ЖЫЛДЫЗДАР КАНДАЙ КЕСИПТИН ЭЭСИ?

Кыргыздын таанымал ырчыларынын дипломдорун ачып көрөлү дедик. Кимиси кайсы кесиптин ээси? Жылдап окуп дипломго ээ болгондор үзүрүн көрүп жатышабы?



ОМАР ФИНАНСИСТ, ЮРИСТ, ЭКОНОМИСТ

– 2007-жылы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумун бүтүрүп, 2012-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде күндүзгү бөлүмдө окуп диплом алгам. Учурда Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университетинде аспирантурада окуп, экономика илими боюнча диссертация жазып жатам. Келечекте кесибим боюнча иштеймби, иштебеймби, аны убакыт көрсөтөт.



ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА ӨЗҮНӨН 20 ЖАШ КИЧҮҮЛӨР МЕНЕН ОКУГАН

– 1983-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына тапшырып, 2 жылдык студиянын вокал бөлүмүндө окудум. 1985-1990-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алдым. Андан кийин Чүй университетинин филология факультетинде өзүмдөн 20 жаш кичүүлөр менен окудум. 3 окуу жайды тең күндүзгү бөлүмдө окуп бүтүрдүм.




АСКАТ МУСАБЕКОВ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ АЛЫП ОКУГАН

– 2003-жылы Улуттук филармониянын алдындагы студиянын комуз бөлүмүнө тапшырып, атайын орто билим алды деген сертификатка ээ болгом. Андан кийин беш жыл Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын элдик ырдоо бөлүмүндө окуп, ийгиликтүү аяктадым. 3-курсумда окуудагы жетишкендиктерим үчүн президенттин "Алтын шаты" стипендиясын алгам.




АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА ТАЙПАЛАШТАРЫН ТААНЫБАЙТ

– Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайын сырттан окуп бүтүрдүм. Сырттан окугандыктан студенттик жашоону деле көргөн жокмун, гастролдоп эле жүрчүмүн. Бүтөр жылдын акыркы 3-4 айында мамлекеттик экзамен тапшырам деп катуу чуркаганым гана эсимде, тайпалаштарымды деле тааныбайм. Сырттан окугандыктан диплом алдым деген чоң сүйүнүч деле болгон эмес.





ФАРИДА КАРБОЗОВА МУЗЫКАЛЫК БИЛИМИ БАР ЫРЧЫ

– 1999-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студиянын вокал бөлүмүнө тапшыргам. Студияны аяктаган соң Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, 2006-жылы диплом алып чыктым. Кадимкидей мамлекеттик экзамен тапшырып, кесибибизге жараша беш ыр ырдап, дипломдук иш жазып, ийгиликтүү аяктагам.




АВАЗ АКИМОВ ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ ЭКОНОМИСТ

– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин сырттан окуп, диплом алдым. Бирок келечекте экономист болуп иштебесем керек.




АБИДИН ТЕМИРОВ 3 ДИПЛОМДУН ЭЭСИ

– 5 жыл музыкалык мектепте билим алып, 8-классты аяктаган соң Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына орус эл аспаптар бөлүмүнө тапшыргам. Аны бүткөндөр оркестрге дирижёр да болуп чыгышат. Бирок бир жыл окугандан кийин Максат Сулайманкулов экөөбүздү Токон Султанов деген агайыбыз бөлүп алып композиторлукка окутту. Андан кийин Кыргыз улуттук консерваториясын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктадым. Бирок юрист болуп иштеген жокмун.




АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ АКТРИСА

– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин актёрдук чеберчилик адистиги боюнча 2017-жылы сырттан окуп бүтүрдүм. Кош бойлуу кезимде 1 жыл академиялык өргүү алып, тайпалаштарымдан бир жыл кеч аяктадым.





АЗИЗА АДИЕВА КЕСИБИ БОЮНЧА ЭСЕПЧИ

– Ош технологиялык университетинин финансы бөлүмүнө 1998-жылы тапшыргам. 2-курста ырдайм деп 2 жыл академиялык өргүүгө чыгып, андан кийин сырттан окуу бөлүмүнө которулгам. 2005-жылы диплом алгам.






АЙДАНА ДЕКА АТАЙЫН ОРТО БИЛИМГЕ ЭЭ

– Мен 16 жашымда Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Аяктаганыма 2 жыл болду. Жогорку билим алсам деген ойдо учурда окуу жай караштырып жаткан чагым.






БАКТИЯР ТОКТОРОВ ИНЖЕНЕР-МЕХАНИК, ТОКАРЬ

– Мен 1988-жылы Бишкектеги №3 кесиптик лицейин аяктап, токардык кесипке ээ болгом. Андан соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, күндүзгү бөлүмдө окуп, 1993-жылы инженер-механик адистигин алгам.






ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ 9-КЛАССТЫ АЯКТАГАН

– Мен чыгармачылыкка берилип кетип, гастролдоп жүрүп мектепте 9-класстан кийин окуган жокмун. Учурда «оку, билим эч качан ашыкча болбойт» деп акыл-насаатын айткандар көп. Буюрса, кийинки жылы тапшырам деп жатам.







БЕГИМАЙ БЕКБОЕВА ГАСТРОЛДОП ЖҮРҮП ОКУБАЙ КАЛГАН

– «Билим алуунун эрте кечи жок» деп коюшат эмеспи, 28 жашка келип калганыма карабай студенттик жашоонун даамын сезгим келет. Кичинемден ата-энем менен гастролдоп жүрүп окубай калгам. Атам «ырчылыктан актёрдук чеберчилигиң күчтүү» деп калат. Учурда окуу жайга тапшыруу үчүн документ даярдап жатам. Буюрса, сентябрда студенттердин катарында болом.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Fortuna1987
2018-07-03 09:20:19
Билим алуу эч качан кеч эмес. Окуп алгыла.
+7
tina.kg
2018-07-03 10:09:21
Айдана Деканын уну жок окууганы ошолбу
+5
engel
2018-07-03 11:28:48
Экономист финансисттер окудум дейт бирок келечекте иштебесе зачем окуп.
+2
Eliza83
2018-07-03 12:23:08
engel,
Оздорунун жашоосуна керек.
+1
karakoz2017
2018-07-03 11:52:30
Бегимай Бекбоева окубай эле куйоого тийсин эми.
+3
monster_high_98
2018-07-03 12:12:14
Ушул сырттан окуган не пайда
+3
Eliza83
2018-07-03 12:24:06
monster_high_98,
Жон гана акча коротуп диплом алышат. Мага да жакпайт.
+2
Nevestkaa
2018-07-03 12:23:03
Бекбоеванын көзү кантет.Жаш кезинде сулуу кыз эле.
+1
bond02
2018-07-03 15:31:29
Окубай калган да кесиппи, Бекбоеваны кошуп койгонуна тан калдым. Эн оной кесип ырчылык экен деп койдум каалоон анан бир аз акчан болсо калганын ун жаздырган студия улантат.
+3
Aznazalai
2018-07-03 23:26:41
Кау институтуна шашпай эле тапшыргыла кыздар.
+1
sera
2018-07-06 11:47:27
тушунбодум. б. Бейшенанива атындагы искусство институтун 2 башка жазыпсынар го. айгеримде башка башкаларында башкача жазылып турат
+1
Nurkyz_kgz11
2018-07-06 19:27:04
Омар азамат
-1
n3522ayjana3131
2018-07-07 00:48:15
Омар америкада да окуп келди беле?аны айтпаптыр го
-1
cholpon119966
2018-07-07 09:27:30
Ким билимдуу ким окубаган суйлогон создорунон, интервьюларынан эле билинет.
-1
Kanatbek073
2018-07-07 22:29:04
Ильяз азаматсын ,озундун талантын менен ушунчага жетипсин,окусан мындан да жакшы ийгиликтерге жетишмексин
-1
Snejana
2018-07-08 02:55:13
Сырттан окугандар, окудум дебей эле койсо болот. Очный окуш керек. Почти баары эле билимсиз турбайбы.
+1
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан