24-июнда Түркияда президенттик шайлоо жана парламенттик шайлоо өтүп, анда Режеп Тайип Эрдоган кайрадан өлкө башчысы болуп шайланды. Добуштардын жыйынтыгында "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынан чыккан Режеп Тайип Эрдоган 52,5 пайызга, оппозициячыл "Элдик-республикалык" партиясынан Мухаррем Инже 30,7 пайызга, ал эми күрддөрдүн "Элдердин демократиясы" партиясынан чыккан Селахаттин Демирташ 8,4 пайызга ээ болду. Калган 3 талапкер 8 пайыздан аз добуш алды.
Ал эми парламенттик шайлоодогу 10 пайыздык чектен 5 партия өттү. "Адилеттүүлүк жана өнүгүү", "Улуттук кыймыл", "Элдик-республикалык", "Жакшы" жана "Элдердин демократиясы" партиялары. Маалыматка караганда, Түркиядагы шайлоого укук алгандардын 87 пайызы өз добуштарын беришти.
Түркияда өткөн шайлоонун эртеси президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды өлкө башчы болуп шайланышы менен куттуктады. Маалым болгондой, Түркия президенти сентябрь айында Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келет.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg