14-июнда парламент жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик карызды төлөө үчүн атайын банктык эсеп ачыла тургандыгын айткан, ал эми 26-июнда аталган токтомго кол койду. Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн эки жолу атайын эсеп ачылган. Улуттук банктын маалыматы боюнча, ал эсептер учурда жабык. 2007-жылы Кыргыз өлкөсү HIPC`ке кирбей тургандыгын өкмөт чечип, мамлекеттик карыздарды төлөө үчүн сом менен элдик эсеп ачылган. Анда жалпы 804 миң сомго жакын каражат чогулган. Экинчиси ошол эле жылы доллар менен ачылып, 3350 доллар чогулган. Бул эсептер 2012-жылы 24-июлда жабылып, каражаттар Каржы министрлигине өткөрүлүп берилген. Ал акчанын андан ары кайда, кантип жумшалганын мамлекеттик органдар ачыкташкан жок.
Өлкөнүн карызын төлөө үчүн эл биригип акча чогулткан тажрыйба дүйнө жүзүндө кездешет. Алсак, ушул жылы Малайзиянын жарандары тышкы карыздан кутулуу үчүн 1 күндө мамлекетке 2 миллион 300 миң доллар чогултуп беришти.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg