Үй шартында жасалган кыямдар – эң мыкты десерт жана витаминдердин топтому. Кыямда витаминдер көп сакталсын десеңиз, мөмөлөрдү кайнатпоого аракет кылыңыз. Биз сунуштаган витаминдүү, жыпар жыттуу, тунук, таттуу кыямдар жашооңузду мындан да таттуу кылат деген ойдобуз.МАЛИНА КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Малина – 1 килограмм
Кумшекер – 1,3 килограмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Малинаны тазалап, үстүнө кумшекерди салып, кол менен эзип алабыз. Эгер мөмөлөр бүтүн бойдон сакталсын десеңиз, анда малинанын үстүнө кумшекерди себелеп салып, ширеси бөлүнүп чыкканча, 7-8 саатка тыныктырып коюу керек.
2. Эзилген же болбосо ширеси чыккан малинаны бууланган банкаларга салып, сыртынан 20-25 мүнөт кайнатабыз.
3. Банкалардын капкагын бекем жаап, салкын жайда сактайбыз.ӨРҮК КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Өрүк – 1 килограмм
Кумшекер – 600 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кыямдын бул түрүнө өтө эзилип бышпаган мөмөлөр керектелет. Өрүктү жууп, ортосунан жарып, данегин алып салабыз.
2. Банкаларды жууп, буулап алабыз да, кезектештирип өрүк менен кумшекерди кат-кат кылып болушунча ныктап салабыз. Өрүктөн шире бөлүнүп чыгышы үчүн 2 саатка тыныктырып коёбуз. Биз сунуштаган азыктардан 0,5 литрлик 2 банка кыям чыгат.
3. Өрүк толтурулган банкаларды суусу бар мискейге салып, сыртынан 20-25 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын капкагын бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.КУЛПУНАЙ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Лимон – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды жууп, тазалап чарага салабыз. Үстүнө кумшекерди себелеп, лимондун ширесин сыгып кошуп, 6-7 саатка тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта ширеси бөлүнүп чыгат.
2. Акырын ширесин куюп алып, 10 мүнөт жай отто кайнатабыз да, кулпунайдын үстүнө жаба куябыз. Дагы эки жолу ушинтип ширесин бөлүп алып кайнатабыз. Аягында кулпунайды бууланган банкаларга бөлүп салып, үстүнө сиропту куюп банканын оозун бекитебиз. Кышкыга витаминдүү кыям даяр!
Эскертүү! Кыямдагы мөмөлөр формасын жоготпой бышсын десеңиз, аны көп эмес, бир жасаганда 3-4 банкалык кылып жасаганыңыз туура.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg