- Былтыр Бишкекке филармонияга концерт берген элем. Мезгил жай болгондуктан, ысык акактатып шайды алып турган кез болчу. Концерттин алгачкы күнүндө сахнада ары-бери кыймылдап, ырдап, жан тынбай сүйлөп жатып, терим моюнуман ылдый куюла баштады. Андан дагы оозумдун кургаганын айтпа. Бирок, анысына деле кайыл болуп, болгону бет ылдый аккан теримди жүз аарчы менен аарчып алганга сүйүнүп коём. Анткени, колдорум микрофондон, жаңсап сүйлөгөндөн бошобой жаткан. Айтор, ал күнү концертимдин кантип бүткөнүн сезбей да калдым.
Экинчи күнү концерт аяктап, эл менен коштошкону сахнага чыктым. Кечээгидей терге чыланып, суусап, оозумдун кургаганына эптеп чыдап турган элем. Ошентип, чыкканда эле ылдыйда, сахна түбүндө минерал суусун ичип турган досум көзүмө урунду. Сууну көргөндө каным катып турган жаным "эй, дос, сууңду берчи?!" деп анын тушуна барып, ийилип бөтөлкөнү алып эле шашып жутуп калыптырмын. Ичип жатсам эле "дуу" эткен күлкү жаңырбаспы. Эмне болуп кетти деп эле карасам, зал толо эл каткырып жатат. Кыялымда эл менен коштоштум, эл чыгып кетти деп ойлоп алганымды сездим. Аргасыздан элге кошулуп мен да күлүп, коштошоор сөзүмдү араң айттым. Ошентип, ал концертте эл да, мен да күлкүгө оронгон бойдон тараганбыз.