Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында футбол боюнча Дүйнө биринчилигинде Бельгия-Япония беттеши орун алды. Жарым чейрек финалдык оюн жыйынтыкталган соң Бельгиянын дарбазачысы Симон Миньоле Твиттер баракчасынан күйөрманын издеп жаткандыгын жазды. Күйөрман аталган оюнда «Ливерпуль» футболдук клубунун футболкасын кийип келип, колунда «Миньоле, мага футболкаңды бере аласыңбы?» деп жазылган плакат кармап турган.
Дарбазачы издеген күйөрман 21 жаштагы кыргыз жигити Арсен Алтыбаев экендиги аныкталып, ал Дүйнө чемпиондугуна барууну 8 жыл мурун эле кыялданганын айтат. «Футболду абдан жакшы көрөм. Анткени футбол адамдарды бириктирет. Бул окуядан кийин кыялдар орундаларына дагы бир ирет ынандым. Миньоле мени байкап кол чапкан, бирок жаныма келген эмес. Бирок мен үмүтүмдү үзбөй оюн бүткөнгө чейин колумдагы плакатты түшүргөн жокмун. Оюн бүткөндөн кийин тааныштарым Миньоле мени издеп жаткандыгын айтышты. Алгач ишенген жокмун, бирок Твиттердеги билдирүүсүн көрүп аны менен байланышканга аракет кылдым, азырынча жооп бере элек»,- дейт футбол сүйүүчүсү.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg