ТУРМУШ ЖОЛУНА АТТАНУУ
– Мен турмушка 31 жашымда чыктым. Бул курак кыздар үчүн сонун убак. Эч нерсени көрбөй, билбей, түшүнбөй, күлгүн түстүү көз айнек тагынып алып турмуш курган мезгил эмес дегендей. Ал учурда карьерамды бир нукка салып алган учурум эле. Апам мени «турмушка чык, жашың өтүп баратат» деп шаштырбады. Жадакалса бир жолу да кеп козгогон жок. Ал менин кеңешчим, сырдашым.
Жолдошум Талант экөөбүз ресторанда чогуу иштедик. Ал ресторандагы музыканттардын жетекчиси болчу. Бардык аспаптарда ойнойт, жакшы ырдайт. Турмушка чыга электе ресторандагы кесиптештеримди, репертуарымды, иши кылып ар бир кыймылымды апама айтып берчүмүн. Ошондуктан апам Талантты сыртынан менин айтуум боюнча жакшы таанычу. Аны менен 13 жыл тааныш болуп жүрүп, анан турмушка чыктым. Үйдөгүлөргө Талантка турмушка чыгарымды, анын мурун турмуш курганын, балдары колунда экенин айтканымда эч кимиси каршы болгон жок. Апам тескерисинче «турмушту көрүп калган экен. Балдарда эмне күнөө, аларды өзүңдүн балдарыңдан да артык көр. Эч качан бөлбө, кемсинтпе. Кийин ошолордон эле колдоо болот» деп акылын айткан.
2009-жылы турмушка чыктым, бир жылдан кийин Альбинам төрөлдү. Жолдошум аябай баласаак. Толгото баштаганымда төрөтканага алып барып, эч жакка кетпей, мен көз жарганга чейин эшиктин алдында отурду. Биринчи болуп палатага кирип куттуктап, мага ыраазычылыгын билдирген. Ошондо өтө камкор жолдошум бар экенине сүйүнгөм. Келин статусу же ырчы келин
– Мен жалгыз кызмын, эки агам, бир иним бар. Апам жалгыз кыз деп мени чоёңдотпой, өзүнө жардамчы кылып тарбиялады. 2-3 жашымда эле чыныга ун салып берип, камыр жуурутчу. Кийин сайма сайганды, түймө түйгөндү үйрөндүм. Чоңойгондо апамдын көзөмөлү менен өзүмө жемпир токучумун. Кыскасы, аялзатына тиешелүү жумуштардын баарын аткарам.
Жаңы келин болгондо кайын журтум тарабынан мүмкүн «ырчы жумуш кыла алабы? Кандай келин болот?» дегендей күмөн ойлор болгондур. Мен аны ачык билбейм. Турмушка чыкканда сүйүктүү жолдошум үчүн жакшы келин болушум керек деп аябай аракет кылдым. Кайын журтумдун жолдошума нааразы болушун каалабайм, тескерисинче, «бизди ушундай келиндүү кылдың» деп ыраазы болушу үчүн азыркыга чейин бүт күчүмдү жумшап келем. Ашып кетсе жылына 2-3 жолу 2-3 күнгө кайын журтка барат экенбиз. Ошондо колдон келген кызматымды, колдон келген сый-урматымды көрсөтөм.
ЫРЧЫ ЭНЕ
– Кыздарым кичинесинен гезиттерге, сыналгыга чыгып көнүшкөн. Мен телекөрсөтүүлөргө тартылганы барсам кызыгып отуруп көрүшпөйт. Апам «менин апам сыналгыдан чыкса жан талашып көрүп, элдин баарына мактанмакмын. Булар карап да коюшпайт го» деп күлө берет. Балким, чоңойгондо апабыз ырчы деп сыймыктанышар.
Мен үчүн ар дайым үй-бүлө биринчи орунда. Өзүм 2 кызды жарыкка алып келип, жолдошумдун уулун үйлөнтүп, кызын турмушка узатып, анан жолдошумдун колдоосу менен чыгармачылыкка кириштим. Мага караганда жолдошум менин чыгармачылыгыма күйүп-бышып, изденет. Бул чыгармачыл айымдар үчүн чоң бакыт.
ЫРЧЫ КАЙНЕНЕ
– Уулубуз Арген үйлөнүп, бир кыздуу, бир уулдуу болду. Ошентип азыр келин жумшап жаткан учурум. Айылда баарыбыз жүрсөк кайненем «ай, келин» деп кыйкырып жатпайбы, «ооу» деп тура калып барайын десем, кайын сиңдим «сиз пенсияга чыгыңыз, келиниңиз турат го» деп күлүп жатпайбы. «Келин» дегенде өзүмдүн келинимди жиберсем болот экен да» деп сүйүнүп калдым.
Жолдошумдун катаал мүнөзү бар. Катаал болгону менен, боорукер. Бир нерсеге бат жинденип чарт-чурт болот да, 5 мүнөткө жетпей ал кылганына өкүнүп, жүрөгү ооруп чыгат. Ага караганда мен оор басырыктуумун, оңою менен таарынбайм. Бир таарынсам 1-2 жолу кечиришим мүмкүн, андан ашып кетсе кечирбейм. Ушундай көк бетмин, такыр жазылбайм.
Айрымдар мени улуу адамга турмушка чыккан деп ойлошот экен. Экөөбүздүн ортобуздагы айырма 9 жаш. Бул бири-бирин толуктап турган сонун айырма.
ДОСТОР
– Бала кезден чогуу ойноп, чогуу өскөн кыздар менен болгон достук өтө баалуу экен. Классташ 3 курбум менен азыркыга чейин мурункудай жакын мамиледемин. Кандай көйгөйлөр болбосун, күн болобу, түнбү чогула калып чечкенге аракет кылабыз. Ал төртөөбүздүн ортобуздагы мамиле достон да жакын, бир тууган болуп калдык десем жаңылышпайм.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
– Мен чыгармачылыкка жакын болуп, шоу-бизнес, маданияттын өкүлү болуп калганыма ыраазымын. Бул кесиптен эч жамандык көргөн жокмун. Жакшы чыгат деген ырларым элге сиңбей калса, «эмнеге мындай болуп калды?» деп изденесиң. Изденүүнүн үстүндө жүрүп көп нерсени түшүнөсүң. Мен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрадалык вокал бөлүмүн аяктагам. Ошого карабай үйдөн ырдайм, вокалдан сабак алып турам. Үн деген аспап сыяктуу. Ар дайым күүлөп туруш керек. Эгер вокалга бара албай калсам үйдөн үнүмдү такшалтып, ар түрдүү көнүгүүлөрдү кылып турам.
Шоу-бизнестеги атаандаштык жакшы натыйжа берет. Башкача айтканда, сапатка иштегенге аракет кылам. Жөн эле мен мыктымын деп отуруп албастан изденип, «мен алдыга озушум керек» дейсиң. Айрымдар «мен эч кимге атаандашпайм» деши мүмкүн. Бирок баары бир жок дегенде бир-экөөнө көз салып турат, ага кепилдик берем. Чыгармачылыктагы сапарымда саткындар да болду. Мен ырдайм деп даярданып жүргөн ырды ырдап алып, менин идеямды уурдап алып капа кылышты. Аларга карата бир чечим чыгарып алгам. Учурашам, андан ары кетпейм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg