ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК ЖОЛУНУН КУРУЛУШУНДА КОРРУПЦИЯ ОРУН АЛГАНБЫ?

Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштер ачыкталган соң Кытайдан алынган насыялар менен жасалып жаткан ири долбоорлорду дыкат текшерүү керектиги көрүндү. Акыркы убактарда түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштерине бир кыйла сындар айтылып баштаган. Жогорку Кеңеште депутаттардын жумушчу тобу түзүлүп, жолдун курулушу, Кытай кредити кандай иштетилип жаткандыгы иликтенмекчи болду.

Аталган жол Бишкек-Балыкчы-Казарман-Жалал-Абадды камтып, жалпы узундугу 433 чакырым болмокчу. Жол 850 миллион долларга салынып бүтөт деп эсептелген. Анын 789 миллиону Кытайдан алынган насыя болсо, 36 миллион гранттык түрдө жана калганы өлкөнүн өзүнүн каражатынан сарпталышы керек. Бул долбоорду Кытайдын «China Road» компаниясы ишке ашырууда. Эске салсак, курулуш иштерин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы 2-майда салтанаттуу түрдө ачып, "4 жыл аралыгында салынып бүтөт" деп билдирген. Арадан 4 жыл өткөн соң жолдун курулушу 2021-жылы аяктаары айтыла баштады.

Жакында «Фергананьюс» агенттиги "түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Казарман-Жалал-Абад, Балыкчы-Арал бөлүгүнүн ар бир чакырымы (154 чакырым) 2,5 миллион доллардан ашык акчага курулуптур" деп редакциясына түшкөн документтерге таянып жазып чыкты. Башкача айтканда, 154 чакырым жол 399 миллион доллардан ашуун каражатка курулган. Казарман-Жалал-Абад жолундагы узундугу 3,7 чакырымды түзгөн тоннель 128 миллион доллардан ашык акчага курулганын эске алганда да, жогоруда айтылган тилкелерде ар бир чакырым жол 1 миллион доллардан ашык акчага курулган деп жазат агенттик. Альтернативдик жолдун Арал-Казарман тилкеси болсо, маалымат агенттигинин билдиришинче, эң кымбат курулган жол тилкеси. 96 чакырымды түзгөн бул бөлүк 298 миллион доллардан ашуун каражатка жасалган. Башкача айтканда, ар бир чакырым 3 миллион доллардан ашык каражатты чапчыган. Мындан тышкары «инженерлер үчүн кеңсе» – айына 2000 доллар, «лаборатория үчүн жай» – айына 1800 доллар, «курулуш жүргөн аянтта инженердин кеңсесин керектүү каражаттар менен камсыздоо үчүн» – айына 3000 доллар деген сыяктуу сметадагы ачыкталбаган чыгымдар бар экени маалымдалат. Жумуш иштери 56 ай жүрөт деген маалыматка таянсак, демек, бул аралыкта жогорудагы ачык айтылбаган иштер үчүн 400 миң долларга чукул акча сарпталат.

Дүйнөлүк банктын Орто Азияда жолдордун курулушу боюнча жүргүзгөн мониторингинин отчётуна таянсак, таптакыр жол жок жерге жаңы жол салуунун баасы орто эсеп менен 1 чакырымга 1 миллион 200 миң доллардын тегерегинде болот. 3 миллион доллардан ашуун эмес... Түндүк-түштүк альтернативдик жолу Кытай кредитине курулуп жатканын, аны төлөө ар бир кыргыздын моюнунда экенин эске алсак, жогорудагы маалыматтар эл өкүлдөрү тарабынан да, укук коргоо органдары тарабынан да тыкыр текшерүүдөн өтүшү керек.


Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан