Американын секс символу – МЭРИЛИН МОНРО

Мэрилин Монро өткөн кылымдын 50-жылдарында көпчүлүк эркектердин кыялы болсо, аялзаты ага окшошуу үчүн бардык айла-амалдарды колдонушкан. Миңдеген эркектин жүрөгүн багындырган Мэрилин Монронун сексуалдуулугунун сырын ушуга чейин эч ким таппай келет.

МАФИЯ БАШЧЫЛАРЫНАН ПРЕЗИДЕНТКЕ ЧЕЙИН...
Горизонтто Мерилин аттуу айым пайда болгондон тартып, артындагы чуусу жана анын төшөк майданындагы жеңиштери уламышка айланган. Америкадагы белгилүү журналдын сунушу менен жыпжылаңач сүрөткө түшүп берген Мэрилин өзүнө даңктын да, суктануунун да жолун ачкан. Анын энеден туума сүрөтү чоң имараттарга илинип турган. Адатта ал учурда мындай жорук адамдардын көбүнүн кыжырын келтирчү. Кызыгы, Мэрилиндин бул сүрөтүн эч ким айрып же уят сөздөрдү да жазышкан эмес. Анын кумарлуу тиктеген сүрөтүнүн жанында сыймыктана караган эркектерди көрүүгө болор эле. Психологдор Мэрилиндин «сексуалдык энергетикасы ушунчалык күчтүү болгондуктан, сүрөттөн да таасир берген» деп айтып келишет. Америкадагы белгилүү адамдар режиссёр Андре де Дьенес, Чарли Чаплин кичүүсү, ошол кездеги белгилүү мафиоз Генри Розенфельд, Американын президенти Жон Кеннеди, анын иниси Роберт Кеннеди менен ысык мамиледе болгон. Өлкө башчысы Жон Кеннеди менен үй-бүлө сепилин курам деген ойдо болгон Мэрилин Монро Жон ага үйлөнбөсүн кеч сезет. Катуу стресске түшкөн актрисаны жубатууга келген Роберт Кеннеди анын тузагына түшүп калат. Мэрилин Монро “Голливуддун жолунда жардам бере турган бардык адамдар менен төшөк кумарына батып чыккан” деген сөздөр бар.

СУЛУУЛУК МОНРОНУН МИСАЛЫНДА

  • Бир күндө бир нече жолу сууга чөмүлгөн.
  • Жылаңач денесин күзгүнүн алдында туруп алып зайтун майы менен майлап, сылап-сыйпагандан рахат алчу (зайтун майы денени картайтпайт деген маалымат бар).
  • Эч качан күнгө денесин кактаган эмес. (Күн терини карытып, кургатып жиберет дечү).
  • Эртең менен сүткө чийки жумуртканы чалып иччү. Анткени бул азык сексуалдык каалоону күчөтүп, төшөктө күчтүү кылат.
  • Эч нерсе кийбей энеден туума жылаңач уктачу. “Мен түн ичинде Шанель№5 атырынан башка эч нерсе жамынбайм” деген сөзү эркектердин бүйүрүн кызыткан.

ЧАЧЫ
Популярдуулуктун алгачкы кадамдарында эле чачын сары түскө боётуп салган Монронун чыныгы чачы жээрде экенин эч ким элес албай калган.

ЖҮЗҮ
Тасмаларда көзүн жарым-жартылай ачып, эрингендей жылмаюусун көрүп жүрөсүздөрбү? Мындай сексуалдуу жылмаюу Монронун “визиттик карточкасы” болгон. Ошондой эле эриндерин өбүшүүгө даярдап жаткандай бөрсөйтүп турганы аны ишенчээк наристеге окшотсо, каш кагып суроолуу тигилгени тажрыйбалуу сойкуга окшоткон. Бир нече образды жүзүнө сыйдыра алган Монро бул кыймыл-аракеттерди күзгүнүн алдында туруп жасап үйрөнгөн дешет.

ТӨШҮ
Өткөн кылымдын 50–жылдары пластикалык операция жолго коюла электе эле Монронун төшү көпчүлүктү кызыктырып келген. Каза болгондон кийин гана ал көйнөктөрүнүн алдына калың материалдан жасалган атайын корсет тагынып жүргөнү маалым болгон.

БАСЫГЫ
Басыгына байланыштуу эки версия бар. Биринчиси, Монронун бир буту кичине кыскараак болгондуктан, аны чеберчилик менен жашырып ушинтип баскан. Экинчиси, жамбашын өйдө-ылдый чайкап басуу үчүн ал атайын бир бутунун шиш такасын өгөөлөп кыскартып койчу дешет.

БИРОК...
Монронун тубаса сексуалдык күчтүү энергетикага ээ болгону талашсыз. Анткени андан сулуу, андан таланттуу актрисалар да эркектердин жүрөгүн Мэрилиндей багындыра алышкан эмес.


ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн саныбызда)

Жыныстык жагынан шал эркектер

  • Кээ бир эркектер өздөрүн кемсинтишип, түйшүк тартышат. “Алигим” бул же тигил ооруга чалдыгып калган жокпу?” деп шектенишип, сарсанаа болушат. Мисалы, кээ бир эркектер “аспабын” кичинекей деп эсептеп, анысын күндө карап кейий берет. “Коркконго кош көрүнөт” дегендей, улам корко берсе “алиги” жыйрылып, кичирейе бериши мүмкүн.

Андыктан эркектер “меники кичинекей” деп кыжалат болгондон көрө, аялды төшөктө кумарга батыруунун жолун, секс ыкмаларын өздөштүрүшсө, өзүн да, аялды да бактылуу кыла алышат. Анткени кептин баары өлчөмдө эмес, сексуалдык маданиятта. Ушулардан улам аялдар “аспабы кичине эркекти эч качан шылдыңдабоо кажет экендигин түшүнүштү го дейм.

  • Аракечтер, тамекини көп чеккендер жана баңгилер бат эле жыныстык жагынан шал болуп калышат. Анткени алардагы уулуу заттар мээни жана жыныс органдарынын иштөөсүн бузат. Ичкиликти көп ичкен, баңгизаттарын колдонгон эркектерден кем акыл, тубаса шал балдар төрөлөрүн медицина алда качан далилдеген. Андыктан эркектер буларды эске алуулары зарыл.
  • Кээ бир эркектердин жыныстык катнаш учурунда бел суусу такыр эле түшпөй коёт. Же кара терге түшүп, алы-күчү кетип, 1-2 сааттык жыныстык катнаштан кийин гана бел суусу түшөт. Буларды да сексология илими жыныстык жактан шал эркектерге киргизишет.

Мунун себеби төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • Жыныстык байланышка бат-бат баруу, бир күндө улам-улам кошулуу;
  • Жыныстык катнаш учурунда башка нерселер тууралуу ойлонуу. Тактап айтканда, ойду бир жерге топтобоо;
  • Аялдын эротикалык жана сексуалдык жактан эркекке жакпай калуусу;
  • Эркектин “алигисине” караганда аялдын жыныс кынынын ичинин өтө кенен болуусу;
  • Жубайлардын дайыма чатакташып, ичтеринен бири-бирин жек көрүп жүрүүсү;
  • Жыныстык катнаш убагында аялга мыкаачылык кылууну каалоо, эркек болуп туруп эркек менен болууну көксөө ж.б.

Жыныстык жагынан тез муздаган эркектер

  • Бири-бири менен эркелешип жатышканда эле эркектин “аспабы” козголот, бирок турбайт. Ошентип, жыныстык байланыш баштала элек жатып, эркектин бел суусу агып түшүп кетет.
  • Эркек “алигисин” аялдын жан жерине эми киргизейин дегенде бел суусу агып кетет.
  • Эркек “алигисин” аялдын жан жерине киргизип, бир-эки ыйкаганда эле бел суусу түшүп калат.

Аял менен болгон жыныстык байланышта бир мүнөткө жетпей бел суусу түшүп, аялды дене кумарына кандыра албагандар “тез муздаган” эркектер деп аталат.
Профессор Фишердин (Германия) аныктамасы боюнча, аялдарды жыныстык катнаш учурунда дене кумарына кандыруу үчүн орто эсеп менен 8 мүнөтчө жыныстык байланышта болуу кажет. Ошондо да көпчүлүк аялдар сексуалдык рахатка батпай калышат.
Америкалык У.Мастерс жана В.Жонсондун изилдөөлөрү боюнча, америкалык эркектер менен аялдардын жыныстык катнашы орточо эсеп менен 10-12 мүнөткө созулат.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
inna
2010-06-22 05:53:28
Kaidagi seks bul jakta sogush bolup jatat.Andan koro oshol tuuralu informaciya bersener bolo:(
0
kaisarbek
2013-04-21 23:47:01
inna, Кызык,а сиз согуш тууралуу маалымат алгыныз келсе Бул болумго кирбей эле койсонуз болмок экен...
0
zzz
2010-06-22 13:24:39
Duynoluk sogu6 u4urunda da sex bolgon...
0
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан