ЮАР-2010: АТАКТУУЛАР КАЙСЫ КОМАНДАГА ЖАН ТАРТЫШАТ?

Арабызда Африкада өтүп жаткан “ЮАР-2010ду” берилүү менен көрүп, өз командасына жан тартып жаткандар жок эмес. Биз кыргызга аты таанымал инсандарыбыздын ичинен күйөрмандык кылгандар бар экенин угуп, аларга “кайсы команданын күйөрманысыз?” деген суроо менен кайрылдык. Жооп бергендердин арасынан командасы чемпион болсо, эрдик жасаганга чейин бара тургандары таң калтырды.

СПОРТЧУЛАР КАЙСЫ КОМАНДАЛАРДЫ КОЛДОШОТ?
Көпчүлүккө “ЮАР-2010дун” оюндарын бүт өл­көгө баяндап берип жаткан Кубан Атабековдун пикири кызык болушу анык. Ал: “Мен 1986-жылы Мексикада өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин Марадона баштаган аргентиналыктарга жан тартып келем”,- дейт. Ал эми “кайсы команда чемпион боло алат?” деген суроого: “Биринчиден, кооздук үчүн ойногонго караганда натыйжа үчүн ойногон, экинчиден, эсепте артта баратса да, оор абалдан чыгып кете алууга жөндөмү бар, үчүнчүдөн, жолдуу команда чемпион болот. Чемпион аталууга Бразилия менен Испаниянын мүмкүнчүлүгү жогору”,- деп жооп берди.
Футболчулардан “дордойчу” Азамат Байматов менен “Абдыш-Атанын” чабуулчусу Алмаз Мирзалиевдин ою бир жерден чыкты. Азамат Англия менен Испанияга жан тартса, Алмаз Англия менен Аргентинага күйөрмандык кылат. Алмаз “эгер ушул 2 команданын бири чемпион аталса, футболдук бир формамды сиздерге белекке берем” деп берешендигин көргөздү. Ал эми Азамат колдогон командасы чемпион болсо, чачын сарыга боёй турганын айтып, убадасын берди.

БРАЗИЛИЯ ЧЕМПИОН БОЛСО, КОЙ ЖЕЙБИЗБИ?
Күйөрмандык кылган аттуу-баштуу инсандарыбыздын арасында Муратбек Мукашев да бар. Ал 2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда атактуу Зидандын майдандан четтетилишине 9-катарда отуруп, түздөн-түз күбө болгон. Муратбек мырза “быйыл финалда Испания менен Аргентина ойнойт” деген божомолун айтты.
Көп жылдардан бери футбол менен “ооруп” келаткандардын арасында “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Шаршен Касенов да бар. Шаршен агай бизге 40 жылдан бери Бразилияга жан тартып келаткандыгын билдирди. Анан дагы бизди анын “эгер Бразилия чемпион болсо, жакында футбол боюнча “Супер-Инфонун” кубогун жеңе албай калган “Супердин” командасын козу союп, жогорку сорттогу сыра менен сыйлайм. Анан өзүм гитара чертип ырдап берем. “Супер-Инфонун” кубогунда чемпион болгон балбандардан капитаны Канат Бегалиевди гана чакырам”,- деп айткандары кубандырды.
Ошондой эле «Дордойдун» вице-пре­зиденти Улукбек Салымбеков Франциянын күйөрманы экенин айтты.

КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ: «ИСПАНИЯ – СУПЕРФАВОРИТ»
Спорт темасы биз үчүн ыйык темалардын бири. Гезитибиз спортту сүйүп, кенен чагылдырып, жадакалса жаштарды сергек жашоого үндөө максатында белгилүүлөр арасында футбол таймашын уюштуруп келаткандыгы маалым. Андыктан “Супер-Инфонун” негиздөөчүсү, 2008-жылдын мыкты медиаменеджери Кылычбек Султановго кайрылбай коё албадык. Кылычбек Камчыевич “ЮАР-2010” боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди: “Чындыгында, ким чемпион болорун алдын ала айтуу кыйын. Мен өзүм Англия, Германия жана Испанияга күйөрмандык кылып келем. Өзгөчө мага немистердин тактыгы, жеңишке кантип болбосун жетишкен өжөрлүгү, англиялыктардын эмоцияга алдырбаган чечкиндүү оюну жана испаниялыктардын топ менен жогорку чеберчиликтеги ойноосу, оюнда топту ээлөө жагынан алдыга эч кимди салбастыгы жагат. Баарынан алыска учурдагы Европа чемпиону – Испания барат го. Испания – суперфаворит.

БАКТИЯР ТОКТОРОВ КАЙСЫ КОМАНДАГА ЖАН ТАРТАТ?
Ырчы Бактияр Токторовдун футбол сүйүүчүсү экендигин уккан жайыбыз бар. Аны менен байланышканыбызда Германиянын күйөрманы экендигин айтты. Анын айтымында, немистердин чемпион болуу үчүн мүмкүнчүлүгү жогору. Футбол көрүүгө убакыт таап жаткан Бактияр Токторов: “Эгер Германия чемпион болсо, жайлоого чыгып, кой союп, сыраны жашиги менен алып, сонун майрамдайбыз”,- деп билдирди.


ЮАР-2010

ВУВУЗЕЛАЛАРДЫН ҮНҮ БАСАҢДАЙТ
Дүйнө чемпиондугу башталгандан бери уюштуруучуларга күйөрмандар, футболчулар жана телекомпаниялар катуу үн чыгаруучу вувузела деп аталган африка чоорлору боюнча сындарды айтып башташкан. Арыздангандар вувузелалардын катуу үнү ойноого жана оюнду көрүүгө тоскоол болуп жатканын айтышууда. Натыйжада сындар эске алынып, эми акырын үн чыгаруучу (үнүнүн кубаттуулугу 107 децибел) чоорлор чыгарыла баштады. Айта кетсек, кадимки вувузеланын үнүнүн кубаттуулугу 127 децибелге барабар болуп, анын үнү барабан менен калыстын ышкырыгынан да катуу угулат.

СТАНКОВИЧ КАЙТАЛАНГЫС РЕКОРДДУН ЭЭСИ
Сербия-Гана беттешинен кийин сербиялык Деян Станкович сейрек кездешүүчү рекорддун ээси болуп калды. Ал Дүйнө чемпиондугуна 3 түрдүү өлкөнүн курамында катышкан жалгыз футболчуга айланды. Алсак, Станкович 1998-жылкы Франциядагы мелдешке Югославиянын, “Германия-2006га” Сербия жана Черногориянын курамында катышкан. Эми минтип 13-июнда сербиялыктарды капитан катары майданга алып чыкты.

ГРИНДИН КАТАСЫНЫН СЫРЫ СҮЙҮҮДӨБҮ?
12-июнда Англия-АКШ беттешинде бүт дүйнө англиялыктардын дарбазачысынын орой катасына күбө болду. Грин катардагы абалда топту кармай албай, гол өткөрүп, оюн 1:1 эсеби менен аяктаган. Буга күйөрмандар машыктыруучу Капеллону күнөөлөштү. Анткени ал Гриндин майданга чыгарын беттешке 1 саат калганда айткан жана дарбазачы оюнга өзүн моралдык жактан даярдай алган эмес.
Ал эми англиялык басылмалар бул боюнча башкача пикирде. ММКлардын маалыматында, Гриндин катасынын себеби бактысыз сүйүүдө жатат. Мелдештин алдында Грин менен сүйгөнү Элизабеттин мамилеси сууп, Грин ушул күнгө чейин ажырашуунун кайгысын тартып келет.

16-ИЮНГА КАРАТА НАТЫЙЖАЛАР

“А” тайпасы

ЮАР-Мексика – 1:1
Уругвай-Франция – 0:0

“В” тайпасы

Аргентина-Нигерия – 1:0
Түштүк Корея-Греция – 2:0

“С” тайпасы

Англия-АКШ – 1:1
Алжир-Словения – 0:1

“D” тайпасы

Германия-Австралия – 4:0
Сербия-Гана – 0:1

“Е” тайпасы

Голландия-Дания – 2:0
Япония-Камерун – 1:0

“F” тайпасы

Италия-Парагвай – 1:1
Жаңы Зеландия-Словакия – 1:1

“G” тайпасы

Бразилия-Түндүк Корея – 2:1
Кот-д`Ивуар-Португалия – 0:0

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан