Жылдыздар турмушунан
Съездбектин үйүнө конокко барсак, жеңебиз жумуштан жаңы эле келиптир. Ал эми Съезд менен таттуу кызы кечки тамакты даярдап жүрүшүптүр. Босогону аттаарыбыз менен Даткайым чуркап келип колдон тартып, конок бөлмөнү көздөй жетелеп жөнөдү. “Келгиле, өткүлө, салаттан жейли. Папам экөөбүж жасап койдук” деп божурап жатты.
ЧАЙ ҮСТҮНДӨГҮ МАЕК
– Съезд байке, бул тамды сатып алдыңыз беле же өзүңүз курдуңузбу?
– Бул үйдү ата-энем «балдарыбыздын бирине» деп 1986-жылы алып коюшкан экен. 2006-жылы үйлөнүү тоюмда мага белек кылышты. Ошентип, үй менин атымда. Бойдокчулук кезде бул үйдө Камчы Сарыбаев, Тынчтыкбек Кожобеков, Айбек Дайырбеков жана башка балдар болуп далай отуруштарды өткөрөт элек. Баарыбыз чогулуп келип эле ызы-чуу түшүп калчубуз. Кээде алар тамашалап «Съездбектин таза пиалага куюлган кызыл чайын аяшыбыз келип эле ичип калбадыкпы» деп калышат. Анда мен да атайлап пиаланы жуубай чай куюп берип, «ошол күндү бир эстеп койгула» дейм.
– Жаркынай үйдө жок болгон убакта конок келсе кантип каршы аласыз?
– Кадимкидей эле, «ашың жок болсо кашың болсун» дейт го. Тамак даярдабасам да, бир чыны чайды өзүм эле берип конок күтөм. Негизи эле ашканага кирип, Жаннага жардамдашам десем туура эмес болуп калат. Жеңеңер менсиз эле үй жумуштарын «талкалап» салат. Анын үстүнө азыр үйдө эки кайын сиңдиси бар, кол-кабыш кылышат.
– Жаркынай, үйгө кайын журтуңуз, дос-туугандар көп келсе керек?
– Ооба. Апам (кайненеси) бир айда бир келбей калса, кадимкидей сарсанаа болуп айылга жетип барабыз. Кайын журт келгенде кабак түйбөйм, кайра кубанам. Урмат Усенов, Замир Арыкбаев менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Бири-бирибиздикине тынбай конокко барабыз. Айтор, үйүбүзгө ким келбесин, эшигибиз да, маанайыбыз да ачык!
Бурул Исмаилова
star@super.kg