Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Ал мындай чечимин 27-июнда билдирди. "Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын ала жакшылап ойлонулган чечим, өз ыктыярым менен кабыл алынды",- деп билдирди.
Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрында парламент тарабынан Кыргыз өлкөсүнүн акыйкатчысы болуп 5 жылга шайланган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жыл алдында акыйкатчы 2016-жылдын отчётун бере электигин айтып, катуу сынга кабылган. Ушул жылы Оторбаев Текебаевге ырайым берүүнү суранып, президентке кайрылган эле. Кызматын өз ыктыяры менен тапшырган Оторбаев кайсы кызматка кеткенин ачыктаган жок.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg