Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеев эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташын коргойт. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, ал азыркы бийлик Кыргыз өлкөсүнүн жаранына чет өлкөдөн баш паанек алууга жардам берип жатат.
«Азыркы кардарым Кыргыз мамлекетинин жаңы саясий эмигранттарынан. Атамбаевдин бийлигинин кишиси, Сооронбай Жээнбековго жакпай калгандардан. Анын атынан жазылган арызды бүтүрдүм. 2010-жылдан кийинки кардарларыма жазган тексттин мазмунун эми өзгөртүүгө туура келди. Жактоочунун иши ушундай»,- деп жазат ал өз баракчасына.
Алексей Елисеев убагында мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин юристи болгон. 2010-жылдан кийин ал чет өлкөгө чыгып кетип, учурда Латвияда жашайт. Аида Салянова юстиция министри кезинде кылмыш жасаганы үчүн издөөгө жарыяланган Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан деп айыпталып, 5 жылга соттолгон. Мындан улам Салянова депутаттык мандатынан ажыратылган.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg