АСКАРБЕК ШАДИЕВге ДАГЫ БИР КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

Мурдагы биринчи вице-премьер, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевге «Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу» беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголду. Ушул жылдын 28-апрелинде Шадиевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага «2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн» деген айып коюлган.

1-июнда УКМКнын маалыматына караганда, Шадиев Лейлек району аркылуу Тажикстанга өтүп кеткен. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан