30 жаштагы Замир Шаршенов учурда Америка Кошмо Штаттарында жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштейт. «Кыргызстанда иштеп бутума турууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок. Айла кеткенде башка өлкөгө кетүүнү туура көрдүм» деген мекендешибиз Америкадагы жашоосу тууралуу айтып берди.
«ДҮКӨНДҮ ТОНОП, БАЙКЕМДИ МЕНИН КӨЗҮМЧӨ АТЫП КЕТИШКЕН»
-Кичинемден эле Америкага келип, тасмалардан көрүп жүргөн турмуштагыдай жашоону кыялданчумун. Кыргызстанда бир нече ирет өзүмдүн күчүм менен иш баштап, бутума турууга аракет кылдым. Бирок ишкердик кылууда бир катар тоскоолдуктарга туш болгондон кийин башка өлкөгө кетүү кыялым күчөдү. Башка өлкөгө аттанганга чейин Таласта дүкөндөрдү ачып иштеттим, базардан орун алып соода-сатык менен алек болуп көрдүм. Дүкөндөрүмдөн товарларымды уурдап кеткен учур көп катталган. Бир ирет белгисиз адамдар дүкөндү тоноп, менин көзүмчө байкемди атып кетишкен. Атып кеткендер кармалган. Андан ары эмне болду билбейм. Бирок бизде көпчүлүк учурда кылмышкер кайра эле кандайдыр бир жол менен эркиндикке чыгып кетет.
Эч ким жыргаганынан өз өлкөсүн таштап башка өлкөгө кетпейт. Жумуштун жоктугунан, айлыктын аздыгынан кетишет. Өнүккөн өлкөлөрдөгү шарттар, жакшы жашоо баарыбызды азгырат. АКШга келгенимде ишкерлерге түзүлгөн шарттарды көрүп таң калдым. Мисалы, жаңы иш баштаган адамга алгачкы жолу насыя алуу оңой жана ал төмөнкү пайыз менен берилет. Жылдык пайызы эң төмөнү 2, эң жогорусу 13 пайыз менен насыя берилет. Насыяны алгандан кийин атайын уюмдар ишиңди жүргүзүүгө жардам берет. Эч ким «башка улутсуң же териңдин түсү башка экен» деп бөлбөйт. Мен жогоруда айтып кеткен кылмыштарга бул жактан кабыла элекмин. Америкада адилеттүүлүк бар, адам укугу тебеленбейт. Адамдар бири-бирине сылык мамиле жасашат. Ушул сапаттары менен бул мамлекет мени өзүнө батырып, өзүн сүйдүрүп алды. Бирок, албетте, туулуп-өскөн жеримди эч бир жерге салыштыра албайм.
Кыргызстанда жубайым, эки балам бар. Аларды баскан-турган сайын ойлой берем. Үй-бүлөмдү жаныма алып келүү үчүн «Грин-кард» лотереясына тапшырып, утуп алдык. Жакында үй-бүлөм жаныма келип калат деп кубанып турам. Бирок айланып-тегеренип жүрүп баары бир мекенибизге барабыз.
«KG TALAS» ДЕГЕН КОМПАНИЯ АЧЫП ИШТЕТТИМ»
-2013-жылы, 26 жашымда АКШга келдим. Тааныштарым батир жана жумуш даярдап коюшкан эле. Алгач курулушта иштедим. Үйлөрдүн чатырын жаап, сайдинг жасачубуз. Бир күндө 100 доллар тапчумун. Кийин досум экөөбүз курулуш компаниясын ачып иштеттик. Өз компаниябызда ошол эле жумуштарды аткарчубуз. Бирок бирөөгө эмес, өзүбүзгө иштеп калдык. Бул учурда бир күндө жок дегенде 200 доллар таап калдык. Компания ачып жатканда патент, майда-чүйдө иш кагаздары керек эмес. Компанияны каттатып, кызматкерлерди камсыздандырып коюу жана мамлекеттен уруксат алуу гана жетиштүү. Анан тапкан пайдаңдан кеткен чыгашаларды кемитип, калган кирешенин 15-30 пайызын салык катары төлөп коёсуң. Акча түшпөсө салык да төлөбөйсүң. Компаниямдын атын «KG Talas» деп атап алгам. Биз иштешип жаткан айрым адамдар бизди алдап жатканын байкагандан кийин курулуш тармагын таштап, жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеп кеттик.
«ЖУМУШЧУЛАРГА ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАР ТАҢ КАЛТЫРАТ»
-Бул жакта жолдор таза, тегиз. Айдоочуларга шарттар жакшы. Мыйзам боюнча унааны 10 саат айдап, 10 саат уктайбыз. Май куюучу жерге токтогондо бекер душ, бекер тамак-аш даяр. АКШдагы кыргыз мырзалардын көпчүлүгү учурда жүк ташуучу унааларда айдоочу болуп иштешет. Анткени жумушу жеңил, акчасы жакшы. Жумушумдун арты менен Аляскадан башка 49 штатты көрдүм. Башында унаа ташычумун. Азыр 40 тонналык унаа менен азык-түлүктөн курулуш материалдарына чейин ар кандай жүктөрдү ташыйм. Унаабыз бузулуп калса, атайын кызматтар оңдоп беришет. Унаанын ичинде бардык шарттар бар, өзүнчө эле бир бөлмөлүү батир. Эс алуу үчүн токтогондо үйдө жүргөндөй болобуз. Телевизор, микротолкундуу меш, муздаткыч, шкаф, баары бар. Мындай шарттар Кыргызстандагы айдоочулардын түшүнө да кирбесе керек.
«ТААНЫШТАРЫМ БАШКА ӨЛКӨГӨ КАНТИП КЕТСЕК БОЛОТ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЕТ»
-Алыста жүргөндө Кыргызстанга кантип өз салымымды кошсом деп ойлоно берет экенсиң. Өлкөм өнүгөт деп үмүт кыла берем. Азырынча Кыргызстанда бутка туруп кетүү кыйын. Тааныштарымдын көпчүлүгү «башка өлкөлөргө кантип кетсек болот?» деп сурай беришет.
Эл-жериме пайдасы тие турган иштерди кылгым келет. Мисалы, досум экөөбүз Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү завод ачууну ниеттенип жүрөбүз. «Дордой» базары жактагы тоо болуп кеткен таштандыны эстейм, ал азыр деле ошондой болуп турса керек. Таштандыны кайра иштетсек, андан пайда табуу менен бирге экологияны да сактап калабыз. Анан да баарыбыз күндөн энергия алуучу батареяларды колдонууга өтүшүбүз керек деп ойлойм.
«АЛДЫГА ЖЫЛУУ ҮЧҮН АҢ-СЕЗИМИБИЗ ӨЗГӨРҮШҮ КЕРЕК»
-Өнүккөн заманда айыл жергесиндеги калктын мал багып эле жашап жатканы ойлондурат. Бул турган жерибизден жылбай, өнүкпөй калганыбызды билдирет. Жаштарды чет жактарда окутуп, киреше табуунун башка да жолдорун үйрөтүшүбүз керек. Жаштарга колдоо керек. Бирок мунун баары кайра эле келип каржы маселесине такалат.
Бишкек-Ош трассасындагы кырсыктарды азайтуунун жолун табыш керек. Жаңылыктардан окуп алып, жаш кеткен өмүрлөрдү ойлоп жаман боло берем. Ал көйгөйдү жоюш үчүн эки жолдун ортосуна бордюрларды, атайын арматураларды орнотсок эки унаа бетме-бет сүзүшпөй калмак. Бул оюмду ишке ашырсам азамат болом. Ар бир оорукананын медициналык тик учактары болсо, кырсыктаган адамдарга убагында жардам берип сактап калышат эле. Ушул тармактардан өлкөгө жардам берүү ниеттерим бар. Негизи ар бир маселеге бийликти аралаштыра бербей, өзүбүз да аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатчыларга ишеничим төмөн. Албетте, өнүгөрүбүзгө ишенгим келет. Бирок акыркы коррупциялык иштер тууралуу уккандан кийин бийликтен үмүтүм үзүлдү. Алдыга жылуу үчүн саясатчыларыбыздын да, элибиздин да аң-сезими өзгөрүшү керек.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg