«МЕНИ КОРЕЯГА ИШКЕ ОРНОШТУРАМ ДЕП 3000 ДОЛЛАРГА АЛДАП КЕТТИ". ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ИШТЕП КЕЛҮҮДӨ КАНТИП АЛДАНБОО КЕРЕК?

«Түштүк Кореяга барып иштейм деп 3000 доллардан ашык акчамды белгисиз бирөөгө берип коюп карызга батып отурам»,- деп кайрылды гезитибиздин кеңсесине баш баккан мекендешибиз. Ал жалгыз эле эмес, жанындагы эки досу менен чогуу алдамчылыктын курмандыгы болгондугун баяндап берди. Каарманымдай болуп алданып калбаш үчүн эмнелерге көңүл буруу керек. Чет өлкөгө кетүүнү пландап жатсаңыз кайсы жакка кайрылуу керек экендиги тууралуу маалымат бермекчибиз.

«АКЧАНЫ АЛГАНДАН КИЙИН «СИЛЕРДИ ТААНЫБАЙМ» ДЕП КОЙДУ»

Нураалы Камчыбек уулу көпчүлүк мекендештерибиз сымал Орусияда иштеп жүргөн. Ал бир шылуундун «Кореяга баруу үчүн документтериңерди бүтүрүп, жумуш да таап берем» деген сөзүнө ишенип, 3000 доллардан ашык акчасынан кол жууган.
-Ахмад деген досум бир канча жыл корей улутундагы Евгений аттуу жаран менен бирге Ысык-Көлдөгү кафелерде, андан кийин Казакстанда чогуу иштешиптир. Евгений Кыргызстанда туулуп-өскөн этникалык корей экен. Ал киши 2 жыл мурун Түштүк Кореяга кетип, кийин досума Кореяга кетүү үчүн документтерин жасатып, жумуш таап бере аларын жана ал жакта маяна 2500 АКШ долларынан өйдө болорун айтыптыр. Муну укканда кызыгып калдык. Үчөөбүз 2 жуманын ичинде ал айткан акчаны жөнөттүк. Виза, чакыруу жана башка документтерге 2200, медициналык баракчага 300, билет үчүн 250 АКШ долларын котордук. Банктагы комиссияларды кошкондо ар бирибизден 3 миңден ашуун АКШ доллары кетти.

"Евгений менен WhatsApp аркылуу макулдашып акча которгонбуз. Акчаны алгандан кийин ал бизге жооп бербей калды".

Сүйлөшкөнүбүз боюнча ушул жылдын апрель айында документтер толук бүтүп, учуп кетишибиз керек эле. Сурасак документ жасаган адамдар менен уруша кетип, сабалып калганын айтты. Дагы бир ай күттүк. Май айында телефон чалсак албай, жазсак жооп бербей койду. Социалдык тармактардан издеп таап чалсам, «силерди тааныбайм» деп, мени блоктоп салды. Бир досум 200 миң сом насыя алып которгон. Аны төлөө үчүн Түркияга барып иштегени жатат. Баарыбыз карызга батып калдык. Иштеп жаткан жумушумдан чыгып алгам. Бул иш боюнча милицияга арыз менен кайрылдык.



КЫРГЫЗДАР ЦОЙ, КИМ ДЕП ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТКӨН
Былтыр да мекендештерибиз ушул сыяктуу шылуундардын торуна түшкөн эле. Анда Кореяга виза ачтыруу үчүн «Бишкек Альянс ЛТД» аталышындагы агенттике миң АКШ долларынан 7 миң АКШ долларына чейин акча берип, кийин агенттикти да, анда иштегендерди да таппай калышканын айтып, 10дон ашык жаран милицияга арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын айтымында, агенттик алардын атын, фамилиясын өзгөртүп, үй-бүлөлүүлөрдү ажыраштырып, аларды корей улутундагы жарандарга баш коштурушкан. Анан аларга этникалык корей катары документ жасап берип, Түштүк Кореяга жөнөтмөк. Бул факт боюнча Свердлов РИИБи тарабынан "жасалма документтерди жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Сайкал Бекмуратова жана Жоомарт Садыков дегендер кармалган. Жыйынтыгында иш Жогорку Сотко чейин жетип, өткөн жылдын ноябрь айында алар 6 жылга шарттуу түрдө соттолгон эле. Бирок бул иштин уюштуруучулары Рахат жана Дениз аттуу жарандар азыр да издөөдө. Ал эми акчасын алдаткандан сырткары Ким, Цой деген сыяктуу фамилияга өткөндөр кайра өздөрүнүн фамилияларына өтө албай жүрүшкөн. Бул факт ошол кезде Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган Тайырбек Сарпашевдин ишмердүүлүгүнө да көлөкө түшүргөн эле. Бирок документ жасоодо катыштыгы бар экендигин жабырлануучулар айтып жатса да, каттоо кызматы суудан кургак чыккан.



ЧЕТ ЖАККА ЧЫГУУДА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

Чет өлкөгө барып иштөөдө кантип алданып калбоо керек? Жоопту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев тизмектеп берет:

Чет өлкөгө чыгып иштөөнү ойлонуп жатсаңыз, эң алгач ал өлкө тууралуу көп маалымат алыңыз, мыйзамдарын карап чыгыңыз.

Жеке адамдарга жана лицензиясы жок иштеп жаткан агенттиктерге ишенүүдөн алыс болуңуз. Алар сизге виза жасап, башка өлкөгө жибере алышы мүмкүн. Бирок ал жакка баргандан кийин кандайдыр бир маселе жаралса, сизге расмий тараптар жардам бере албайт.

Oec.kg сайтында чет өлкөгө жумушка орношуу боюнча мамлекеттик программалар жана мамлекеттен уруксат алган агенттиктердин тизмеси илинген. Миграция маселеси боюнча кандай гана суроо жаралбасын миграция кызматынын маалыматтык-консультация борборунан тактап сурап алыңыз.

Мамлекеттен уруксат алган агенттиктердин ар бирине бир же эки өлкөгө жумушчуларды жиберүүгө уруксат берилет. Мисалы, лицензияда Түркияга жумушчу күчүн жиберүүгө уруксаты бар экени көрсөтүлүп, бирок сизге башка өлкөгө барууну сунуштаса, демек, ал агенттик сизди алдап жатат.

Келишим түзүүдө медициналык жана пенсиялык камсыздоо пунктуна да көңүл буруңуз.

Орусияга барып иштөөдө миграциялык каттоого туруп, эмгек келишимин түзүү гана жетиштүү. Мурдагыдай патент, тил сынагынан өтүү, жумушка уруксат кагазы талап кылынбайт.

Түркияга баруу үчүн сөзсүз "w" категориясындагы эмгек визасын жана Түркиянын эмгекке болгон уруксатын алышыңыз керек. Туристтик виза же визасыз жүрүүгө уруксат берилген 90 күн ичинде иштесеңиз, мыйзам бузган болосуз. Билинип калса сизди депортация күтөт.

Түштүк Кореяга жиберүү EPS-системи боюнча ишке ашат. Кореяга жумушка орноштуруу үчүн өлкөбүздө бир да агенттик мамлекеттен уруксат алган эмес. Белгилей кетчү жагдай, EPS-системи менен жумуш берүүчүнүн сизди тандап алышын канча убакыт күтүшүңүз керек экени белгисиз. Миграция кызматы жумушчунун базасын түзүп, жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда көпүрө болуп берүү кызматтары үчүн 27 АКШ долларын жана медициналык маалым кат үчүн 1300 сом акы алат. Жеке агенттиктерге караганда бир топ арзан. Бул программа менен медициналык жана пенсиялык камсыздоого ээ болосуз. Ал эми жасалма виза же туристтик виза менен барып иштесеңиз мыйзам бузган болосуз. Кармалып калсаңыз 2-3 күн камалып, андан кийин депортацияга дуушар болосуз. Анда да билетти өзүңүз сатып алышыңыз керек. Кайра Кореяга 5-10 жыл кире албайсыз.

Башка өлкөлөргө кетүү эрежелери боюнча маалыматтарды миграциялык кызматтын маалыматтык-консультациялык борборунан алсаңыз болот.

Расмий маалымат боюнча, 800 миңге жакын кыргыз жарандары чет жерлерде эмгектенишет. Алардын ичинен 640 миңи Орусияда, 30-35 миңи Түркияда, 30 миңдин тегерегиндеги жаран Казакстанда. Орусияга кеткендердин саны жыл сайын он пайызга өсүп жатат. Акыркы жылдары Түркияга кеткен жарандардын саны 20-25 пайызга өстү. Казакстанда негизинен 1990-жылдары барып отурукташып калгандар жашайт. Ал эми Түштүк Кореяда 5 миңден ашык мекендешибиз бар. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кыргыз жарандарын кезиктирсе болот.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2017-жылы чет жакта иштегендер өлкөгө 2 миллиард 485 миллион АКШ долларын которушкан. 2018-жылдын биринчи кварталында 495 миллион АКШ доллары которулду. Ал акчалар негизинен кийим-кече, тамак-аш жана там курууга сарпталат. Ошондой эле той-аш өткөрүүгө да көп акча сарпталары айтылып келет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
monster_high_98
2018-07-10 12:40:53
Чоон рахмат,ушундай кенештер ото зарыл болчу,мага окшоп чет жакка чыгам деп оолуккандар толтура болушу керек
+5
Artyr1994
2018-07-10 18:18:40
Чехия Литвия боюнча да айтып койсонуз жакшы болмок.
Например Okkami дегер фирма бар экен
+6
Albinoc.piratium
2018-07-11 00:38:56
Америкага кетуу учун маалымат бере аласыздарбы?
+5
surgeon777
2018-07-11 18:02:35
Урматтуу админ,Америка,Канада ж.б олколорго кетируучу фирмалардын эн ишеничтуулору менен маек куруп бере аласыздарбы?
+4
admin_media
2018-07-12 09:18:32
surgeon777,саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
jaskaaa
2018-07-12 08:29:55
Эх кыргызым.Качан өз үйүбүздө тынч отуруп ойлонбой,өнүккөн таза өлкөдө жашайбыз?
Депутаттар,чоңдор жеседа завод фабрикаларды куруп жумуш орундарын түзүшсө өздөрүнөда элге да пайдалуу эле. Эс алып түштөнүп эле элдин акчасына эле сайрандашпайм.
+5
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА