АРТИСТТЕРДИ ЖЫРГАТКАН, БАЛА-ЧАКАНЫ ЫЙЛАТКАН ТҮНКҮ КОНЦЕРТ

Концерттин аталышы – «Жыргализм»

Концерт өткөн күн – 25-26-июнь

Өткөн жери – Спорт ордосу

Башталышы – 21:45 (26-июнда 1 саат 45 мүнөт кечикти)

Көрүүчүлөр – Залдын 35-40 пайызы

Мыкты номер – Сапар Зулпуев менен Жакут Сыдыковдун айтышы, Гүлжигит Сатыбековдун аккордеон менен аткарган ырлары

26-июнь бир эле мага эмес, Спорт сарайына келген эл үчүн унутулгус болду окшойт. «Ий, укмуш болгон тура» деп барбаганыңарга кейип кеттиңерби? Ооба, укмуш өттү. Эми кандай десем, артисттерге чейин элдин концертин көрдүк. Саат 20:00дө башталат деген эл Спорт ордосуна 8 жарымга чейин бир-экиден келип жатты. Кечки саат 9га чамалап баштаганда сабыры кетип тарсылдатып ургулап жатып эшикти ачтырышты. Ошончо күтүп кирген соң дароо баштап салса экен деп тилейсиң да. Же эл чууруп киргенин койбоду, же концерт башталып кетпеди. Кечке сахнаны айланта коюлган жашыл фонду тиктеп отурдук.

 Концерт баштала бербегенинен залда өкүрүп-бакырып, «Гүлжигит, чы-ык» деп кыйкырып ышкыргандар көбөйдү. Бишкекте концертте эмес эле, айылда тойдо отургандай болдум. «Бул кандай элди сыйлабагандык? Акчабызды кайтарып бергиле, биз кетебиз» деп жигиттер, аялдар көшөгөнүн артына өтө башташты. "Түнкү саат 10го чейин концерт кармалчу эмес эле, кап, чыгып элге себебин айтып койсо болмок" деп аларга жан тартып отурган мен эле болдум окшойт. Нааразы болгон жанагы топ катуу уруштубу, айтор, көпкө күттүргөн куудулдар сахнага чыгышты.

«Ассалому алейкум» деген ыры менен «повод» бербей кубанычтуу чыга келишти куудулдар. Улам-улам кечиккени үчүн кечирим сурап жатышса, бирөөсү «элди жыргатабыз деп "пачагыбыз" чыкты го» деп күлүп коёт. Гүлжигит Сатыбековду «качан үйлөнөсүң?» деп эле жанын коюшпайт го. Бул ырчы үйлөнгөн окшобойбу деп койдум, анткени сөз арасында «Гүлжигит үйлөндү» деп кыстара кетишти.

Куудул Союзбек Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын тоюн "бир нерсесинен башка баарын элге жарыялашты" деп тийишти. Бир маалда эле куудулдар чыкты, ар кимиси бир аспапты кучактап. Союзбек «эми ыр кесеге орун берели. Сиздер да ырларды билсеңиздер колдоп-коштоп отуруңуздар» дебеспи. Жандуу ырдашса, жакшы болот турбайбы деп кубанып калгам. Анан эле башташты, бири артта, бири алдыда. Бири аны ырдаса, бири муну ырдап, сөздөрүн унутуп, айтор, отурушта отурган кызуу аяштардай элес калтырышты. Баарынан да өздөрүнө жагып жатты окшойт, аябай жыргап алышты. Алардан соң мен "бытыкыймын" деген Талха аттуу куудул жигит узун кепке кирип кетти. Концерттин башталышын күтүп отуруп чарчаган элдин айрымдары анын арманын укпай үргүлөп да кетти. Качан гана төкмө акын Сапар Зулпиев менен Жакут Сыдыков чыгып, тамаша аралаш айтышканда эл жандана түштү. Албетте, алардын бири-бирин "сен Мерген Турганга окшошсуң", "сен Кайрат Кыргыздайсың" деп тамашалагандары көп жага бербеди. Айтыш учурунда Болсунбек Стакеев менен Максат Тасмаевдин кыргыз көйнөкчөн чай ташып чыкканы концерттин эң туздуу жери болду окшойт.

 Концерттин аягында Гүлжигит аккордеон менен күйөрмандарынын суроосу боюнча ырларды аткарды. Түн бир оокум болгонуна карабай эл жандуу ырларды акыркы күчүн топтоп жандуу коштоп беришти. Саат 12ден ооп калганда бала-чака ыйлап, Спорт ордосу өзүнчө эле ызы-чуу болуп чыга келди. Уюштуруучулар кийинкиде элдин шартын да ойлоп койсо деген ой менен концертке тойгон-тойбогонумду билбей жолума түштүм.


Толик сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Jazdyn_tany
2018-07-03 10:47:44
Ха ха ха Толиктин жазгандарына бир жыргап алдым
+11
Nanei
2018-07-04 16:52:40
Jazdyn_tany,бул жерде кимдин концерти болду ошондо,тушунбодум такыр,Гулжигит дегегинби же куудулдардынбы??
+4
Fortuna1987
2018-07-03 10:56:08
Эээ... кудай сахна кантет шалбырап? Согуш, союз убагында да мындай сахна болгон эмес. Аман эле болушсун.
+5
seli
2018-07-03 11:11:12
Fortuna1987,
Ой эжекеси, сиз жыртык жүрөктү бүтөп койуңчу, өлдүк го биз күтө берип.
+12
engel
2018-07-03 11:34:54
Катта болду концертибиз деп суйунгон бойдон кетишсе керек Ошко. ХХХХ
+3
admin_media
2018-07-03 12:01:13
engel, мазактоого жол берилбейт!
+3
Nevestkaa
2018-07-03 12:32:54
Артисттерге чейин элдин концертин көрдүк дегени жакты ха ха.
+4
Anarushka
2018-07-03 15:06:07
Артисттер ар Бир концертинде кечигишет, белгиленген убакта келишпейт
+1
Fekus
2018-07-03 15:37:01
Барбаганыбыз жакшы болуптур
+4
ALINALISA
2018-07-05 15:40:24
эх Толик, Толик ))).
+3
Muzik
2018-07-06 09:59:24
Гулжигит уйлонгон го эки кыздуу да болгон,40 ка кирип бойдок журмок беле.
+1
Lui
2018-07-06 14:22:32
Концерттин ким тараптан уюштурулганы( кимдин концерти экени) жазылбаптыр..ушул жакты тактап жазып койсо болмок экен Толик.
0
№ 817, 29-июнь -5-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан