Толгонай Арзыкеева былтыркы жылы хит болгон «Despacito» ырын аткарып интернет аркылуу элге таанылган эле. Ал чыгармачылыгын андан ары улантып "Энекем", "Жеңилбегин", "Балалык" сыяктуу бир нече ыр жаздырып, эл жүрөгүнөн түнөк тапты. Ырчы кыздын жеке жашоосунда да жаңылык болуп жатат өңдүү. Анткени акыркы кезде интернет желесинде Толгонай-Нурсултан деген жаңы баракча ачылып, эки жаштын сүрөттөрү жүктөлүүдө. Ырчы кыз өзү да баракчасына жигити менен жетелешкен, бирок
бети көрүнбөгөн сүрөттөрдү жүктөөдө. Нурсултан Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин иниси. «Нурсултан экөөбүз көп жылдардан бери таанышпыз. Ортобуздагы мамилени достуктан өйдөрөөк десек болот. Келечекте кандай болот аны биз азыр айта албайбыз, убакыт көрсөтөт»,- дейт ырчы кыз.