ӨЗ КЫЗЫН МУУНТУП ӨЛТҮРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАДЫ ДЕП 26 ЖАШТАГЫ КЕЛИН КАРМАЛДЫ. Эне баласын чын эле өлтүрмөкчү болгонбу?

Ош шаарында эненин өз баласын өлтүрүүгө кылган аракети тууралуу маалымат уккан адамдын жүрөк үшүн алды. Милиция кызматкерлери "бул ишке баруума оор турмуш шартым себеп болду" дегенин айтышууда. Ал эми Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан окуянын башка варианттары да бар дешет.

«КЫЛМЫШКА БАРУУСУН ООР ЖАШОО ШАРТЫНА БАЙЛАНЫШТЫРУУДА»

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков окуя тууралуу буларды билдирди:

– Ош шаарында жайгашкан бала бакчалардын биринде Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну өзүнүн бир жаштан өткөн баласын жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган. Аны ошол учурда бала бакчанын кызматкерлери көрүп калып, наристени өлүмдөн алып калышкан. Тергөөдө эне бул кылганын оор турмуштук шарты менен түшүндүрүүдө. Күйөөсү менен ажырашкандыгын, жокчулук жашоодон кыйналып кеткендигин жана ага-туугандары такыр каралашпай тургандыгын айтып жатат. Кылмышка шектүү К.К. мурда турмушка чыгып ажырашып, наристеси өзүндө калган. Өз үй-бүлөсү менен дагы келишпестиктери бар. Келинге буга чейин «Ак жүрөк» кризистик борбору жардам берип турган экен.

Кылмышка шектүү 19-июнда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда наристенин ден соолугу канааттандырарлык. Ал Ош шаарындагы балдар үйүнүн биринде дарыгерлер менен тарбиячылардын көзөмөлүндө.

«КЕЛИНДИН ЖАКЫН АДАМДАРЫНА ТААРЫНЫЧЫ БАР»

Оор тагдырга тушуккан замандашыбыз баласы менен бир жылдан ашык Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборунда жашаган. Келиндин башынан өткөргөн күндөрү тууралуу аталган кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова айтып берди:

– Бул келин турмуш шартынын начардыгынан барар жери жок көчөдө калып бизге келген. Биздин борбордо 1 жылдан ашык жашады. Биз колубуздан келген тиешелүү жардамдарды бердик. Психологиялык да жардам көрсөтүлгөн. Бирок келин аны жакшы кабыл алган жок. Ички дүйнөсү башкача келин. Жакын адамдарына таарынычы көп, жан дүйнөсү жабыркаган адам. Эч кимдин сөзүн уккусу келбейт. Ал үчүн дайыма өзүнүкү туура, башка адамдар жаңылышат. Каалаганын сүйлөп, өзү каалаган нерсени сурабастан алып пайдалангысы келет. Бизге жат кылык-жоруктары бар, мүнөзү оор. Мындай адамдарды туура жолго алып келүү кыйын жана ал үчүн узак мөөнөт керектелет. Мындай адамдардан көп нерсени күтсө болот. Мен 3-кабаттан секирип кетеби деп да коркчумун.

«АТА-ЭНЕСИ "МЫНДАЙ КЫЗЫБЫЗ ЖОК" ДЕП СҮЙЛӨШҮҮГӨ ДА КЕЛБЕЙ КОЮШТУ»

– Баласын күйөөсү жок төрөгөн. Наристесинин атасы тууралуу бизге эч нерсе айтып берген эмес. Ата-энесин чакырып сүйлөшөлү десек, ыйлап, бакырып-өкүрүп, жер тепкилеп каршы чыккан. Бирок өзүбүз сураштырып жүрүп келиндин ата-энесин таап, чакырганбыз. Алар да «мындай кызыбыз жок» деп келбей коюшту. Атасынын бир тууганы аялы экөө келди. Аларды кыз өзү кабыл албай, такыр жанына жолотпой койду, «Мен буларды көргүм келбейт. Алар мени өлтүрөм дешкен» деп ызы-чуу салды. Агалары «бул кыз эч кимдин тилин албай каалаганын кылчу» деп айтышты.

Кыскасы, жашоого болгон көз карашын өзгөртөлү деген аракеттерибизден пайда чыккан жок. Балким, чөйрөсүн өзгөртүп, коомго аралаштырсак, кыз өзгөрөр деп жумушка орноштурганбыз. Өзү жаш балдарды жакшы көрөт. Өз кызын жакшы көрүп, эркелеткенине күбө болуп, жаш балдар менен иштешсе, абалы жакшырар деп бир бала бакчага тарбиячынын жардамчысы кылып жумушка орноштурганбыз. Кайсы бир убакыт жакшы эле иштеп жүргөн. Анан эле ал жактагы кызматкерлер «өзү каалагандай жүрө берет. Буюмдарыбызды сурабай колдоно берет» деп арыздана башташты.

Бул арыздануулардан кийин аны азыркы иштеп жаткан бала бакчага которгонбуз. Бул арада үйүндөгүлөр менен жараштырганга да аракет жасадык. Үйүнө өзүн жибергенбиз. Алар кабыл алмак турсун, эшигинин алдына да жолотпой коюшуптур. Муну туугандарынан уктук. Кайра эле 2 сааттан кийин бизге келди. Ата-энесине барып сүйлөшүүгө өзүбүздө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бул келиндин тагдырына окшоп жашоодон тажагандар, жол таппай калгандар бизге күндө келишет. Алар жүздөп саналат. Өздөрү аракет кылгандар өз жолдорун таап кетишет. Айланасындагы бардык адамдар жаман көрүнүп, баары ага жамандык каалап жаткандай кабыл алгандар биздин да сөзүбүздү угушпайт. Минтип кайра жаман жоруктарга баргандары да аз эмес.

«АНЫ ЖӨН ЭЛЕ ЖАМАНАТТЫ КЫЛЫП ЖАТЫШЫ ДА МҮМКҮН»
Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева "бул келин баласын муунтпай эле, чогуу иштегендер аны жаманатты кылып жатышы мүмкүн" деген оюн айтат:

– Келин турмушка чыкпай эле төрөгөндөн кийин аны ата-энеси үйүнө киргизбей койгон. Баласы менен көчөдө калганда биз аны Ош шаарындагы үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна жайгаштырганбыз. Ал жерде 3 ай жашагандан кийин «кызыбызды күйөөгө беребиз» деп туугандары алып кетишкен. Бири-бири менен келише албай келин кайрадан көчөдө калат. Анан аны «Ак жүрөк» кризистик борборуна жайгаштырганбыз.

Келиндин колу туткактык жайы да бар экен. Анан бирөө катуураак сүйлөп койсо, «өзүмдү өлтүрөм» деп коркута берет. Баласын жакшы көрчү. Бирок кризистик борбордон да, бала бакчадан да көргөндөр"баласын уруп-согуп катаал мамиле кылчу" дешти. Шапалак менен уруп жатканда көрүп калганын Дарика эже да айткан.

Ал келин милицияга кармалгандан кийин барып баласын көрдүк. Абалы жакшы. Моюнунда муунткан белгилер деле байкалбайт. Наристе реабилитациялык борборго жайгаштырылды. Ооруканага барган жок.

Буга чейин келинге «сен иште. Балаңды бизге бер, карап туралы» десек, «баламды бергенче өлгөнүм жакшы» деп бербей койгон.

Бул окуянын дагы бир вариантын угуп жатам. Келин бала бакчада бала багуучу менен уруша кеткен экен. Анан бул кыздын артынан коргоп аларга эч кимиси жок экенин билип, ушинтип жаманатты кылып жатабы деп да ойлоп жатам. Өлтүрүүгө аракет жасагандыгы боюнча азырынча факт жок да. Элдин сөзү менен эле баласын урчу, муунтканга аракет кылды деп айтып жатышат. Баланын денеси таптаза. Калганы тергөөдө билинет да.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Bintu.Ibrahim
2018-07-03 12:23:30
достон душман коп кимге ишенип кимге эмне дээринди да билбейсин
+7
monster_high_98
2018-07-03 12:30:24
Ажырашуу санын азайтыш учун, турмуш куруп жатканда козду чоон ачып тийиш керек, 1-2кун суйлошуп эртеси тийип албай, турмуш оюнчук эмес го, айрыкча алакачуудан канча уй було ажырашып жатышат,
+3
Pandora
2018-07-03 13:18:07
Келин ХХХ экенда андайларга эч соз отпойт,оз бидгендерин жасайт же соз отпойт.Кыскасы мындай адамдар менен жашоонун озу кыйын.
+3
admin_media
2018-07-03 13:51:03
Pandora, эрежелерди сактап, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
+1
dilnaz100284
2018-07-03 14:06:57
урматтуу админ,мен силердин жанылыктарынарга жазылып койдум эле, ошону сураныч очуруп коюнуздарчы. Кайра кайра жанылыктар келе берип тажатты.
0
Aitun
2018-07-03 17:13:05
Кимисине ишеништи билбейсин баласын бербептир эри жок болсода аборт жасабай тороптур. Ошол боюнда кылган эркек соройго каттуу ишенгенго. Баары бир моменте андан жузун бурса ушундай болуп калса керекда. Олоюн десе жан ширин жашайын десе жер каттуу дейт беле ошентип атыптырда байкуш. Бирок озунчо эле билгенин кылып сурабай буюмдарымы алып иштеткен адамдар мага деле жакбайт
+2
azusha2017
2018-07-03 18:06:08
Келинди бир чети аясам бир чети жиним келип жатат менда уруксатсыз буюмумду бироо алса аябай жаман кором канча адам жардамга кол сунган экен эгоистка болуп бутуптур
+4
momun74
2018-07-03 23:39:07
azusha2017,менда буйумума биро бей сурак тийсе охххоо чан чыгарам жаман кором бул келин болсо ар ким козун карап жардам берген сайын оолугуп кетиптирда лично мен ушундай адам мн иштешкем 2жумада тажап ал эмес мен кетип калгам жумуштан анан ал келинда бир баласы бар ажырашып кеткен экен баарын озуно он келчудой бурмалап андай эмес мындай деп тойгузган бул келинда ошентип калганго
0
Orozaly737373
2018-07-03 21:56:06
Менин оюм боюнча атасын да жоопко тартыш керек
0
Jakjakynas
2018-07-03 22:57:09
Жашоо оор адамзат пендеси. Кыйынчылыктарга чыда сабыр.
+1
Miya
2018-07-04 16:47:56
Кыргызстанда закон иштебейт! Сабатсыз элдер коп. Бул келин торогондон кийин, атасыны сотко берип, алимент кызына Жана озуно кестирип алса болмок. Атасы жасаганды билсе, бакканды дагы билиш керек. Эмне учун бул аял жалгыз, кыйналышы керек! Атасыны таап жоопко тартыш керек созсуз! Эмне учун бала только эненики деп карашпайт! Бала ата -эненики, ажырашса деле!
+1
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан