайбыз дагы сын таксак укмушпуз. Конкурска катышса результатын коруп жатпайсынарбы Милана женуучу болуп келиптир деп. Между прочем Айчурок, Алина, Динара, Бек дегендер эстраданын каймактары.Булардын ар бир концерти аншлаг менен отуп эл батпай калчу убагында. Эстрада театры дегенди Кыргызстанда эн биринчи ушул айым тузгон.
-4
Nanei
2018-07-04 15:40:44
al79mi,анан кайда казыр ошол эстрада театрынан чыккан ырчылар. Манжан салып санап берчи??? Бир да ырчыны тындап чыгара алган жок. Кимди тарбиялайм десе аягында ыс пысы чыгып уруш менен бутот
-2
Nanei
2018-07-04 15:46:13
al79mi,милананы кайсы каналдан коргозду?? Женип чыкканын??? Россиядан эмез кыргызстандан да коргозгон жокко
0
Dina.janym
2018-07-04 19:28:23
Бору каарыса да, бир койчалык алы бар дейт...Бул Эжекебиз каарыса да, оз ордун билбей жургон сыяктуу...ХХХхХХХХХХХХ.Эмне дейбиз, денгээли ушунчалык экен, соз жок.Баса, Анжеликаны да айта кетейин) эми уну жок болсо да мага ырларынын мааниси, мазмуну жагат...бар болгула ылайым Анжелика жана Айчурок айым...!!!!
+3
admin_media
2018-07-05 09:06:54
Dina.janym, такталбаган маалыматты жазууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү!
+2
Jakjakynas
2018-07-04 20:36:28
Айчурок эже ажыраштырдыбы Анжеликаны кудайдын буйругу мн болот бардык нерсе адамдан корбой журсок
-3
Nanei
2018-07-08 10:11:08
Jakjakynas,адамдар коп нерсени озубуз жасап,кылгылыкты кылып коюп,анан кудайга шылтап коебуз. Кудай ажыраткысы келген жоктур экоонн,айчурок эле кацта кайта компромат ыргытып жаттыго акылына келбей
-1
Bishkek
2018-07-05 01:25:35
Дагы чыктыбы? Ойлодум Эле тынчып калды деп,Анжеликаны ажыратып тынам деп дагы журот,тоба ушул Айчуроктун ырын укум да келбейт, просто эмне деп жазды экен деп коментарияга кирсем мактанып бутпойт
+2
Bishkek
2018-07-05 01:28:38
Ошондо темасына караганда « Анжеликадан жэнилдим эми ажыратып жэндим» дегениби????
+2
Nanei
2018-07-05 08:16:49
Орустардын жакшы созу бар Бог не Тимошка,видит немножко деген,Кудай баарын коруп турат Айчурок,Анжеликаны ажыраштырып тындын акыры,сенин кылыктарын дагы таразалай турган кун да келээр
+1
Nanei
2018-07-05 12:40:20
Дайыма эле "мага жашоо ,байлыгым оной олтон келген жок,оз эмгегим менен таптым дей берет. Башкаларга эмне акча асмандан жаап жатавы?? Биз деле тытынып журобуз го оокат деп
+4
Saidochka
2018-07-06 13:19:10
Бул эжемде деле профессионалдуу үн болгон эмес эч качан,ырдай албайт,өзүнө жарашпаган кылыктарды кылат,карыганын билбей
+3
Selena92
2018-07-08 10:17:05
Ай кыргыздар неге мынчалык ойлорубуз ужас билбейм. Апанар тендуу аялды тым эле жеп салчуудай болупсунарго а. Уят уят.
0
Gukush8993
2018-07-09 20:03:42
Карысаныз ХХХ ХХХХХХ ХХХХХХХ кызыгы да жок
0
admin_media
2018-07-10 10:10:59
Gukush8993, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган!
+1
beka2605
2018-07-09 22:15:14
Балдары деле кичине эмес экен го,3-4 жашар балдарды айткандай айтыптыр да,
+1
Astrushka
2018-08-08 20:54:26
Айчурок айым богундай кызга тенелип баркын кетирип алды.....калп айтпайм деген адам накта калпычы болот,бул айым да коп калп айтат
0
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан