реклама
Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

№818 6-июль -12-июль, 2018-ж.


АБИТУРИЕНТКЕ КЕҢЕШ. КАНДАЙ КЕСИП ТАНДОО КЕРЕК?

Учурда мектепти бүтүп, ар кайсы окуу жайдын эшигин каккылап жүргөн абитуриенттерди көп көрүүгө болот. Айрымдары өзүнө жаккан кесипти тандаса, кээ бири тааныш-билиштикке карап, республикалык тесттин жыйынтыгына таянып, кыскасы, шартка жараша билим алууга бет алгандар. Кесипти туура тандап жатасыңбы, алдыңкы 5-6 жылда ата-энеңдин каражатын туура жумшайм деп ишенесиңби? Жашоодо ордун таап калган кыргыздын билимдүү, илимдүү адистери абитуриенттерге кеңеш беришет.


Эркин Рыскулбеков, алпаруучу, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган: «ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯДАН АРТТА КАЛБАГЫЛА»

– Өзүм бүгүн абитуриенттерге алтын сертификат тапшыруу аземин алып бардым. Кыргызстан боюнча 65 абитуриент алтын сертификатка ээ болушту. Жаңы, кооз аталыштагы кесиптерди же бирөөнүн сунушу менен эмес, жүрөккө жакын кесипти тандаган туура. Студент болгондо бир гана окуу менен алек болбостон ар түрдүү ийримдерге катышкыла, колдон келишинче тил үйрөнгүлө дегим келет. Студенттик кез бир келет. Ошондуктан акыл менен эс алууну да унутпаш керек. Студенттик кез бүтүп, иштей баштагандан тарта «жумуш, жумуш» деп чуркап жүрүп эс алууга чама келбей калат. Азыр ойлосом, эс алуучу убактымды иштеп өткөрүп жибериптирмин. Дагы бир кеңешим же мен кетирген ката. Жаңы инновацияларды, жаңы технологияны үйрөнүшсүн. Себеби бүгүнкү заман техниканын заманы.


Руслан Акун, кинорежиссёр, БААУну аяктаган: «ЖҮРӨГҮҢӨ ЖАКЫН КЕСИПТИ ТАНДА»

– Бизде кесип тандоодо жаңылыштык көп болот деп ойлойм. Анткени ата-эне баласынын оюнан өзүнүн оюн бийик коюп, «тиякка, биякка бар» дешип багыттама беришет. Ал туура эмес. Бала ата-энеси чийип берген жол менен барып окуган күндө деле ал диплом менен иштебейт. Абитуриент эң негизгиси жан дүйнөсүнө, жүрөгүнө жакын кесипти тандаса эч качан адашпайт. Анткени ал кесипти өмүр бою сүйүп, артынан сая түшүп иштей берет. Өзүңөр билгендей, иштеген тиштейт.


Азамат Аттокуров, экономист, Москвадагы Мамлекеттик башкаруу университетин бүтүргөн: «БИЗДЕ ЖАКШЫ КАДР ДАЯРДАГАН АШЫП КЕТСЕ 2 ОКУУ ЖАЙ БАР»

– Ар бир абитуриент «менин эң жакшы көргөн жумушум эмне? Мен эмне кылганды жакшы көрөм? Дүйнөдө кайсы кесиптерге зарылчылык көп?» деген суроолор менен баш катырып, терең ойлонушу керек. Мисалы, азыр 1-орунда IT адистигине суроо-талап жогору. Экинчи орунда медиктер турат. Андан кийин химик-биологдор, экологдор, инженерлер, тамак-аш технологдору, долбоор менен иштеген менеджерлер учурдун жакшы кесиби болуп саналууда. Кыргызстанда иштейм десе мамлекет менен байланышкан кесипти тандабай эле коюшса дейм. Себеби айлык аз, ошондуктан коррупция абдан чоң. Чет тилдерин жакшы окуп, бул жерден билим алгандан кийин чет өлкөлүк башка окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биздеги билим берүү системи өнүккөн өлкөлөрдөгү окуу жайлар менен эч качан атаандаша албайт. Менин көз карашымда, бизде жакшы кадр даярдаган ашып кетсе 2 окуу жай бар.


Нурзат Токтосунова, алпаруучу, Ататүрк-Ала-Тоо университетин аяктаган: «ӨЗҮҢ СҮЙГӨН КЕСИПТЕН ГАНА КӨП АКЧА ТАБАСЫҢ»

– Кесип тандоо канчалык оор экенин сезип турам. 11-классты бүтүп жатканда мен дагы көп ойлонгом. Азыр «мына бул кесиптерге барсаң көп акча табасың» дегендер жаңылышат. Өзүң сүйгөн кесипти гана чын ыкластан аткарсаң, анын өтөсүнө чыгасың. Ошондо гана көп акча келет. Абитуриенттерге айтарым, кайсы окуу жайга, кайсы факультетке тапшырба, 1-күндөн тарта жакшы оку. Кыргыз коому азыр чыныгы профессионалдарга аябай муктаж. Акыркы жылдары жаңы кесиптер көбөйүп жатат, аларды да байкап көрүшсүн. Эң биринчиден, жалпы республикалык тесттин баллы кайсы окууга жетип жатса, ошону окуганы деле оң. Канчалык көп окусаң, ошончолук дүйнө таанымың өсөт. Эгер биринчи тапшырган окууң ата-энеңдин багыты же тесттин жыйынтыгы менен болсо, экинчи окууңду өзүң жүрөгүң менен танда.


Аида Касмалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, БГУну аяктаган: «ӨЗҮҢӨРДҮ ЭЧ КАЧАН ЧЕКТЕБЕГИЛЕ»

– Менин кеңешим, ар бир бүтүрүүчү алдыга чоң максат коюш керек. Өзүңөрдү эч качан чектебегиле. Канчалык чоң максат койсоңор, ошончолук көп нерсеге жетишесиңер. Мен айтчу кеңештер кайсы убак болбосун өзүнүн керектүүлүгүн жоготпойт. Адамдын өзүнө ишенүүсү, талбай эмгектенүү, билимге умтулуу жана жөнөкөйлүк. Азыркы заманда мүмкүнчүлүктөр көп. Көбүрөөк саякаттоого, эл-жер көрүүгө умтулуу адамдын деңгээлин өстүрөт. Тил үйрөнсөңөр, сөзсүз майнап чыгат. Мен жашоомдо бирөөнүн колдоосуна таянган жокмун. Жакшы кыялданып, аракет кыла берсең эле айланаңдагылар сени сөзсүз байкайт.


Акылбек Жамангулов, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз-Орус Славян университетин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны, ТИМге караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган: «ЭЧ КАЧАН ЖАШМЫН ДЕБЕШ КЕРЕК»

– Алтын медаль, кызыл диплом менен бүтсө эле баары идеалдуу болуп кетет дегенден алысмын. Азыркы 20 жаштагы баланын амбициясын уксаңыз, "окуйм, үй-бүлөмдү багам, бизнес ачам" дейт. "Артка жол жок" деп, ушундай амбиция менен алдыга гана умтулуу туура. Айрымдар "азыр жашмын" деп максаттарын артка жылдырышы мүмкүн. Жаштыктын деми менен көп иш баштаса болот. Быйыл 24 абитуриентти Орусияга, Түркияга, Кытайга гранттык негизде акысыз окууга жибердим. Алар жакшы окуган, бирок жогорку билим алууга шарты жок же ата-энесиз улан-кыздар. Жол кире өңдүү алгачкы чыгымдарын өз моюнума алгам.


Санжар Мыкыев, тамада, Ататүрк-Ала-Тоо университетин аяктаган: «ОКУУ МЕНЕН ЧОГУУ БИР НЕЧЕ ИШ МЕНЕН АЛЕКТЕН»

– Абитуриент алгач жашоодо эмнеге жетишкиси келет, ошону өзү үчүн иликтеп, изилдеп, чечмелеп алышы керек. Анткени өзү тандаган кесип менен кийин күнү-түнү жашайт. Өзү тандаган жолдогу мыкты инсан болууну максат кылыш керек. Айырмасы жок, бул социалдык тармакпы же илимий тармакпы. Эң башкысы, ошол жолду туура тандап туруп, майын чыгара окуш керек. Жогорку окуу жайларына мектептегидей мамиле кыла беришкендери жалкоолук. Мен Ататүрк-Ала-Тоо университетинде окуп, программист адистигин алып чыккам. Азыр башка тармакта иш кылып жатсам да, өз кесибим менен ар түрдүү долбоорлордо иштеп жатам. Университетте окуп жүргөндө эле көп иш менен алектенчүбүз. Ошолордун ичинен кайсынысы сага жакын аны убакыт өзү көрсөтүп коёт. Кесип тандоодо популярдуу кесипти тандоонун кереги жок. Анткени жыл сайын канчалаган адам финансы адистигин алып чыгышат. Алардын канчасы жумушсуз жүрүшөт. Азыр мурункудай бирөөнүн колунда иштөө пайдасыз. Ар ким өзүнүн ишин ачып, ишкерлик кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.


Бакыт Осмонканов, актёр, сценарист, Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөн: «ТУУРА ЭМЕС КЕСИПТИ ТАНДАП ӨКҮНҮП КАЛГАМ»

– Окууну бүткөндөн кийин өкүнүп калдым, анткени туура эмес кесипти тандаптырмын. Мен абитуриент болгондо элдин баары ызы-чуу болуп экономист, юрист болуп жатышкан. Ошол толкундун артынан мен дагы алардын катарына кошулуп калгам. Абитуриенттерге айтарым, жакшы көргөн, жүрөгүңөргө жакын кесипти тандагыла. Болбосо 5 жыл убактыңар жөн эле кетет. Керек болсо бир жыл өзүңөргө эмне жагат, эмне жакпайт иликтегиле.



Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
10.07.2018. 12:28 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
17-07-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Джалал-Абад,Аксы
+3
Нурзат Токтосуновага кошулам"Озун суйгон кесиптен Гана коп акча табасын!"
10.07.2018. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
21-02-2016
Соӊку аракети:
18-07-2018 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да кесип тандоодо жанылгам, андыктан озундун журогуно жакын, ырахат ала тургандай кесип тандоо керек экенин кийин билдим...
10.07.2018. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
17-07-2018 23:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага озумдун кесибим жагат. Биринчи туура эмес кесип тандаганымды сездим. Кийин озумдун суйгон кесибимди уланттым. Окуш керек. Билим болсо, кыялдар орундалат. Жашоодо кыйналбайсын.
11.07.2018. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
17-07-2018 12:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматту бутуручулор силерге келечекке карай чон жоол!эсинерде болсун кыялдар орундалат!Созсуз турдо орундалат!Ошондуктан окуунар ортолоп калганда Оруссияга кетип калбай,койгон максаттарынарга жеткиле!
11.07.2018. 16:32 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-06-2018
Соӊку аракети:
17-07-2018 12:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
КУУну буткондордон деле интервью алып койсонуздар болмок экен
Ал эми мен туризм тармагын тандаганыма эч окунбойм
14.07.2018. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
16-07-2018 11:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Жаштарга сунуш кылат элем. Нефти-газ,тоо-кен геология адистиги б-ча окугула.Айлыгы абдан жакшы, өмүр бою кор болбой адамча жашайсың.
14.07.2018. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
29-03-2015
Соӊку аракети:
15-07-2018 08:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Уф, кайсы окуу жайга барба коррупция. Биз Алайдан Бишкекке барганбыз. Тесттин жыйынтыгына карабайт. Мет.коллеж 2000 $. Бербесең экзаменден жыгыласын окуй албадык.
15.07.2018. 02:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
29-11-2010
Соӊку аракети:
17-07-2018 16:59
Жынысы:
Белгисиз
0
saat1200,мед.колледжди туура эмес жазсан окуй
албайсын албетте, мугалимдер жакшы окугандардан акча сурабайт.
15.07.2018. 04:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
29-03-2015
Соӊку аракети:
15-07-2018 08:49
Жынысы:
Белгисиз
0
PeRa, мен Кыргызстанда жок параны жазып алыпмын. Кечир туура жазганды үйрөнүп анан тапшырайын ээ.
saat1200 түзөттү 2018-07-15 04:18:43
16.07.2018. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
31-08-2015
Соӊку аракети:
17-07-2018 21:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар уйбулолук жашоо менен айкалыштыра иштеген кесип тандаса жакшы. Семьяга, балдарына да жакын болосун, озун тарбия бересин дегендей. Акча тапканына суйунбо. Негизи ошол нерсе сага ырахат тартууласын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
20923;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: