ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Биздин Алимбектин Аман деген баласы чоң кызматкер деп угуп, ошого жолугуп келдим. Алтын кенинин бир жагын чоюп турат экен. Атасы биздин айылдан эле, раматылык.

– Эмнеге бардың?

– Сенин окууңа бир аз жардам береби дедим да, балам.

– Эне, канча жолу түшүндүрдүм? Азыр мурункудай эмес, баарыбыз республикалык тесттен өтөбүз. Ошол тесттин жыйынтыгы менен ЖОЖго өтөбүз.

– Ой, аның деле акча сурайт, балам. Бир ишенимдүү адам таап коёлу.

Элина башын чайкап тим болду. Чоң энесин аяп кетти. Бетинен чоп эттире өөп алды.

– Мен окуйм. Мен сөзсүз түрдө жогорку окуу жайына өтөм. Сага сөз берем, эне! Сен эч капа болбо.

Элина олимпиадалардын жеңүүчүсү, мыкты окуган кыз болчу. «Алдыда мыкты келечеги бар» деп мугалимдер да сыймыктанчу. Бирок андай болбоду. Элина окубай калды. Энесине берген сөздү туткан жок. Анын жашоосуна Аман кирген учурдан баштап ал өзү менен өзү болбой калды. Кантип ушундай күчтүү, даражалуу адамдын таасирине кирип кеткенин, андан башка дүйнө көрбөй калганын байкабады. Тагдыр мурун эле экөөнүн жолун бириктирип койгонбу, ким билсин?

Энеси кулагынын кужурун жеп жатып Аманга чалдырган. Бир жолкусунда «албай койду» деп кутулду. Экинчисинде энеси өзү карап туруп чалдырды. Гудок көпкө кетип жатса да албай жатты. Элина эми кутулдум окшойт деп телефонду коёюн деп жатканда эркектин коңур үнү угулду.

– Алло...

– Саламатсызбы?..- кыз мукактана түштү.

– Саламатчылык, карындашым.

Телефондун ары жагында турган адамдын үнүндө жылуулук бардай сезилди.

– Мен... Энем чал деп... Сиз Аман байкесизби?

– Ооба.

– Энем сизге жолуккан экен, сиз ага телефонуңузду берипсиз.

Аман элес-булас эстеди. Кемпирден мурун кыздын дирилдеген добушу ойго салып турду. Кызыгуу пайда кылды.

– Мындай кылалы, карындашым. Мен эмне убада кылганым эсимде жок. Бирок сен кел, экөөбүз чогуу отуруп сүйлөшөлү, эмне маселе болсо чечилет.

Кыска, салмактуу, ишенимдүү сүйлөдү. Буга чейин Элинанын дүйнөсүндө бир да эркек болуп көргөн эмес. Кызыгуу да болбоптур. Биринчи жолу өңүн көрбөй туруп бир эркекке толкунданды. Макулдашкан күндүн келиши да тозок болду. Эки бети албырып улам-улам бетин жууп алат. Ак саргыл иреңи бирде толкуп, көздөрү жадырайт. Кыз чырайлуу эле. Энеси көз тиёт деп конокко ээрчиткен убакта чекесине көө сүйкөп койчу. Анысын чоңойгондо эле калтырды. Азыр тиктеп отуруп небересине ичи эзилип кетти.

– Элигим (энеси Элинаны элигим дечү), сен эмне мынча сулуу болуп калгансың бүгүн?

– Билбейм, эне,- деди кыз ого бетер маңдайы жарыла сүйүнүп. Чачтарын тарап жатып энесине кайра тиктеди. Балбылдап турган көздөрү чын эле эликтикиндей сулуу болчу. Энеси үч түкүрүп койду.

– Эне, чынын айтсаң, мен чын эле сулуумунбу?

– Сулуусуң, кызым, багың сулуу болсо экен.

– Кимди тарткам?

– Мени.

– Элдер апасын тарткан дешет го?..- кыз күнөөлүүдөй үн катты.

– Тантырашат аны айткандар...- эзели кырс сүйлөбөгөн энесинин кабагы чытыла түштү. Жарыкты өчүрүп тескери карап жатышкан экөө өз ойлору менен алек. Энеси небереси угуп койбосун деп оозун жуурканга кептеп алып ыйлап жатты. Көз алдына маңдайы жарыла сүйүнгөн ак саргыл келин тартылды. Ак жоолук иреңине куп жарашып бадырайган көздөрүнөн жаштыктын оту чачырап турчу. Босогосун аттап киргенде сүйүнгөнү ай. Аттиң, түрмө ал сулуу келинди аяган жок. Таптакыр жок кылды! Бул тууралуу ал небересине айта албайт болчу. «Эне, эгерде сырыбызды ачсаң, эки дүйнөдө кечирбейм. Элина эч качан мен тууралуу билбесин» деп какшап ыйлаган. Ошол үчүн эл оозунда элек жок деп үйүн, эли-журтун таштап ушу небересин сербейтип ээрчитип шаарга келбеди беле. Андан бери 14 жыл өттү. Такыр эле катышпай коймок беле? Кээде алыскы туугандарыныкына барып калат, ошондо уккан го тиги сөздү. Энеси ыйлап жатты. Анын бүлкүлдөп ичинен сыздап ыйлап жатканын кыз да билди.

– Эне, кечирип койчу. Мен ал тууралуу экинчи сөз кылбайм. Мен сени тарткам,- деди төшөгүнүн сыртынан коомай кучактап.

– Укта!- деп кыска буюрду энеси.

Кыз кайрадан башын жаздыкка койду. Ошол түнү түшүнө коңур үндүү эркек кирди.


ххх


Телефонундагы жазылган даректи карады. Ушу экен. Заңгыраган ресторанга кирип көргөн эмес. Сүрдөп турду. Кирбей эле кетип калгысы келди. Бирок кете албады. Аман өзүн көздөй келе жаткан кызга көзү түштү. «Талаада бир апакай назик гүлдөр өсөт го. Тебелеп кеткенге да, үзгөнгө да кол барбайт. Жыты аңкыйт. Бир гүл бар, аты кандай эле?.. Иттики, таппадым» деп ойлоп алды. Кызды ошол гүлгө окшоштурду.

– Кел, карындашым,- деди ал кыздын уялып турганын байкап. Бою узун, салабаттуу, келишимдүү, жашы 30дардан ашкан жигит экен. Жүзүндө бир жүрөк жылыта турган нерсеси бар. «Агам болсо так ушундай болушун каалайт элем» деп ойлоп кетти Элина.

– Саламатсызбы?

– Саламат, келегой, отур. Биринчи заказ кылып коёлу. Анан шашпай тамак үстүндө сүйлөшө беребиз.

Кыз менюну караганы менен, эч нерсе түшүнбөдү. Колу менен жылдырып коюп «кофе эле ичем» деди эрдин бүлкүлдөтүп.

Аман башын чайкап күлүп алды да, экөө үчүн өзү заказ кылды.

Жылуу сүйлөшүп отурушту. Бир аз убакыттан кийин көнүшүп кетти Элина. Сүрдүү көрүнгөнү менен, шайыр экен Аман байкеси.

– Канчадасың?

– Жакында 17ге чыгам. Энем эрте берип койгон мектепке.

– Шаарга качан келгенсиңер?

– Билбейм, кичинемде эле болсо керек. Айылдагы үйүбүз эсимде жок.

– Энеңден башка кимдер бар?

Кыздын талуу жерине тийдиби кабагы чытыла түштү. Үнсүз отуруп калды. Аман бул тууралуу сөз кылуунун кереги жок экенин билди да, сөздү бурду.

– Кайсы мектепте окуйсуң?

– 70-гимназияда. Быйыл бүтөм.

– Кайсыга тапшырайын деп жатасың?

– Кыргыз-Түрк Манас университетине тапшырам.

– Азаматсың!

Кыз таң кала тиктеп калды. Амандын үнүндө сыймыктануу бар эле.

– Экөөбүз бир айылдан турбайбызбы, ошого акылдуу карындашым бар экен деп сыймыктанып калдым.

Экөөнүн ортосунда бир байланыш пайда болду. Анткени экөө тең жаралуу эле. Балалыгы өксүк калган болчу. Балким, бул тартылуу ошондон уламдыр. Тамактанып бүтүп сыртка чыгышты. Капкара жылтыраган машине келип токтоду. Ал күнү экөө жылуу коштошушту. Бөлмөгө акырын бутунун учу менен кирген Элина энесинин оодарылганын байкады.

– Саат канча болду, кеч келдиң го, чырагым. Туулган күн жакшы өттүбү?

Эми гана Элина энесин алдап койгонун эстеди. Курбусунун туулган күнүнө барам деп кеткен. Анткени чоң адам менен кезигүүгө энеси жашоосунда уруксат бермек эмес.

– Ооба, жакшы өттү.

Элина уктай албай жатты. Акылы, жүрөгү Аманда эле.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Girl1996
2018-07-03 09:49:52
Okuuga otup, kirip ele alganynda jashoon jakshy bolmok. KTMU en jakshy okuu jai, ozu ele tarbiyalap koimok
0
Fortuna1987
2018-07-03 11:05:57
Негедир акыркы чыгармалардын кобу созсуз акчалуу миллионер, жаш, сулуу кыздар. Жеке ишкер, акчасы коп эркек сулууга ашык болот... анан продолжение. Менин кыялым, андан мурункусу дагы... баары ошондой. Же элибиздин жарымынан кобу миллионер болсочу.Болду башка идея жокпу?
+22
Arzu.kg
2018-07-03 12:00:25
Fortuna1987, туура айттыныз
+8
ainur78007
2018-07-03 13:06:04
Fortuna1987, Мамалакты окуп жатабызго,миллионери жок эле.
+10
Paprikafm
2018-07-03 17:11:09
Жакшы эле окшойт
+4
Argen9899
2018-07-04 23:39:40
Окубай эле койолучу.
+1
Nazar76
2018-07-05 01:50:23
Менин кыялым деген бүттү беле жокко
0
briliant87
2018-07-06 13:29:01
Кызыктуу окшойт
0
aylin_kg
2018-07-07 13:17:05
Админ мурунку сандарына шилтеме берип коюнузчу
+1
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан