«Nitro» – бул бардык тарапта ийгиликтүү жана мобилдүү болууну каалаган эң активдүү жана максатка умтулгандар үчүн алгачкы ата мекендик энергетикалык суусундук.
Суусундукту өндүрүүдө артезиан таза суусу жана жасалма боёк, БАК кошулбаган Европадан алынып келинген сапаттуу ингредиенттер колдонулат.
Суусундукту мурдатан эле өз багытында өзүн лидер катары көрсөтө алган «Абдыш-Ата» компаниясы өндүрөт. Ушул жылдын февраль айында NITRO суусундугунун ребрендинги болуп өттү, эми аны жаңы стилдүү, кара-жашыл таңгакта өлкөбүздөгү бардык дүкөндөрдөн жеткиликтүү баада табууга болот.
Анын курамында 3-4 саат бою сергек, активдүү жүрүүгө мүмкүндүк берген кофеин, организмди каныктыруучу жана стресс менен күрөшүүчү таурин аминокислотасы жана организмге пайдалуу В2, В6, С витаминдери бар.
«Абдыш-Ата» компаниясы үчүн өндүргөн продуктусунун сапаты дайыма биринчи кезекте турат. Ошондуктан бардык продуктулар катуу талап боюнча сертификациядан өтөт, бул коопсуздукка жана суусундуктардын мыкты даамына кепил боло алат.
«Nitro» энергетиги ISO 22000 азык-түлүк продукцияларынын коопсуздук менеджмент системасы боюнча сертификациядан өткөн ишканада өндүрүлгөн.
«Nitro» энергетикалык суусундугу тез арада сергек болуу зарылчылыгы келип чыкканда, өзүн формага келтирүүдө, энергиянын жана күчтүн көбөйүшүн сезүүнү каалаган учурларда алмаштыргыс суусундук болуп берет.
Биз толтура иштерди бүтүрүүгө, спорт жана өзүн өстүрүү менен алектенүүгө жетишип калуу заманында жашап жатабыз. Жөнөкөй адамдын мунун баарына жетишип калууга дайыма эле күчү жете бербейт, мына, так ушундай учурларда сергитүүчү жаңы «Nitro» суусундугу жардамга келет.
NITRO – күч-кубатыңдын булагы!