ОРУСИЯНЫ ИЙГИЛИККЕ СҮЙРӨГӨН ДАРБАЗАЧЫЛАР

Дарбазачы – бул жарым команда. Ал мыкты болсо команданы жеңишке өзү эле жеткирет. Орусия курама командасын тарыхта калчу жеңишке сүйрөгөн эки каарман болду. Экөө тең дарбазачы. Бири Игорь Акинфеев болсо, экинчиси кезинде дарбазачы, учурда башкы машыктыруучу Станислав Черчесов.

Футболчу тууралуу:

Толук аты-жөнү – Акинфеев Игорь Владимирович

Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 8-апрель

Туулган жери – Москва облусу, Видное шаары

Бою, салмагы – 185 сантиметр, 75 килограмм

Жетишкендиктери – ЦСКАнын курамында УЕФА кубогунун ээси, Орусиянын 6 жолку чемпиону, 2008-жылы Европа чемпиондугунун коло медалынын ээси. Акинфеев Чемпиондор Лигасындагы матчтарда 2 автогол киргизген жалгыз дарбазачы.

Учурда – ЦСКА клубунун капитаны жана дарбазачысы.


АТАК АЛЫП КЕЛГЕН БЕТТЕШ
Испания менен болгон беттеште Орусия курамасынын голкипери испандардын арты-артынан жасаган чабуулдарынан 120 мүнөт бою дарбазасын мыкты коргой алды. Испан оюнчулары Акинфеевдин дарбазасына жалпысынан 25, анын ичинен 10 таамай сокку узатышкан. Акинфеев таамай 10 соккунун баарынан дарбазасын коргоп, Игнашевичтин автоголунан гана коргой албай калды. Жыйынтыгында 1:1 эсеби катталып, пенальтилер сериясы берилди. Орус дарбазачысы пенальтиде тебилген 5 соккунун экөөсүн тосуп, командасына жеңиш алып келди. Оюндан кийин орус командасы да испандарды жеңерине ишенишпегени, пенальтиден үмүт артышканы билинди. Акинфеев өзү беттештен кийин «2 таймда жана кошумча берилген 30 мүнөттө биз коргонууда болдук. Жашырбайм, Испанияга каршы ойноо дайыма оор, биз пенальти болушунан үмүт кылдык» деп билдирди. Эми Орусия курамасы чейрек финалда 7-июлда Хорватия курамасы менен беттешмекчи.

4 ЖАШЫНАН БЕРИ ФУТБОЛДО
Болочоктогу дарбазачынын атасы айдоочу, апасы бала бакчада тарбиячы болуп иштешкен. Игорь 4 жашка толгондо атасы аны ЦСКАнын балдар жана өспүрүмдөр мектебине берген. Ошол убакта ал башкалардан 2 жашка кичүү эле. Экинчи машыгуусунда эле Игордун тубаса дарбазачы экенин байкаган алгачкы машыктыруучусу Дезидерий Ковач аны дарбазага коёт. 2002-жылы Игорь ЦСКАнын өспүрүмдөр курамасы менен Орусиянын чемпиону болот. Ушул эле жылы ЦСКАнын футбол академиясын аяктап, бул клуб менен биринчи профессионалдык келишим түзөт. Көп өтпөй Орусиянын өспүрүмдөр курамасына чакыруу алат.

Акинфеев 2003-жылы Москвадагы №704 мектепти аяктап, Москва мамлекеттик дене тарбия академиясына тапшырат. 2009-жылы «Футболдук матч учурунда дарбазачынын техника-тактикалык аракети» темасында дипломдук ишин жактаган ЦСКА клубунун эң жаш дарбазачысы футбол боюнча дипломдуу адис болуп чыгат.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Игорь Акинфеев жеке жашоосу тууралуу көп айта бербейт. Мүмкүн, буга бир ирет Акинфеевдин атынан ачылган фейк баракчада белгисиз бирөө күйөрмандарынын бирин шылдыңдап коюп, ал кан тамырын кесип салганы себептир. Бул тууралуу уккан Игорь өтө катуу кайгырганы айтылып жүрөт. Акинфеев 2008-жылдан баштап ЦСКАнын администраторунун кызы Валерия Якунчикова менен жолугуп жүргөн, бирок 6 жылдан соң экөө эки ача жолго түшүшкөн. Ал эми Акинфеевдин аялы бар экендигин коомчулук 2014-жылы футболчу уулдуу болгондо гана билген. Игордун жубайы – украиналык модель Екатерина Герун. Экөө 2015-жылы сентябрда Евангелина аттуу кыздуу да болушкан.

«Руки вверх!» тобунун солисти Сергей Жуков Игордун эң жакын досторунун бири. Экөө 14 жылдан бери достошуп келе жатышат жана 2 ырды бирге жаздырышкан. Футболчу Жуковдун кызы Нинанын чокундурган атасы экендиги да белгилүү.

Игорь Акинфеев ушул убакка чейин ЦСКА клубун башкага алмаша элек. Кезинде «Бавария», «Манчестер Юнайтед» клубдары ага «куда түшүшкөн», бирок кандайдыр себептерден улам келишим түзүлгөн эмес. Ошондой эле Игордо «ПСЖ», «Арсенал» жана «Реал» клубдарына кетүү мүмкүнчүлүктөрү болгон. Анын учурда ЦСКАдагы жылдык маянасы 2 миллион евронун тегерегинде. Дүйнө чемпиондугунан кийин да ага «куда түшкөндөрдүн» саны өсөрү талашсыз.








ДАРБАЗАЧЫ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНЫП ЧОҢОЙГОН ЧЕРЧЕСОВ

Станислав Черчесов Түндүк Осетиянын Алагир шаарында үй-бүлөдөгү 4 кыздан кийин 1963-жылы жарыкка келген. Атасы автобус жана трамвайдын айдоочусу болуп иштесе, апасы үйдөгү чарбачылык менен алектенип, 5 баланы тарбиялаган. Тентек жана жалакай кичинекей Станиславды ата-энеси футбол секциясына беришет. Черчесов көп убакытка чейин дарбазачы да, чабуулчу да болуп ойноп, 14 жашка чыкканда гана дарбазачы болууну тандайт.

«Кичинекей кезимде эле кулагыма кимдир бирөө асмандан «Сен, бала, Москва «Спартагынын» дарбазасында турушуң керек» деп шыбыраган. Ал убакта мен дарбазанын штангасынын аралыгын да өздөштүрө элек болчумун. Бул табышмактуу ичимден чыккан добушка өзүмдү оңой эле ишендирдим. Башкалар бала чагында космонавт же өрт өчүрүүчү болууну кыялданса, мен «Спартактын» дарбазачысы болууну кыялданып чоңойдум»,- деп айтат Черчесов.


ДАСАЕВДИН ДУБЛЁРУ

1980-жылы Черчесов Орджоникидзе шаарындагы дене тарбия институтуна тапшырат да бир жылдан соң «Спартактын» жергиликтүү филиалынын дарбазачысы болот. 1984-жылы Москвадагы «Спартакка» өтүп, атактуу дарбазачы Ринат Дасаевдин дублёру болуп бекийт. Черчесов алгачкы оюндарда ийгиликсиз ойноп, көп топторду өткөрүп жиберет, бирок Станиславдын талантын байкаган башкы машыктыруучу Константин Бесков аны командада калтырат. Черчесов эстегиси келбеген эң ыңгайсыз учур – бул 1987-жылы СССРдин чемпиондугунда «Спартактын» «Жальгириске» 2:5 эсебинде жеңилип калуусу. Анда дарбазага кирген бардык голдордун күнөөкөрү Черчесов болгон.

«Осетиядан Москвага 20 жашымда келдим. Ал убакта мен мода деп ойлоп, тон кийип алган элем. Тон кийип турганымды көргөн Дасаев ошол замат эле мени «Бабай» деп атап койду»,- дейт өзү каймана аты тууралуу.


ОЮНЧУДАН МАШЫКТЫРУУЧУЛУККА

Андан соң Станиславга ийгилик жылмайып, ал ойногон «Спартак» 1989-жылы СССРдин чемпиону болот. Ошондон тартып Черчесов өлкөнүн эң мыкты дарбазачысы наамын көпкө чейин бербейт. Ал «Спартактан» башка Германиянын, Австриянын белгилүү клубдарында да ойногон.

1990-жылдан баштап СССРдин, кийин Орусиянын курама командасынын курамында ойноп, дүйнө жана Европа чемпиондуктарынын ар бирине 2 жолудан катышкан.

2002-жылдын аягында футболчу катары карьерасын жыйынтыктаган соң жогорку машыктыруучулук курсту аяктап, бир нече клубдун оюнчуларын машыктырган.

Ал 2016-жылдын август айында 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугу аяктаганга чейин Орусия курамасын жетектөө боюнча келишимге кол коёт. Маалыматтарга караганда, Черчесов бул 2 жыл ичинде 1 жарым миллион евро маяна алмакчы.

«Командада супер-профессионалдар чогулуп калышы мүмкүн. Бирок сүрөттөп айтканда, алардын ар бири өз партиясын ойнойт, бирөөсү Моцартты ойносо, экинчиси Бахты, дагы бири Бетховенди. Моцарт менен Бетховенди бир убакта ойноого болбойт, анда эч ким эч нерсе түшүнбөй калат. Ошондуктан дирижёрдун тапшырмасы – бүгүн Моцарт же Бахтын бирөөсүн ойноону чечүү»,- дейт машыктыруучу футбол философиясы жөнүндө.


УУЛУ ДА ДАРБАЗАЧЫ

Орусия курамасынын башкы машыктыруучусунун аялы Алла кесиби боюнча англис тили мугалими. Экөөнүн ортосунда Мадина аттуу кызы жана Станислав аттуу уулу бар. Черчесов-кичүүсү менен атасы экөөнүн аттары эле уйкаш эмес, уулу атасынын жолун улап келет. Башкача айтканда, Черчесовдорду дарбазачылар династиясы деп койсо да болот. Станислав-кичүүсү алгач Москванын «Динамосунун» дарбазасын коргоп жүрсө, учурда Новороссийсктин «Черноморец» клубунда ойнойт.

Орусия менен Испания курамаларынын оюнчулары бири-биринин дарбазасына пенальти тебишип жатканда аларды эмне үчүн карабаганы жана кубанганын билдирбегени тууралуу журналисттердин суроосуна «Мен таблону карап турдум, жакшы табло экен. Турнир эми гана башталып жатат, эмоцияны сактоо керек»,- деп жооп берди.




Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан